Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болду!

© Фото / United World WrestlingКыргызстандык балбан Акжол Махмудов
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2022
Жазылуу
Дүйнө чемпионаты Сербияда өтүп жатат.
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов атаандашын, венгриялык спортчу Золтан Леваини биринчи бөлүктө эле жеңип, дүйнө чемпиону аталды.
Эскерте кетсек, биринчилик Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Бир мүнөткө созулган беттеш 8:0 эсеби менен аяктады.
77 килограмм салмак категриясында күч сынашкан Махмудов 1/16 финалда бразилиялык атаандашын кыска мөөнөттө жеңген, андан кийин мексикалык спортчуга жеңилүү ызасын тарттырган. Түрк балбаны да чейрек финалда жеңилип калган. Жарым финалда кореялык Ким Хён Уну 4:1 эсебинде утуп, финалга чыккан.
Кыргызстандык Орозали Максудов кунг-фу боюнча дүйнө кубогунда чемпион болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2022
Кыргызстандык Орозали Максудов кунг-фу боюнча дүйнө чемпиону болду
Жаңылыктар түрмөгү
0