25 жыл министр болуп интернат, санаторий, оорукана курган Батыш Салиева. Сүрөттөрү

Жазылуу
Батыш Салиева 31 жашында Кыргыз ССРинин социалдык камсыздоо министри болгон. 25 жыл министр, 7 жыл республикалык профсоюздар кеңешинин төрайымы, анан да СССР Жогорку Советинин эки жолку депутаты болуп шайланган. Sputnik Кыргызстан Батыш Салиеванын сүрөттөрүн сунуштайт.
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Батыш Салиева — республиканын социалдык жактан өсүп-өнүгүшү үчүн ичкен ашын жерге коюп кызмат кылган инсан. Элге жакындыгынан министрди карылар үйүндөгү карыялар аны "апаке" деп чакырышкан.
Батыш Салиева Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында 1922-жылдын 1-июлунда жарык дүйнөгө келген. Апасы Анастасия — орус кызы. Болочок министр эң биринчи орус-кыргыз үй-бүлөсүндө туулган наристе, апасы кызына Надежда деген ысым ыйгарат. Кийин эл аны Батыш деп атап алган.
Бул кишинин аркасынан республикада жалпысынан 300 миң орундуу жети карылар үйү курулган. Согуштун катышуучулары үчүн 500 орундуу 10 гектар жери бар Төмөнкү Серафимовка айылындагы интернатты, карылар жана балдар үйлөрүн салган. Кыргызстан профсоюздар кеңешине төрайымдык кылган мезгилинде курорттук зоналарды, айрыкча, Ысык-Көл аймагын өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшаган. "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийи, "Чолпон-Ата", "Ала-Тоо" эс алуу жайлары салынган. Мындан тышкары, Спорт сарайы жана "Саякат" мейманканасы ишке киргизилген.
Салиева эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар жана Кыргыз ССРинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1985-жылы ардактуу эс алууга чыгып, 2015-жылы дүйнөдөн кайткан.
© Фото / из семейного архива Салиевых

Кыргыз ССРинин республикалык профсоюздар кеңешинин төрайымы Батыш Салиева иш кабинетинде, 1968-жыл

Кыргыз ССРинин республикалык профсоюздар кеңешинин төрайымы Батыш Салиева иш кабинетинде, 1968-жыл - Sputnik Кыргызстан
1/14

Кыргыз ССРинин республикалык профсоюздар кеңешинин төрайымы Батыш Салиева иш кабинетинде, 1968-жыл

© Фото / из семейного архива Салиевых

Батыш Салиева КПССтин ХХIV cъездинин делегаттарынын арасында. Москва, Кремль, 1971-жыл.

Батыш Салиева КПССтин ХХIV cъездинин делегаттарынын арасында. Москва, Кремль, 1971-жыл. - Sputnik Кыргызстан
2/14

Батыш Салиева КПССтин ХХIV cъездинин делегаттарынын арасында. Москва, Кремль, 1971-жыл.

© Фото / из семейного архива Салиевых

Даниянын өкмөт башчысынын резиденциясындагы ардактуу меймандар китебине кол тамга калтыруу учуру

Даниянын өкмөт башчысынын резиденциясындагы ардактуу меймандар китебине кол тамга калтыруу учуру - Sputnik Кыргызстан
3/14

Даниянын өкмөт башчысынын резиденциясындагы ардактуу меймандар китебине кол тамга калтыруу учуру

© Фото / предоставлено пресс-службой аппарата президента КР

Батыш Салиеванын Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп турган кези

Батыш Салиеванын Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп турган кези - Sputnik Кыргызстан
4/14

Батыш Салиеванын Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп турган кези

© Фото / из семейного архива Салиевых

Профсоюздардын VII дүйнөлүк конгрессинде Батыш Салиева СССРдин Илимдер академиясынын академиги Наталья Бехтерова менен. Будапешт (Венгрия), 1969-жыл.

Профсоюздардын VII дүйнөлүк конгрессинде Батыш Салиева СССРдин Илимдер академиясынын академиги Наталья Бехтерова менен. Будапешт (Венгрия), 1969-жыл. - Sputnik Кыргызстан
5/14

Профсоюздардын VII дүйнөлүк конгрессинде Батыш Салиева СССРдин Илимдер академиясынын академиги Наталья Бехтерова менен. Будапешт (Венгрия), 1969-жыл.

© Фото / из семейного архива Салиевых

Улуу Октябрдын 50 жылдыгына арналган иш-чарада, 1967-жыл

Улуу Октябрдын 50 жылдыгына арналган иш-чарада, 1967-жыл - Sputnik Кыргызстан
6/14

Улуу Октябрдын 50 жылдыгына арналган иш-чарада, 1967-жыл

© Фото / из семейного архива Салиевых

СССР Жогорку Советинин делегаттары Шри-Ланка республикасына учаар алдында аэропортто. Москва,1974-жылдын февраль айы

СССР Жогорку Советинин делегаттары Шри-Ланка республикасына учаар алдында аэропортто. Москва,1974-жылдын февраль айы - Sputnik Кыргызстан
7/14

СССР Жогорку Советинин делегаттары Шри-Ланка республикасына учаар алдында аэропортто. Москва,1974-жылдын февраль айы

© Фото / из семейного архива Салиевых

СССР Жогорку Советинин 8-чакырылышынын депутаттарын шайлоо боюнча борбордук шайлоо комиссиясы. Батыш Салиева комиссиянын мүчөсү болгон. Москва, 1970-жыл.

СССР Жогорку Советинин 8-чакырылышынын депутаттарын шайлоо боюнча борбордук шайлоо комиссиясы. Батыш Салиева комиссиянын мүчөсү болгон. Москва, 1970-жыл. - Sputnik Кыргызстан
8/14

СССР Жогорку Советинин 8-чакырылышынын депутаттарын шайлоо боюнча борбордук шайлоо комиссиясы. Батыш Салиева комиссиянын мүчөсү болгон. Москва, 1970-жыл.

© Фото / из семейного архива Салиевых

Кыргызстандык делегация иш сапарында. Москва,1971-жыл.

Кыргызстандык делегация иш сапарында. Москва,1971-жыл. - Sputnik Кыргызстан
9/14

Кыргызстандык делегация иш сапарында. Москва,1971-жыл.

© Фото / из семейного архива Салиевых

Салиева эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар жана Кыргыз ССРинин Ардак грамоталары менен сыйланып, 1985-жылы эс алууга чыккан.

Салиева эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар жана Кыргыз ССРинин Ардак грамоталары менен сыйланып, 1985-жылы эс алууга чыккан. - Sputnik Кыргызстан
10/14

Салиева эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар жана Кыргыз ССРинин Ардак грамоталары менен сыйланып, 1985-жылы эс алууга чыккан.

© Фото / из семейного архива Салиевых

Батыш Салиева кызы Розанын үй-бүлөсү менен

Батыш Салиева кызы Розанын үй-бүлөсү менен - Sputnik Кыргызстан
11/14

Батыш Салиева кызы Розанын үй-бүлөсү менен

© Фото / из семейного архива Салиевых

Батыш Салиева Данияда өткөн агроөндүрүш комплексине катышууга барганда түшкөн сүрөтү. Ал 25 жыл Кыргыз ССРинин социалдык камсыздоо министри болуп эмгектен. 1972-жыл.

Батыш Салиева Данияда өткөн агроөндүрүш комплексине катышууга барганда түшкөн сүрөтү. Ал 25 жыл Кыргыз ССРинин социалдык камсыздоо министри болуп эмгектен. 1972-жыл. - Sputnik Кыргызстан
12/14

Батыш Салиева Данияда өткөн агроөндүрүш комплексине катышууга барганда түшкөн сүрөтү. Ал 25 жыл Кыргыз ССРинин социалдык камсыздоо министри болуп эмгектен. 1972-жыл.

© Фото / из семейного архива Салиевых

Батыш Салиеванын кызы Роза Салиева үй-бүлөсү жана жакын туугандары менен тойдо

Батыш Салиеванын кызы Роза Салиева үй-бүлөсү жана жакын туугандары менен тойдо - Sputnik Кыргызстан
13/14

Батыш Салиеванын кызы Роза Салиева үй-бүлөсү жана жакын туугандары менен тойдо

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Япон профсоюз ишмерлери Кыргызстанга келген учуру (2-катарда оң жактан биринчи Батыш Салиева). Фрунзе. 1970-жыл.

Япон профсоюз ишмерлери Кыргызстанга келген учуру (2-катарда оң жактан биринчи Батыш Салиева). Фрунзе. 1970-жыл. - Sputnik Кыргызстан
14/14

Япон профсоюз ишмерлери Кыргызстанга келген учуру (2-катарда оң жактан биринчи Батыш Салиева). Фрунзе. 1970-жыл.

Тема боюнча:
Батыш Салиеванын кызы: апам жанды сабап иштөө керек деген принцип менен жашады
Мааракесин өткөрүүдөн баш тартып... Бексултан Жакиевдин сүрөттө калган элеси
Жаңылыктар түрмөгү
0