Арактан ара жолдо калып... Океевдин "Улан" тасмасындагы кызыктуу ирмемдер
Арактан ара жолдо калып... Океевдин "Улан" тасмасындагы кызыктуу ирмемдер
Sputnik Кыргызстан
Мындан 45 жыл мурун белгилүү кинорежиссёр Төлөмүш Океев "Улан" тасмасын көрүүчүлөрдүн назарына тартуулаган. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган... 01.10.2022, Sputnik Кыргызстан
СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев өз эмгегинде ичкиликке берилип үй-бүлөсү, жумушунан айрылып, соңунда түрмөгө камалган Азаттын тагдырын көрсөткөн. Кинофильмдин көпчүлүк бөлүгү көл жээгинде тартылган. Анда башкы ролду Сүймөнкул Чокморов менен Наталья Аринбасарова аткарып, Советбек Жумадылов, Асанкул Куттубаев, Жамал Сейдакматова, Асанбек Умуралиев да катышкан."Уланды" кино сүйүүчүлөр жакшы кабыл алып, тасма бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган. Алсак, 1978-жылы Еревандагы Бүткүл союздук XI кинофестивалда Төлөмүш Океев мыкты режиссёрдук иши жана Сүймөнкүл Чокморов эркектин ролун өтөсүнө чыгара аткаргандыгы үчүн сыйлыкка ээ болушкан. Андан сырткары, Ташкенттеги V Азия, Африка, Латын Америка өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалында ошол эле номинацияларды жеңген.Тема боюнча:
Мындан 45 жыл мурун белгилүү кинорежиссёр Төлөмүш Океев "Улан" тасмасын көрүүчүлөрдүн назарына тартуулаган. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган кинокартинадагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев өз эмгегинде ичкиликке берилип үй-бүлөсү, жумушунан айрылып, соңунда түрмөгө камалган Азаттын тагдырын көрсөткөн. Кинофильмдин көпчүлүк бөлүгү көл жээгинде тартылган. Анда башкы ролду Сүймөнкул Чокморов менен Наталья Аринбасарова аткарып, Советбек Жумадылов, Асанкул Куттубаев, Жамал Сейдакматова, Асанбек Умуралиев да катышкан.
"Уланды" кино сүйүүчүлөр жакшы кабыл алып, тасма бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган. Алсак, 1978-жылы Еревандагы Бүткүл союздук XI кинофестивалда Төлөмүш Океев мыкты режиссёрдук иши жана Сүймөнкүл Чокморов эркектин ролун өтөсүнө чыгара аткаргандыгы үчүн сыйлыкка ээ болушкан. Андан сырткары, Ташкенттеги V Азия, Африка, Латын Америка өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалында ошол эле номинацияларды жеңген.
Белгилүү киноактриса, СССРдин эмгек сиңирген артисти Наталья Аринбасарова менен залкар режиссёр, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев. Ысык-Көл облусу, 1977-жыл
Сүймөнкул Чокморов менен Төлөмүш Океев кезектеги эпизодго ресторандын ичинде даярданууда. Экөө көптөгөн кинокартиналарда иштешкен жана жакшы мамиледе болгон
СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Наталья Аринбасарова менен Кыргыз ССРинин эл артисти, кинооператор Кадыржан Кыдыралиев. Кинофильмде Аринбасарова башкы каарман Гүлсаранын ролун жаратып, таланттуу Кыдыралиев операторлук кызматта болгон.
"Уланды" жараткандар. Биринчи катарда оңдон солду көздөй турган "Улан" тасмасынын директору Валерий Скрыльников, экинчи режиссёр Константин Орозалиев, сүрөтчү-коюучу Совет Агоян, оператор Кадыржан Кыдыралиев, Кыргыз ССРинин Кинематография мамлекеттик комитетинин төрагасы Марклен Баялинов, жазуучу Чыңгыз Айтматов, актриса Гүлсара Ажыбекова, режиссёр Төлөмүш Океев турат. Ал эки экинчи катарда оңдон солду карай отурган драматург Эркин Борбиев, актёр Советбек Жумадылов жана Сүймөнкул Чокморов.