Кыргыз футбол союзу Кыргызстан — Россия беттешинин күйөрмандарына кайрылды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүМашыктыруучулар Николай Писарев менен Валерий Карпин жана Россиянын футбол курама командасынын оюнчулары
Машыктыруучулар Николай Писарев менен Валерий Карпин жана Россиянын футбол курама командасынын оюнчулары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Жазылуу
Футбол союзу спорт дайыма саясаттан тышкары болуп келгенин эскертти.
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргыз футбол союзу (КФС) Кыргызстан — Россия жолдоштук беттешин көрүүгө келе турган күйөрмандарына кайрылды.
Кайрылууда союздун өкүлдөрү күйөрмандардан оюн баштала турган убакыттан эртерээк, саат 18:00дөн 19:30га чейин келүүсүн өтүнүштү.
"Команданын жыйынтыгы сиздердин колдооңуздарга, жүрүм-турумуңуздарга байланыштуу. Оюнчуларга туура нукта шык берип, ошол эле учурда коомдук тартипти сактаңыздар. Көрүүчүлөрдү да, оюнчуларды да сыйлап, кооптуу абал жаратпоого чакырабыз. Спорт дайыма саясаттан тышкары жүрөт", — деди уюмдан.
Ошондой эле стадиондогу тазалыкты сактоону да унутпоо керектигин белгилешти.
"Жолдоштук беттеш биздин оюнчуларга тажрыйба болот жана өздөрүнүн күчүн көрсөтүүгө шарт түзөт", — деп айтылган кайрылууда.
Оюн бүгүн саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат. Буга чейин КФС билеттер кайда жана кандай баада сатылып жатканын айтып берген.
Бүгүнкү беттеште Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы кызыл түстөгү формада, россиялык спортчулар ак түстөгү кийим менен ойнойт.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2022
КРдин курама командасынын машыктыруучусу РФ менен болчу оюн алдында эмне деди
Жаңылыктар түрмөгү
0