Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.
Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Чек ара аймак тынч эмес.
УКМКнын чек ара кызматы тажик тарап Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылай баштаганын кабарлады.
Sputnik Кыргызстан агенттиги кырдаал боюнча тексттик трансляция жүргүзөт.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
03:08 17.09.2022
Тажикстандын жарандары өздөрүнүн үйлөрүн өздөрү чагымчылдык кылыш үчүн өрттөп баштады. Бул туурасында Кыргызстандын Чек ара кызматы 17-сентябрь, саат 02:30га карата берген маалыматында айтты.
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кырдаал чыңалган боюнча турат.

"Атышуу токтогон учурда Богдари калктуу пунктунда тажикстандыктар өздөрүнө тиешелүү үйлөрдү өрттөп баштады", — деп айтылды маалыматта.

Тажикстан жарандарынын бул кадамы мындан ары кыргыз тарапты үйлөрдү жок кылды деп күнөөлөө үчүн атайылап жасалган чагымчылдык экени кабарланды.
02:45 17.09.2022
Баткендеги чек ара чатагынан 24 кыргызстандык көз жумду
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан облустагы ооруканаларга 24 сөөктү алып келишти. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
▪️Баткен облустук ооруканага – 12;
▪️Лейлек райондук ооруканага – 10;
▪️Кулунду аймагындагы ооруканага – 2.
00:18 17.09.2022
Саат 23:30га карата Баткенде тажик тараптын аткылоосунан 87 кыргызстандык жабыркады
23:55 16.09.2022
Тажик тарап "Тамдык" чек ара заставасын аткылай баштады
УКМК Баткендеги чек арада 16-сентябрь, саат 23:30га карата абал чыңалган боюнча тургандыгын билдирген маалымат таратты.
▪️тажик аскерлери кыргыз тараптын позициясын көздөй атууну уланууда, ал эми бир катар тилкелерде кармаш уланууда;
▪️саат 22:20де тажик аскерлери "Тамдык" чек ара заставасын аткылай баштады;
▪️Тажикстандын аймагынан Кыргызстандын чек ара тилкелерине кошумча күчтөрдүн, оор жана автоунаалардын алып келинип жатканы байкалды;
▪️Лейлек жана Баткен райондорунун каршысындагы чек ара тилкесине жакын жерге тажик тарап каражаттар менен күчтөрдү топтоп жатат;
▪️Баткен облусуна топтолгон Чек ара кызматынын өздүк курамы каршылаштардын мизин кайтарууда.
23:51 16.09.2022
Ташиев: кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кыргыз тараптан жоготуулар көп
Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, көз жумгандарды көбү аскер кызматкерлери.

"Жай тургундардын арасында жоготуу аз. Анткени аларды убагында көчүрүп кеттик", — деди ал.

23:10 16.09.2022
Баткен облусунун жашоочуларына жардам берүү үчүн бүткүл Кыргызстан бирикти
Бардык шаарларда, облустардын борборлорунда азык-түлүк менен тиричиликте зарыл болгон буюмдар чогултулуп жатат. Жүздөгөн тонна гуманитардык жардам жүктөгөн фуралар Баткенге жөнөдү. Бишкек 67 тонна менен биринчи партияны жөнөтсө, Ош — 100 тонна, Жалал-Абад — 20 тоннадан ашык жардам жүктөгөн автоунаалар жолго чыкты.
21:55 16.09.2022
21:53 16.09.2022
Бул мүнөттөрдө Жогорку Кеңеш чогулуп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча ыкчам жыйын өткөрүүдө.
21:45 16.09.2022
"Баткендин Аксай айылы менен байланыш жок болуп жатат"
Бул маалыматты президенттин Баткен облусу боюнча өкүлүнүнү орун басары Маруфхан Тулаев билдирди.
Эске салсак, бул калктуу пункт Тажикстандын Ворух анклавына жакын жайгашкан.
Анын айтымында, тажик аскерлеринин кол салуусунан уюлдук байланыш линиялары үзүлүп, электр чубалгылары иштен чыккан. Мындан улам, бийлик тажик тарап басып алды деген Хожаев атындагы мектептеги абалдан кабар ала албай жатышат.
21:41 16.09.2022
120 миң адам Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан айылдардан эвакуацияланды.
Бул маалыматты президенттин Баткен облусу боюнча өкүлүнүнү орун басары Маруфхан Тулаев билдирди.

"Үйлөр өрттөнүп жатат. Лейлектин ылдыйкы зонасында ок атуулар токтой элек. Ал жактан жай тургундун баары көчүрүлүп кетип, аскерлер эле калган. Жалпысынан Баткенден Кадамжайга 120 миңдей адам көчүрүлдү", — деди ал.

21:36 16.09.2022
Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы чек арадагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү
Анда төмөнкүлөр талкууланды:
мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөө;
чыңалуунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча чараларды көрүү.
Тиешелүү түзүмдөргө чек ара аймактарынын жашоочуларынын коопсуздугун камсыздоо чараларын көрүү;
жабыркаган, эвакуацияланган кыргызстандыктарга керектүү бардык жардам көрсөтүү тапшырылды.
21:09 16.09.2022
УКМК: тажик тарап Кыргызстандын курман болгон чек арачыларынын сөөгүн кордоп жатат
Улуттук коопсуздук кызматы тажик тарап Кыргызстандын курман болгон чек арачыларынын сөөгүн кордоп аларды өз кызыкчылыгына колдонуу максатында сүрөт, видеого тартып жатканын билдирди.

"Биздин мамлекетке каршы саясатынын алкагында, фактыларды бурмалап, Кыргызстанды агрессор катары көрсөтүүгө аракет кылуу үчүн бул сүрөт, видеолорду өздөрүнө ыңгайлуу өңүттө колдонушу ыктымал ", — деп айтылат маалыматта.

УКМК коомчулукту кырдаалга туура баа берип, эки элдин ортосуна ким бүлүк салып жатканын туура баамдоого чакырды. Ошондой эле тажик тарап чек ара заставаларын гана эмес, мектеп, бала бакча, медициналык пункт, соода түйүндөрүн да талкалап жатканын белгиледи.
20:02 16.09.2022
Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу Бишкекте Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө.
19:07 16.09.2022
Тажиктердин кол салуусунан Баткенде жабыркагандардын саны 55ке жетти
Булардын ичинен 3 адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн .
Жабыркагандардын ичинен 7өө аял, 5өө балдар.
Мындан тышкары, чек ара чырынан 15 жаштагы кыз көз жумган. Министрлик дагы көз жумгандар менен курман болгондо бар экенин айтып, маалымат такталып жатканын кошумчалады.
18:53 16.09.2022
18:52 16.09.2022
Чырактай кыздын өмүрүн алган баскынчылык. Баткенде 15 жаштагы Элзада чек арадагы чырдан көз жумду. Видео
18:47 16.09.2022
Тажик тарап сүйлөшүлгөн макулдашууларга карабастан кайрадан ок чыгарды
Тажик тарап бул ирет Лейлек районунун Жаңы-Жер жана Кулунду айылдарын аткылап жатышат. Баткен районунда Тажикстан реактивдүү системаны пайдаланып залп менен аныкталаган.
Кыргызстандын чек арачылары ок атууну токтотуу үчүн бардык аракетин көрүүдө.
18:44 16.09.2022
Лейлек районунда тажик тарап жеңил конструкциялардан жасалган тамдарды өрттөп жүрүшөт.
18:17 16.09.2022
Социалдык тармакта Кыргызстандын чек арасына жакын айылдардын бирин жойлоп жүргөн тажикстандык аскерлердин видеолору тарады.
Кадрдан камфуляжчан эркек кишилердин көчөнү куралчан аралап жүргөнүн көрүүгө болот. Кыргыз тилинде жазуулары бар дүкөндөрдүн эшиктери ачык турат. Тротуарда коробкадагы, тиричилик техникасына окшогон буюмду байкоого болот. Өтмөктө муздаткыч турат. Агрессиялуу кишилердин бири Тажикстандын желегин булгалап, көтөрүп жүрөт.
17:42 16.09.2022
Кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалган бойдон турат УКМКнын Чек ара кызматы саат 17:00га карата маалымат берди.
Тажик тараптан аткылоонун интенсивдүүлүгү кескин азайды. Бирок чек аранын айрым жерлеринде маал-маалы менен Кыргызстандын позицияларын аткылап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0