Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Каран түндөгү ак жарык же жүрөккө медер болгон кыргыз биримдиги

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүТажикстандын аткылоосунан жабыркаган Баткен облусунун Капчыгай айылынын тургундары
Тажикстандын аткылоосунан жабыркаган Баткен облусунун Капчыгай айылынын тургундары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2022
Жазылуу
Ар бир элдин өзүнө таандык уникалдуулугу, өзгөчө сапаты болот. Кыргыздын өзгөлөрдөн айырмасы — биримдигинде.
Кыйынчылык түшкөндө бир туунун алдына бир кишидей бириге калмайыбыз бар. Муну далилдөө үчүн тарыхты аңтара алыс барбай эле 2020-жылдагы дүйнөнү каптаган коронавирус апаатындагы кыргыздардын уюшкандыгы менен кечээки тажиктердин кыргыз элине жасаган кандуу баскынчылыгында ынтымагын айтуу жетиштүү.
16-сентябрь күнү Тажикстан Баткенге кол салганда карапайым эл арасындагы активисттер дароо чогулуп, гумжардам чогултуу ишин колго алышты. Ага шаардыктар тамак-аш, акча-тыйын, кийим-кече, төшөнчүдөн өйдө колунан келген жардамын ташып келди.
Ушуну менен тажиктер бешинчи жолу басып кирип жатат. Мындай азапты мурда көргөн эл бийликти карап отурбай өздөрү эле эвакуациялана баштаган. Миномёттун үнүнөн коркуп чырылдап, кырдан ылдый качкан бала-бакыра менен аялдарды "менин машинама отургула" деген кишинин видеосун баарыбыз эле көрдүк. Ал киши балдарга кайрат айтканы менен өзү да жашып жатты. Мындай видеолордун далайын жүрөгүбүз сыйрылып, көзүбүз жашка толуп көрдүк. Жыйынтыгында чек арага жакын аймактан 140 миңдей адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.
Баткендиктерди үйүнө жаткырып, канча күн болсо да багабыз деген адамдар четтен чыкты. Кичине балдардан өйдө "үй бар" деген жазууну кармап жол боюнда турган сүрөттү көрүп жаттык.
Муну менен катар Бишкек, Ошко качып баргандарды бекер жеткиребиз деген таксисттер да аэропорттордо "баткендиктерге такси бекер" деген жазууну кармап тизилип турушту. Ушунун баарын көрүп кантип жашыбайсың да, кантип чыйралбайсың.
Баткен элине өлкөнүн жети дубанынан гумжардам жөнөтүлүп жатты. Чет мамлекетте жашаган кыргыздар да атайын ачылган эсепке акча которуп же дрон, пауэрбанк өңдүү керектүү каражаттарды алып жиберишкенин билебиз. Бул убактарда жалпы 200 миллион сомго чейин акча чогулган. Чек арада каза болгон чырактай жаш жоокерлерди жоктоп турган жүрөк гуманитардык жардам чогултуп буту-бутуна тийбей чуркаган балдарды, так маалыматтарды ар кайсы тилге которуп, улам таратып жаткан билимдүү жаштарды көрүп туннелдин ар жагында жарык пайда болгондой сезимге тушуктук. "Уучубуз кур эмес экен, келечегибиз бар" деп көздөн аккан жашты аарчып, топук кылып жаттык.
Түнгө чейин аткылашкам, күйгөнүмдү кийин билдим. Чек арачы Зулпидиндин видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Түнгө чейин аткылашкам, күйгөнүмдү кийин билдим. Чек арачы Зулпидиндин видеосу
Социалдык желелерде боордош казак эли бул ынтымагыбызга "бали" десе, кол салган тажиктер чычалаганын жашырган жок.
Пандемия маалында да элибиз бириге калып, акча чогултуп, чет жактагы жарандарыбыз миллиондогон сомдорго дем алдыруучу концентратор, ИВЛ аппараттарын, дары-дармек алып салып турушканына күбөбүз. Чынын айтканда канчалаган бейтаптарды ыктыярчы жаштарыбыз аман алып калган. Элибиздин күчү биримдикте экени айныгыс чындык эмеспи.
Кечээ да Ак-Ордо-3 жаңы конушу жакшы иштин жышаанын майрамдашты. 80 жаштагы үйү жок, кызы менен батирлеп жүргөн энени эл квартал башчысынын демилгеси менен ак өргөөлүү кылды. Жер тилкесин берген Элнура Алсеитовага да ыраазычылык билдиребиз. Ошол жерден да элдин биримдигине баа бердим. Бири мыгын, бири кирпичин, терезесин, эшигин алып келип жатып эле бардык шарты менен үй куруп берип коюшту. Үйдүн ичине ысык суу, муздак суусунан бери киргизип, жылуулук менен да камсыздалган. Мурда Мөөркан апа шарты жок батирде жашап, кышы менен үй ичинде курткасын чечпей ооруп чыкчу. Быйылкы кыш апаны анчалык азапка сала албасын ойлогондо мен да кудуңдап алам. Анткени жумуштан кийин же дем алыш күндөрү коңшу үйдө муздак, аңылдаган батирде турган апанын ден соолугун сураганы барып, баштан өткөн оор күндөрүн угуп далай ирет жүрөк сыйрылып, кошо кейигем.
Бекеринен эпостордо "түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз" деп айтылган эмес окшойт. Четте карап турбай кыйынчылыкта "бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаруу " каныбызда бар турбайбы дедим.
Бул бир жума ичинде мен күбө болгон бир жакшылык болсо, экинчи ак жарык мамлекеттин башына иш түшкөндө бир муштумдай түйүлгөн жаштар болду. Бул каран түндөй каптаган азаптуу күндөрдөгү биздин бири-бирибизге чачкан шоолабыз болду, мекендештер!
Мындай ынтымакка өнүккөн өлкөлөр да жете албай жатышы мүмкүн эмеспи. Бул — биздин өзгөчөлүгүбүз.
"Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган" элди эч ким жеңе албайт. Ушунубуздан жазбайлы, элим, жарыгыбызды чачып жүрөлү!
Коштошуу аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Чек арага чептей туруп курман болгон кыргыздын кыраандары
Жаңылыктар түрмөгү
0