Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Чек арада жабыркагандарга кан тапшыруу үчүн күнүнө 500гө чейин адам келди

© Sputnik / Асель АкматалиеваРеспубликалык кан борборунун башкы директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева
Республикалык кан борборунун башкы директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2022
Жазылуу
Республикалык кан борборунун башкы директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева Тажикстандын кол салуусунан улам Баткендеги чек арада жабыркагандарга кан берүүнү каалагандардын саны арбын болуп жатканын айтты.
Кан борборуна кайрылгандардын саны көп болгондуктан учурда саат 17:00гө чейин иштеп жатабыз. Бирок кан алуу саат 14:00гө чейин гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу Айганыш Сатыбалдиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Чек арада жабыркагандарга кан тапшыруу үчүн күнүнө 500гө чейин адам келди
Анын айтымында, тажиктердин куралдуу кол салуусунан жабыркагандарга кан берүүнү каалагандардын активдүүлүгү Бишкек жана Ош шаарларында байкалууда.
"Баткенде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кан берүүнү каалаган адамдардын саны көп болууда. 17-сентябрда бизге 500 киши кайрылды, анын 330у кан берүүгө жарактуу болуп чыкты. 18инде 250 адам келсе, анын 160ынан алдык. 19-сентябрда да 160 кишиден кан алдык. 20-сентябрь түшкү убакытка карай 116 ыктыярчыдан кан алынды. Жарандарыбыздын мындай активдүүлүгү кубандырат жана биз аларды кабыл алууга милдеттүүбүз. Бирок кандын эритроциттерин сактоо мөөнөтү болгону 35 күн. Андыктан биз кайрылгандарды ушундай кырдаалда эле эмес, дайымкы донор болууга чакырып кетебиз. Жылына 2-3 ирет системалуу түрдө кан берип турушса, азыр болсо 2-3 жумадан кийин же бир айдан кийин келишсе жакшы болот",— деди Сатыбалдиева.
Ал кан берүүнү каалаган адамдар 18 жаштан 60ка чейин, салмагы 50 килограммдан ашып, Кыргызстандын жараны болуусу шарт экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0