00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:06
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
10 апреля - День Сопротивления: как кыргызстанцы воевали в лесах Европы
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Цифровой сом — удобно или тревожно?
18:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

The Economist: Германия бүтүндөй өнөр жай системасынан кол жууй турган болду

© AFP / JOHN MACDOUGALLГерманиянын желеги. Архивдик сүрөт
Германиянын желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2022
Жазылуу
АКШ менен европалык мамлекеттер болуп көрбөгөндөй инфляциянын кесепетин тартып жатат.
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Германия энергетикалык каатчылыктан улам өнөр жай системасынан кол жуушу мүмкүн экени жазылган макала The Economist журналына басылды.
Анда немец өндүрүшү акыркы жылдары Россиядан келген арзан энергетикадан жана Кытайга сатуу мүмкүнчүлүгүнөн көз каранды болуп келгени айтылган. Санкциялык чектөөдөн жана Кытай экономикасынын солгундашынан улам Германиянын индустриалдык системасы жабыркай баштады. Немец өнөр жай ассоциациясынын башчысы BDI Зигфрид Руссвурмга таянуу менен журналисттер Германияда өндүрүш жок болуп кетүү коркунучунун алдында турганын жазып чыгышты.
"Мындай кырдаалга башка ишканалар да кептелиши толук ыктымал. Немец өнөр жайынан көз каранды болгон өндүрүш дүйнөсү катуу жабыркашы мүмкүн. Мында эң олуттуу көйгөй — энергиянын кымбатташы. Кийинки жылы электр энергиясына болгон баа 15 эсеге, ал эми газдын наркы 10 эсеге жогорулашы күтүлүп жатат", — деп жазылган макалада.
Басылма энергетика каатчылыгынан чакан ишканалар көбүрөөк жапа чегип жатканын белгиледи. 1 000ге жетпеген кызматкери бар компаниялар өндүрүшкө жасалган буйрутмадан баш тартып коюшкан. Нан өндүрүшүнө өзгөчө басым жасалган.
"Өлкөдө нандын үч миңден ашуун сорту чыгат, 10 миңдей өндүрүшчү учурда кыйналып жаткан маал. Алар электр энергиясы менен газга абдан муктаж. 127 жылдык тарыхы бар Wiedemann наабайканасы кызматкер жетишпей жатканын, электр энергиясын катуу үнөмдөөгө аргасыз экенин билдирди", — деп жазган журнал.
Өндүрүш кризиси ири компанияларга да терс таасирин тийгизди. Мисалы, болот өндүргөн ArcelorMittal ири ишканасы Германиянын түндүгүндөгү эки заводун жаап, кызматкерлерин өргүүгө жөнөткөн. Аммиак менен карбамид чыгарган Stickstoffwerke Piesteritz да бир катар заводунун ишин токтотконун билдирди.
Батыш мамлекеттери Москвага каршы киргизген санкцияларынан жана россиялык отундан баш тартуу курсунан улам энергоресурстун кымбатташына жана инфляцияга туш болду. Баанын жогорулашы, биринчи кезекте газ наркынын өсүшү, Европа өндүрүшүн артыкчылыктардан кол жуудурду. Бул өз кезегинде экономиканын башка тармактарына да таасир этти. Ага катар АКШ менен европалык мамлекеттер болуп көрбөгөндөй инфляциянын кесепетин тартып жатат.
Евробиримдиктин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2022
Эксперт: Евробиримдиктин кыйроо ыктымалдыгы болуп көрбөгөндөй жогору
Жаңылыктар түрмөгү
0