Эл эмгектен эскерсин. Мамлекеттик ишмер Арстанбек Дүйшеевдин сүрөттөгү ирмемдери
Эл эмгектен эскерсин. Мамлекеттик ишмер Арстанбек Дүйшеевдин сүрөттөгү ирмемдери
Sputnik Кыргызстан
Быйыл мамлекеттик жана коомдук ишмер Арстанбек Дүйшеевдин 90 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт. 24.09.2022, Sputnik Кыргызстан
Сентябрь айынын башында президент Садыр Жапаров Арстанбек Дүйшеевге Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын ыйгарды.Арстанбек Дүйшеев 1932-жылы 16-сентябрда Чүй облусундагы Кичи-Кемин айылында жарыкка келген. Балалыгы согуш жылдарына туш келип, элеттеги мектепте билим алып чоңойгон. Андан соң Айыл чарба институтунан ветеринар адистигин алып, Жумгал, Тоң районундагы чарбаларда мал доктурлукту аркалап, кийин колхоздун башчысы болгон. 1960-71-жылдары Жумгал райкомунун экинчи катчысы, Өзгөн райкомунун жана Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы болуп эмгектенген.Мамлекеттик ишмер бир топ жогорку кызматтарда иштеп, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы, СССР Жогорку Советинин президиумунун төрагасынын орун басары, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген. Пенсияга чыккандан кийин, 1986-2003-жылдары, Ветеринария илим-изилдөө институтун жетектеген.Айыл чарбага эмгек сиңирген кызматкер, ветеринария илимдеринин кандидаты 2003-жылы 71 жашында дүйнөдөн кайткан.Тема боюнча:
Быйыл мамлекеттик жана коомдук ишмер Арстанбек Дүйшеевдин 90 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Сентябрь айынын башында президент Садыр Жапаров Арстанбек Дүйшеевге Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын ыйгарды.
Арстанбек Дүйшеев 1932-жылы 16-сентябрда Чүй облусундагы Кичи-Кемин айылында жарыкка келген. Балалыгы согуш жылдарына туш келип, элеттеги мектепте билим алып чоңойгон. Андан соң Айыл чарба институтунан ветеринар адистигин алып, Жумгал, Тоң районундагы чарбаларда мал доктурлукту аркалап, кийин колхоздун башчысы болгон. 1960-71-жылдары Жумгал райкомунун экинчи катчысы, Өзгөн райкомунун жана Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы болуп эмгектенген.
Мамлекеттик ишмер бир топ жогорку кызматтарда иштеп, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы, СССР Жогорку Советинин президиумунун төрагасынын орун басары, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген. Пенсияга чыккандан кийин, 1986-2003-жылдары, Ветеринария илим-изилдөө институтун жетектеген.
Айыл чарбага эмгек сиңирген кызматкер, ветеринария илимдеринин кандидаты 2003-жылы 71 жашында дүйнөдөн кайткан.
Өзгөн райкомунун биринчи катчысы жакшы жыйынтыктарды көрсөткөндүктөн 1968-жылы Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетине катчы кызматына чакырылган
Өзгөн райкомунун биринчи катчысы жакшы жыйынтыктарды көрсөткөндүктөн 1968-жылы Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетине катчы кызматына чакырылган
Мамлекеттик ишмер 1979-жылдан баштап 1981-жылга чейин Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы болгон. Ошол эле маалда СССРдин Жогорку Советинин президиумунун төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. Ал жылдары Дүйшеев эмгек өргүүгө кеткен Брежневдин убактылуу милдетин аткарган жайы да бар.