БУУда "Түндүк агымдагы" кырсык энергетика рыногунда көйгөй жаратары айтылды

© AP Photo / Andy WongКытайдын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Гэн Шуан. Архив
Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Гэн Шуан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2022
Жазылуу
Кытайдын өкүлү газ түтүгүнүн тешилип калышы Европадагы газ тартыштыгын ого бетер күчөткөнүн белгиледи.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. "Түндүк агымдагы" кырсыктан кийин Кытай транс чек аралык инфраструктуралардын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык тараптар менен иштөөгө даяр. Бул тууралуу Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Гэн Шуан уюмдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
"Биз суу астынан жардырылып, "Түндүк агымдан" ири өлчөмдө газдын агып чыкканына катуу тынчсызданып жатабыз. "Түндүк агым" Европага мунай зат ташыган негизги артерия болуп саналат.  Ал Европанын 23 өлкөсүнө жашоого маанилүү болгон газды жеткирүүдө", — деди Шуан.
Ошондой эле ал газ түтүгүнүн тешилип калышы Европадагы газ тартыштыгын ого бетер күчөткөнүн белгилеп, тешигинен чыккан газ токтой электигин, ал деңиз жолдоруна жана экологиялык чөйрөгө таасирин тийгизип жатканын билдирди.
"Бул жолку газдын чыгышы кокустук эмес, атайын жасалган диверсиянын жыйынтыгы экенин көрсөтүп турганына көңүл бурдук. Эгер ал чын болсо, анда транс улуттук жарандык объектилерге жана суу астындагы газ түтүктөрүнө чабуул жасалып, эл аралык укукту бузат. Ошондой эле биз кызыкдар тараптар түтүктүн тешилишин ачык-айкын, бейтарап жана кесипкөй иликтениши керектигине макул болдук", — деди Кытайдын өкүлү.
Эске салсак, Европанын Россияга каршы санкциялары жана Siemens турбиналары оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткандыктан "Түндүк агымда" иш августтун аягында токтотулган. Бирок түтүк газ толтурулган боюнча калган. Жакында эле Дания менен Швеция мамлекеттеринин бийликтери "Түндүк агым" жана "Түндүк агым — 2" түтүктөрүнүн төрт жеринен газ чыкканын кабарлашты. Алар эки өлкөнүн тең экономикалык зонасында жайгашкан.
Россия газ түтүгүнө жасалган сокку боюнча кырдаалды адилеттүү жана ар тараптан тыкыр изилдеп чыгууну талап кылууда. Буга чейин Башкы прокуратура "Түндүк агым" газ түтүктөрүнө зыян келтирүү фактысы боюнча эл аралык террорчулук актысына ылайык иш козгоону демилгелеген.
"Түндүк агым" — Балтика деңизинин түбүнөн өткөн Россия менен Германиянын ортосундагы негизги газ куурунун бир бөлүгү.
Түндүк агымдагы кырсыгы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2022
Путин "Түндүк агымдагы" кырсыкты эл аралык террордук акт деп атады
Жаңылыктар түрмөгү
0