Казакстанга кирип баратканда кандай китептерди албаш керек. ИИМ эскертти

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз-казак чек арасында кезекте турган унаалар. Архив
Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Жазылуу
Бир айдын ичинде Казакстан аркылуу транзит менен бараткан жогорку окуу жайлардын эки студентинен тыюу салынган адабияттар бар экени аныкталган.
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. ИИМ кыргызстандыктарга Казакстандын аймагына кирүүдө тыюу салынган диний адабияттарды алып кирүүгө болбой турганын эскертти.
Маалым болгондой, мындай учурда административдик жоопкерчилик каралган. Башкача айтканда, мыйзам бузган адам ири өлчөмдө айып пул төлөйт.
"Акыркы бир айдын ичинде эле Казакстан аркылуу транзит менен бараткан жогорку окуу жайлардын эки студентинен тыюу салынган адабияттар бар экени аныкталды", — деп жазылат билдирмеде.
Мындан улам башка мамлекеттерге билим алууга кетип жаткан студенттерге жана курсанттарга өзгөчө көңүл буруу керектиги айтылды.
Казакстандын Башкы прокуратурасынын Укуктук статистика жана атайын эсептер боюнча комитетинин сайтында экстремисттик деп таанылган жана Казакстандын аймагына алып келүүгө, басып чыгарууга жана жайылтууга тыюу салынган диний адабияттардын жана маалыматтык материалдардын тизмеси бар. Астана жана башка шаардык жана райондук соттордун чечими боюнча 1105 материал, анын ичинде китептер, брошюралар, баракчалар, аудиофайлдар жана видеофайлдар экстремисттик деп таанылган. Толук тизме бул жерде.
"Диний адабияттарды ташууда башка өлкөнүн мыйзамдарын дыкат окууга чакырабыз. Казакстандын аймагында тыюу салынган диний адабияттарды сактоо жана ташуу үчүн Кыргызстандын жарандары жоопкерчиликке тартылган бир нече учур катталган. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт", — деген ИИМ.
Алма-Атада полиция адамды кармоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандагы башаламандыкка тиешеси бар деген экстремисттик топ аталды
Жаңылыктар түрмөгү
0