Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Мамдумага мобилизациялангандар үчүн эмгек кепилдиги боюнча долбоор киргизилет

© Sputnik / Мария ДевахинаРФ Мамлекеттик Думасы
РФ Мамлекеттик Думасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2022
Жазылуу
Мамдумада өлкө башчынын тапшырмасы менен мыйзамга атайын операциянын катышуучулары үчүн эмгек кепилдигин камсыздоого байланышкан өзгөртүүлөр даярдалып жатат.
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Жарым-жартылай мобилизациялана тургандар үчүн эмгек кепилдиги тууралуу мыйзам долбоору жакында РФ Мамлекеттик Думасынын кароосуна киргизилет. Мында кеп алардын жумуш орундарын сактоо тууралуу болорун социалдык комитеттин жетекчиси Инна Святенко билдиргенин РИА Новости жазды.
Россия президенти Владимир Путин 21-сентябрь күнү жарым-жартылай мобилизация тууралуу жарлык чыгарды. Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко пленардык жыйын учурунда өлкө башчынын тапшырмасы менен мыйзамга атайын операциянын катышуучулары үчүн эмгек кепилдигин камсыздоого байланышкан өзгөртүүлөр даярдалып жатканын кабарлаган.
"Россия жаңы тарыхында азыркыдай кырдаалга биринчи жолу кабылып жатат, мындан улам жарым-жартылай мобилизациялана турган россиялыктарга эмгек кепилдиги берилиши керек", — деди Святенко.
Анын айтымында, Федерация кеңешинин социалдык комитетинде, ошондой эле РФ өкмөтүндө азыркы Эмгек кодексинде да, башка кодекстерде да каралбаган айрым нюанстарды жолго коюу жаатында иштер жүрүп жатат.
"Биз үчүн мобилизациялана турган жарандар мамлекет камсыздоого жөндөмдүү болгон кепилдигинин баары сакталарын түшүнүүсү өтө маанилүү", — деди сенатор.
Святенко атайын операцияга катышып жаткан ыктыярчы жоокерлер үчүн да эмгек кепилдиги боюнча сунуштар каралып жатканын кошумчалады.
"Эмгек кепилдиктеринин баары камсыздалып, жумуш орундары сакталышы керек", — деди комитеттин жетекчиси.
Анын айтымында, документ учурда иштелип чыгууда, жакында Мамдумага киргизилет.
РФ коргоо министри Сергей Шойгу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сергей Шойгу Россиядагы жарым-жартылай мобилизацияга кимдер чакырыларын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0