Захарова: Блинкен АКШнын "Түндүк агымга" чабуул жасоо ниети болгонун ачыктады

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова. Архив
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2022
Жазылуу
Кремль болгон окуяны террордук акт деп баалоодо.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Америка менен НАТОнун "Түндүк агым" жана "Түндүк агым — 2" түтүктөрүнө чабуул жасоого себеби болгонун ачык эле айтты. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Telegram-каналына жазды.
"Блинкен уялбай-этпей эле АКШ менен НАТО боюнча өнөктөштөрүнүн "Түндүк агым" жана "Түндүк агым — 2" түтүктөрүн жок кылууга себеби болгонун айтты", — деди Захарова.
Ал Америка дипломатиясынын башчысы Канаданын тышкы иштер министри Мелани Жоли менен чогуу өткөргөн маалымат жыйында АКШда суюлтулган газдын өндүрүшү өркүндөп, Вашингтон Европада россиялык көгүлтүр отту дал ушул газ менен алмаштырууга белсенип жатканын билдиргенин эске салды.
"Кандай болгон күндө да бул россиялык энергиядан болгон көз карандылыктан биротоло кутулуу үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк. Жакынкы жылдарга ири стратегиялык ийгиликтерге жол ачат”, — деген Блинкен.
ТИМ өкүлү мамлекеттик катчынын Москваны энергоресурстан алчу пайдадан ажыратуу мүмкүнчүлүгү тууралуу да айтканына көңүл буруп, Россия энергияны курал сымал колдонуп жатат деген сөзүн четке какты. Захарова Москва жарым кылымдан бери Европага үзгүлтүксүз газ жөнөтүп жатканын эске салган.
"Түндүк агым" жана "Түндүк агым — 2" куурларынан газ чыгып жатканы 26-сентябрь күнү белгилүү болгон. Nord Stream AG оператор-компаниясы буга чейин мындай авария болбогонун, калыбына келтирүү иштеринин мөөнөтүн болжоп болбой турганын билдирди.
Швециянын сейсмологиялык борбору газ чыккан жерде суу алдында ири жарылуулар болгонун каттаган. Германия менен Дания бийликтери кырсык атайылап жасалышы мүмкүн экенин айтты.
Буга чейин РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова НАТО аталган аймакта суу тереңинде колдонулуучу жабдуу менен окутуу жүргүзгөнүн билдирген.
Ал эми Кремль болгон окуяны террордук акт деп баалоодо. Россия президенти Владимир Путиндин айтымында, "англосактар санкцияга ыраазы болбой" эми жалпы европалык энергетикалык инфраструктураны жок кылууга өтүштү.
Батыштын санкцияларынан улам Siemens турбиналарын оңдоодо маселе жаралгандыктан "Түндүк агымдын" иши августтун аяк ченинен тарта токтогон. Ал эми 2021-жылы курулуп бүткөн "Түндүк агым — 2" ишке берилген эмес. Анткен менен эки түтүктө тең газ бар болчу.
Роскосмос корпорациясы Түндүк агымдагы кырсыктын спутниктен тартылган сүрөттөрүн  жарыялады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2022
"Роскосмос" "Түндүк агымдагы" кырсыктын спутниктен тартылган сүрөттөрүн жарыялады
Жаңылыктар түрмөгү
0