https://sputnik.kg/20221005/askerdin-soogu-tabyldy-1068655970.html
Кыргыз-тажик чек арасында бронежилет кийген жоокердин денесинин калдыктары табылды
Кыргыз-тажик чек арасында бронежилет кийген жоокердин денесинин калдыктары табылды
Sputnik Кыргызстан
Генетикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин Чек ара кызматы Дастан Анарбековду издөөнү улантат. 05.10.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-10-05T15:33+0600
2022-10-05T15:33+0600
2022-10-05T15:52+0600
кыргызстан
мамлекеттик чек ара кызматы
аскер
сөөк
экспертиза
чек арадагы жаңжал. кыргызстан менен тажикстандын тиреши
дастан анарбеков
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/05/1068655758_0:583:2603:2047_1920x0_80_0_0_9a9d787efca5aa2e485adbd073a7c5ff.jpg
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийинки ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө бронежилет кийген аскердин денесинин калдыктары табылды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, сөөктүн 90 пайыздан ашыгы жабыркаган. Мындан улам анын ким экенин аныктоо максатында дененин калдыктары соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн.ДНК-тесттин жыйынтыгы чыккан соң көз жумган аскердин ата-эне, жакындарына кошумча маалымат берилери айтылды. Ага чейин Чек ара кызматы Дастан Анарбековду издөөнү улантары кошумчаланды.Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан бери кыргызстандык аскер Дастан Анарбековдун дайыны чыкпай жатат. Мындан улам анын апасы Сауле Иманалиева президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, уулун издөө иштерин жеке көзөмөлгө алуусун өтүнгөн.Маалым болгондой, чек арадагы чырдан көз жумгандардын саны ушуну менен 63 болду.
https://sputnik.kg/20220921/feldsher-chek-arachy-medetbek-abdumalik-uulunun-erdigi-1068142419.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/05/1068655758_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_ffbb777df37e091e472ab7bcc7e6ff32.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мамлекеттик чек ара кызматы, аскер, сөөк, экспертиза, дастан анарбеков
кыргызстан, мамлекеттик чек ара кызматы, аскер, сөөк, экспертиза, дастан анарбеков
Кыргыз-тажик чек арасында бронежилет кийген жоокердин денесинин калдыктары табылды
15:33 05.10.2022 (Жаңыртылды: 15:52 05.10.2022) Генетикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин Чек ара кызматы Дастан Анарбековду издөөнү улантат.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийинки ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө бронежилет кийген аскердин денесинин калдыктары табылды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сөөктүн 90 пайыздан ашыгы жабыркаган. Мындан улам анын ким экенин аныктоо максатында дененин калдыктары соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн.
"Экспертиза табылган сөөк буга чейин изделип жаткан лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүн деген жыйынтык чыгарган. Бирок мындай корутундуга Анарбековдун туугандары макул болгон жок. Мындан улам алардын туугандык байланышын аныктоо үчүн керектүү материалдар ДНК-тесттен өткөрүү үчүн Казакстандын лабораториясына жөнөтүүгө даярдалды", — деп жазылат маалыматта.
ДНК-тесттин жыйынтыгы чыккан соң көз жумган аскердин ата-эне, жакындарына кошумча маалымат берилери айтылды. Ага чейин Чек ара кызматы Дастан Анарбековду издөөнү улантары кошумчаланды.
Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан бери кыргызстандык аскер Дастан Анарбековдун дайыны чыкпай жатат. Мындан улам анын апасы Сауле Иманалиева президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, уулун издөө иштерин
жеке көзөмөлгө алуусун өтүнгөн.
Маалым болгондой, чек арадагы чырдан көз жумгандардын саны ушуну менен 63 болду.