Кыргызстан 12 жылдык окууга өтүшү керекпи? Демилгенин күнгөй-тескейи

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучулар. Архив
Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2022
Жазылуу
Быйыл Билим берүү жана илим министрлиги ири реформалар тууралуу жар салган. Арасындагы 12 жылдык окуу тууралуу талаш азыркыга чейин токтой элек. Sputnik демилгенин оң жана терс жактарына баам салып көрдү.
Апрель айында мурунку билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандагы мектеп окуучулары алты жаштан тарта окуп нөлүнчү класс деген жоюларын билдирген. Республика даяр болсо 12 жылдык окууга 2024-2025-окуу жылында өтөрү май айында айтылган болчу.
Августта Бейшеналиев демилге бийлик тараптан колдоо тапканын жар салды. Ал эми сентябрь айында министр ири көлөмдө пара алды деп айыпталып, кечээ президенттин жарлыгы менен иштен алынды. Бейшеналиевдин кармалганына карабай реформага даярдык уланууда.
Sputnik Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн эки тарабын тең карап чыгып, ата-энелер, юридика илимдеринин доктору Тимур Иманкулов жана Билим берүү министрлигинин мектепте билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын жетекчиси Самаркүл Умралиева менен баарлашты. Материалда, мындан тышкары, министрлик тарабынан буга чейин жарыяланган расмий маалыматтар да камтылган.

Дүйнөлүк трендби же ашыкча баш оорубу?

Министрлик 12 жылдык окуу системасы чет жакта окуйм деген бүтүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу деп жатат, анткени бул жалпы дүйнөлүк тренд. Самаркүл Умралиеванын айтымында, 11 жылдык окуудан улам кыргызстандыктар чет өлкөдөн билим алууда бир топ кыйынчылыктырга тушугууда. Аталган система дүйнөнүн 136 мамлекетинде иштеп келет, мындан улам Кыргызстандын аттестаттарын ал өлкөлөр оңой тааныйт.
Буга каршы да пикир бар. Тимур Иманкулов жаңы система бүтүрүүчүлөр үчүн ашыкча баш ооруга айланат дейт, себеби көбү Евразиялык экономикалык биримдик менен Россиянын окуу жайларына тапшырат.
© Sputnik / Табылды КадырбековЮрист Тимур Иманкулов
Доктор юридических наук Тимур Иманкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2022
Юрист Тимур Иманкулов
"Бул реформанын максаты кандай? Биздин дипломдорду ЕАЭБ мамлекеттеринин стандартына туура келтирбей коюубу? Биз евразиялык мейкиндикте өкүм сүргөн эрежелерге ылайыкташуубуз кажет. 12 жылдык окуунун аттестатын россиялык стандартка кандай кылып ылайыкташтырабыз? Россия менен Европага тапшырган студенттердин санын салыштырсак эле баары ачык көрүнүп жатпайбы", — деди юрист.
Умралиева 12 жыл билим берген Пакистан менен Индияны мисал келтирди.
"Ар бир өлкө мектептеги же жогорку билими тууралуу документтердин эквиваленттүүлүгү боюнча протокол түзөт. Ал документте аттестаттардын эквиваленттүүлүгү макулдашылат. Мисалы, Пакистан жана Индия Россия менен ушундай протокол түзүшкөн, ага ылайык, эки өлкөдөгү 12 жылдык окуу Россиядагы 11 жылдык окууга туура келет", — деди министрликтин өкүлү.

Ата-эне кыйналбайбы?

Министрлик баланын мектепке кыйналбай өтүп кетишин 12 жылдык окуунун артыкчылыктарынын бири деп мүнөздөөдө.
Иманкуловдун айтымында, мектепке чейинки даярдоо системасы менен биринчи класстын карым-катышы азыр деле жакшы. Айрым ата-энелер жумушунан улам алты жаштагы баласын 10 сааттык режим менен иштеген бала бакчага берип койгону ыңгайлуу экенин, 12 жылдык билим берүү кирсе баланы карай турган киши табуу керектигин айтышууда. Анын үстүнө алты жаштагы баланын баары эле окууга даяр болбойт деген пикирлер да жаңырып жатат.
Умралиева программа балдардын жаш курактагы өзгөчөлүгүн эске алуу менен өзгөртүлөрүнө ишендирүүдө. Анын айтымында, керек болсо алты жаштагы биринчи класстын окуучусунун портфели кандай салмакта болушу керектигинен өйдө каралып жатат.
Календарь каникул - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2022
Кыргызстандагы окуучулар качан каникулга чыгышат? 2022/2023-жылдын календары

Мектептер толуп, бакчада бала азаябы?

Министрлик балдарды алты жашынан тарта мектепке кабыл алуу бала бакчалардын жүгүн жеңилдетип, бөбөктөрдүн (мисалы, эки жаштан баштап) кичине кезинен тарта бакчага баруусун камсыздайт деген пикирде. Бүгүн, тилекке каршы, орундун жоктугунан балдардын баары эле бакчага бара албайт.
Ведомство система жаңычылдыкка өтүүгө даяр экенин билдирди: өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жардамы менен акыркы бир нече жыл ичинде мектепке чейинки даярдоочу 4 миңдей класс даярдалып, жабдылган. Аларга жыл сайын 5,5-6,5 жаштагы 102-107 миң бала барат (бул 1-класска бара турган балдардын 70 пайызы).
Иманкулов борбор калаадагы мектепте бир класста эки эсе көп окуучу билим алып жаткан шартта нөлүнчү класс кайда окуйт деген суроо салды.
"Баламды мектепке алып барсам дагы 12 биринчи класс бар экен! Азыр уулум 6-класста. Алты жылдан бери баланын көптүгүнөн үчүнчү сменада окуп келет. Мектепке кошумча болуп салынган имарат деле жардам бербеди. Кабинет жетишпесе нөлүнчү класстын балдары кайда окуйт?" — деп таң калды маектеш.
Ал мектепке чейин даярдоо класстарында ансыз да балдардын 70 пайызы окуса кошумча класстын эмне кереги бар экенин түшүнбөй жатканын айтты. Иманкуловдун айтымында, материалдык-техникалык база боюнча да суроо арбын, анын ичинде балдардын иче турган тамагы да бар.
Министрликтин өкүлү реформага даярдык көрүүнүн алкагында мыйзам аспектилеринен тарта балдар окуй турган жайларга чейин бардык маселе эске алынып жатканын билдирди.
© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваБилим берүү министрлигинин мектепте билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын жетекчиси Самаркүл Умралиева
Начальник Управления политики школьного образования и книгоиздания Минобрнауки Самаркул Умралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2022
Билим берүү министрлигинин мектепте билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын жетекчиси Самаркүл Умралиева
"Реформа камтый турган балдардын саны боюнча өзүнчө топ иштеп жатат. Алардын санын эсептеп чыккан соң болжолдуу маалымат ала алабыз. Кийинки аракеттер ошонун негизинде жүрөт. Канча орун керектелерин карап, азыр иштеп жаткан мектептердин долбоордогу сыйымдуулугу менен бүгүнкү күндөгү абалын салыштырабыз", — деди Умралиева.
Ал азыр Кыргызстанда жаңы мектептер салынып жатканын, Бишкекте 15 окуу жай ишке берилерин белгиледи. Мындан тышкары, Россия жана Азербайжан менен кызматташуунун алкагында ири долбоорлорду ишке ашыруу каралган.

Балдардын жүгү жеңилдейби?

Министрлик окуу программасы окуу жүктөмүн жеңилдетүүгө жана 12 жылга теңме-тең бөлүүгө ыктап өзгөртүлөрүн белгиледи. Адистердин айтымында, бул балдардын ийримдерге, спорттук секцияларга катышуусуна жана эс алуусуна убактысын көбөйтөт.
"Окуу сааттарын кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, бул — реформанын артыкчылыгы. Дүйнө коомчулугу дал ушул багыт менен бара жатат. Жүктөмдү азайтуу менен балдардын эстетикалык, руханий жана спорттук өнүгүүсүнө көбүрөөк көңүл буралы деп жатабыз", — деди Умралиева.
Бирок Иманкулов буга макул эмес.
"Бир жыл көбүрөөк окуганы жатса кайдагы бош убакыт? Жүктөмдү, мисалы, билим берүү программаларын оптимизациялоо менен 12 жылдык окууга өтпөй эле азайтса болот", — деди юрист.

Алты жаштагы балдарды ким окутат?

Иманкуловдун айтымында, реформанын тарапташтары "кошула турган окуучуларды окутчу кадрлар каяктан алынат?" деген суроого да жооп бериши керек.
Умралиева педагогдордун жетишсиздиги боюнча көйгөй Бишкек менен Чүйдөгү орус тилдүү мектептерде гана курч турарын, бирок Нарын же Ысык-Көлдө мындай маселе жок экенин белгиледи.
"Анын үстүнө быйыл педагогика багыты боюнча окууга тапшырган абитуриенттердин саны кескин көбөйдү", — деп кошумчалады ал.

Балдар кайсы китептер менен окушат?

Тимур Иманкулов Кыргызстандагы окуу китептери боюнча кыйынчылыктар 12 жылдык билим берүүгө өткөндө жоюлуп кетпейт деген пикирде. Анын айтымында, абал, тескерисинде, оорлойт.
Ал эми Самаркүл Умралиева адистер ушу тапта китептин кагаз жана электрондук вариантын карап жатканын айтып жооп берди.
Бишкекте окуу жылынын башталышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2022
Окуучулар үчүн киргизилген быйылкы саамалыктар
Жаңылыктар түрмөгү
0