Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Истамбаев: Бишкекте россиялык режиссёрдун балетинин бет ачары өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАбдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмаз Истамбаев. Архив
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмаз Истамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2022
Жазылуу
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмаз Истамбаев жаңы театралдык сезон 80 жылдык юбилейге туш келгендиктен быйыл маданий мекемеге көптөгөн чет элдик коноктор келерин айтты.
Опера жана балет театрынын жайкы концерттеринин цикли 24-сентябрга чейин уланат. Ал эми театрдын жаңы сезонун 24-сентябрда салттуу түрдө "Айчүрөк" операсы менен ачабыз. Театрдагы декорация, костюмдар эскирип кеткендиктен көркөм кеңеш менен сүйлөшүп, эски реквизиттерди реставрацияладык. Ошондой эле акыркы жылдары коюлбай калган "Саманчынын жолу" балет-ораториясын 25-сентябрда элге сунуштайбыз. Жаңы репертуардан "Адам" аттуу балет жаш бийчилер тарабынан коюлат. Бул тууралуу Алмаз Истамбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Истамбаев: Бишкекте россиялык режиссёрдун балетинин бет ачары өтөт
Анын айтымында, быйыл Москва, Санкт-Петербург, Калининград, Екатеринбургдун артисттеринин гастролу күтүлүүдө.
"Октябрдан баштап Казакстандын Абай атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театры "Кыз Жибек" операсын, "Ромео жана Жульетта" балетин алып келет. 4-6-декабрда биздин театрда Genesis шоу-балетинин дүйнөлүк премьерасы болот. Аталган балетти коюу үчүн ушул күндөрү Мариинский театрынын балетмейстери Дмитрий Пиманов келет. 19-ноябрда "Баядерка" балети коюлуп, ага Мариинский театрынын премьери Ким Ки Мин аттуу күчтүү бийчи чыгат. 26-ноябрда "Танцуй, Россия!" аттуу фестивалдын труппасы келет. Мындан тышкары, келишим боюнча Станиславский атындагы театрдын жана "Геликон-Операнын" көркөм жетекчилери Кыргызстанга келип операларын коюшат. Калининград театрынын өкүлдөрү Бишкекте балдар спектаклин тартуулашат. Ал эми Константин Станиславский жана Владимир Немирович-Данченко атындагы Москва академиялык музыкалык театрынын көркөм жетекчиси Александр Титель менен сүйлөшүп, алар да "Богема" операсын алып келерин, ошону менен бирге аны бизге белекке да бермей болушту. Андан тышкары, бул жылы Мальта, Италия, Грузия, Корея, Россиянын артисттери келип концерт коёт", — деди Истамбаев.
Ал ошондой эле опера ырчысы Токтоналы Сейталиевдин 85 жылдык юбилейине карата 3-декабрда опера ырчылары арасында биринчи республикалык конкурс өтөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0