18-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл районунун жайлоосундагы боз үйлөр. Архив
Ысык-Көл районунун жайлоосундагы боз үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2022
Жазылуу
18-сентябрда республика аймагында күндүз тоолуу райондордо өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Жекшембиде өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +28…+33, Ысык-Көл өрөөнүндө +21…+26, Нарын жеринде +24…+29 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +27…+29, Ош шаарында +30…+32 градус болот.
Сейилдеп жүргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0