Ата жолун улаган азаматтар
Муундан муунга өткөн кесип ээлери тууралуу баян
Ата жолун улаган азаматтар
Муундан муунга өткөн кесип ээлери тууралуу баян
Кыргызстанда бир кесипти аркалап, бир тармакта үч, төрт муунга чейин эмгектенген үй-бүлөлөр жок эмес. Алардын көпчүлүгү эл оозуна алынып, кесипкөйлүгү, иш билгилиги менен калк арасында кадыр-барк топтогон.

Төрт муундагы аскер кызматкерлери

Төрт муундагы аскер кызматкерлери

Аскердик чөйрөдө жана эл арасындагы белгилүү генералдардын бири Абдыгул Чотбаев өзү үчүнчү муундагы аскер кызматкери.
Афган согушунун ардагери, Улуттук гвардиянын мурдагы командири, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев
Ал 1979-жылы Алматыдагы Жогорку жалпы командалык аскер окуу жайын аяктаган соӊ Ɵзбекстандын Термез шаарындагы 180-мотокуралдуу полкко кызмат өтөгөнү барып, ал жактан Афганистанга жөнөтүлгөн. 1989-жылы Москвадагы аскердик академияны бүтүрүп, кайра Афганистанда, Тажикстанда батальондун командири, полк штабынын начальниги, полктун командири кызматтарын аркалаган. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Улуттук гвардияны жетектеп, 1999-жылы Баткен окуясындагы антитеррордук операциянын башында турган. 2004-жылы пенсияга чыгып, кийинки жылы генерал-полковник аскердик чинин алган.
Генерал-полковник Чотбаевдин аскер кызматы менен кеткен уулдары
Абдыгул Чотбаевдин чоң атасы Чотбай Супатаев фронтко барган. Ал кан майдандан алган жаракатынан улам 1946-жылы кайтыш болгон. Мындан улам анын уулу Абдирашидди иниси Аман Супатаев багып алган.

Атасы Абдырашит Супатаев Советтер Союзунун бир катар аскердик бөлүктөрүндө узак убакыт эмгектенген.

Ошондой эле генерал-полковниктин эки уулу тең ата жолу менен кеткен. Улуусу Түркиядагы академияны, экинчиси Бишкектеги институттан билим алган. Азыр экөө тең Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөшүүдө.
"Генералдын баласы болуу уулдарым үчүн өтө чоң жоопкерчилик. Алар кесиптештер арасында фамилиясын айтуудан да абайлашат экен. Кээде менин кесиптештерим "сенин балдарың оор басырыктуу, өздөрүн мыкты алып жүрөт" деп айтып калышат. Уулдарым чоң кызматта отурушпайт, жогорку аскердик чиндерди деле алган эмес. Алар дайыма мага "ата, сиз кийлигишпеңиз, биз аскердик чиндерди өз маңдай терибиз менен алабыз" деп калышат. Аскер кызматкерлери жашаган үйдө сөзсүз тартип болот. Ата-баланын ортосунда субординация бар. Балким бул аскердик кызматка таандык болуш керек", — дейт Чотбаев.
Абдыгул Чотбаевдин жубайы Светлана Тиллебалдиева да советтик жана кыргыз армиясында эмгектенген запастагы ага прапорщик.
Абдыгул Чотбаев жана запастагы ага прапорщик жубайы Светлана Тиллебалдиева бала-бакырасы менен
Улуттук гвардиянын мурдагы жетекчисинин кайнатасы менен кайненеси да аскер адамдары болгон. Алар Чыгыш Түркстан армиясында кызмат өтөгөн. Чоң кайнатасы падышалык ак армиянын катарында болгону айтылып келет.

Бир госпиталга жеткидей Ахунбаевдер

Бир госпиталга жеткидей Ахунбаевдер

Кыргыз медицинасынын атасы делген Иса Ахунбаевдин уул-кыздары да, неберелери да медик. Жубайы Бибихан Исмаилова да дарыгерликти аркалаган. Алар эки уул, үч кызды эрезеге жеткирди.

Тун уулу Мустафа Исаевич узак убакыт Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы режиссёру болуп иштеп, консерваториянын профессору эле. КРдин эл артисти 2017-жылы 82 жашында кайтыш болгон. Анын улуу кызы Сүйкүм Ахунбаева онкогинеколог болуп иштеген, азыр ишкерлик менен алек.
Медицинага өмүрүн арнаган Иса Ахунбаев жана Бибихан Исмаилова уул-кыздары, неберелери менен
Нелли Исаевна — медицина илимдердин доктору, КРСУнун медициналык факультетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору, КРге эмгек сиңирген врач, Иса Ахунбаев атындагы сыйлыктын алгачкы лауреаты. Азыр 85 жашта.
Иса Коноевич жубайы Бибихан Исмаилова жана улуу баласы Мустафа менен, 1937-жыл
Чынара Исаевна да атасынын жолун жолдоп врач болгон. Докторлук диссертациясын коргоого камданган. Бирок ата-энеси жана жолдошу менен жол кырсыгынан көз жумган. Бир уулу Алмаз Тентимишев медицина илимдеринин кандидаты, торакалдык хирург болуп иштеп келет.

Анара Исаевнанын кесиби филолог, Кыргызстандагы университеттердин биринде орус тили жана адабиятынан сабак берет. Анара Исаевнанын кызы Жибек Чолокова — уролог.
Медер Исаевич врач, медициналык илимдердин доктору, атасы өңдүү таланттуу кардиохирург болчу. Ахунбаевдердин кенжеси 1999-жылы кайтыш болгон. Анын уулу Сталбек хирург, онколог. Ал азыр Эл аралык медицина жогорку мектебинин ректору.

Андан сырткары, Ахунбаевдин келиндери менен күйөө балдарынын арасында да медиктер арбын. Ошондуктан туугандар "эгер бизди чогултсаңар бүтүндөй бир госпиталга жетишебиз" деп калышат.

Операторлукту аркалаган Хасановдор

Операторлукту аркалаган Хасановдор

Кыргыз кинематографиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Кадыржан Кыдыралиев борбор калаадагы №5 мектептен билим алып, окууну аяктагандан кийин "Кыргызфильм" киностудиясында оператордун ассистенти болуп иштеген. Москвадагы Бүткүл союздук кинематографисттер институтуна үчүнчү жолу гана тапшырганда өтүп, операторлук факультетин бүтүп, дипломдук ишин режиссёр Мелис Убукеев менен тарткан.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Кадыржан Кыдыралиев алкачкы профессионал кыргыз операторлордун бири болгон
Ал бир топ киночулар менен иштешип, Кыргызстанда гана эмес, жалпы СССРдин деңгээлиндеги мыкты операторлордун бири атыккан. Айрымдар аны россиялык атактуу оператор Сергей Урусевскийге салыштырып, "кыргыздын Урусевскийи" деп коюшчу.
Ата-бала: Кадыржан Кыдыралиев менен Хасан Кыдыралиевдин "Өрүкзардагы баян" кинокартинасын тартуу учуру
Кадыржан Кыдыралиев менен Марлес Туратбеков алгачкы кыргыз профессионал операторлорунун бири. Кыдыралиев кийин режиссёрлукту да аркалап, 15тен ашык даректүү кинокартина жараткан.
КР эл артисти, белгилүү кинооператор Хасан Кыдыралиев азыр Кыргызстан, Казакстанда иштейт
Анын уулу Хасан Кыдыралиев да ата жолун улап операторлукту узак убакыттан бери аркалап, коңшу Казакстанда "Рэкетир", "Көчмөн" ("Кочевник"), "Томирис" сыяктуу ондогон тасмаларды камерага түшүргөн.
"Атам мени музыкант болот деп ойлогон. Бир жолу Маданият министрлигинде иштеген досу менен үйгө келип, "сага Москвага дирижёрлук факультетке жолдомо жазып берет. Ошол жактан окуйсуң" деп калды. Атамдын сөзүнө каршы чыга албай жолдомо менен Москвага кеткем. Ал жактан эки экзаменди тапшырып, үчүнчүсүнө атайын эки алыш үчүн барбай койгом. Фрунзеге келгенде атама киностудияда иштейм деп айтып, эки айдай студияда кара жумуш жасап жүрүп Марлес Туратбековдун жардамчысы болгом. Армиядан келгенден кийин гана көркөм фильм тартуу ишине аралаша баштагам. Атам режиссёр, мен оператор болуп иштеп "Аталар өрөөнүн" тартканбыз. Ассистенти болуп такыр иштешкен жокмун. Мен тарткан фильмдерди көрүп дайыма "азаматсың" деп мактап койчу. Кийин Жантай небересине да ошондой мамиле кылып жүрдү. Мен деле уулумду "оператор болосуң" деген эмесмин. Өзү эле аралашып, окуп, иштеп кетти. Жантайга азыр Казакстанда суроо-талап жогору. Аны менен көпчүлүк киночулар иштегиси келет. Кээде мага да үйрөтүп калат. Буюрса иштери жаман эмес", — деди Хасан Кыдыралиев.
Кычырыган кышта кызуу иштеген кыргызстандык операторлор. Ортодо отурган Кадыржан Кыдыралиев
Азыр КРдин эл артисти Хасан Кыдыралиев жаштарга жол көрсөтүп, жаңы тасмалар менен алек. Ал эми Жантай Кыдыралиев көбүнчө коңшу Казакстандагы киночулар менен иш алып барат. Кыдыралиевдердин династиясы ата мекендик жана чет элдик кинематографисттер арасында кеңири таанымал.

Агартуучулардын үй-бүлөсү

Агартуучулардын үй-бүлөсү

Көптөгөн жаштарга билим берген Жусуп Тузабаев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Фронттон келгенден кийин математика, физикадан сабак берип, кийин Сокулук районундагы Асылбаш айылындагы Биримкул атындагы орто мектептин директору болгон. Билим берүүнүн отличниги төш белгисине татыган инсан өмүрүнүн аягына чейин мектепте иштеп, жашоосун агартуучулукка арнаган. Келинчеги Камарпа Тузабаева да жаштарга билим берип, башталгыч класстагы окуучуларга мугалим болгон.
Жубайлар Жусуп Тузабаев менен Камарпа Тузабаева 50 жылдан ашык мугалимдикти аркалаган
Жубайлардын ар бири бул тармакта 50 жылдан ашык иштеп бир топ муунга таалим-тарбия берген. Тогуз уул-кызынын экөө гана агартуучулук менен кеткен. Мисалы, 70 жаштагы Мила Сабырбекова пенсияга чыкканына карабай азыркыга чейин Сокулуктагы Керимбүбү Шопокова атындагы мектеп-лицейинде мугалим, андан сырткары, райондук билим берүү бөлүмүндө адис.
Билим берүүнүн отличниги Жусуп Тузабаев кесиптештери жана окуучулары менен
"Мугалимдин кызы болуп, кийин өзүм эне болгондо балдарга мугалим ата-энеңерге сөз тийгизбегиле деп өстүрдүк. Анткени эл арасында биздин уул-кыздар "мугалимдин баласы" делет. Атам кичинекей кезде мугалимдин иши аябай жоопкерчиликтүү дечү. Биз деле анын таң атпай туруп алып план жазып, жумушка эрте кетип, кеч келгенин көрүп калдык. Негизи биз окуучулар үчүн жоопкерчиликтүүбүз. Анан кылган ишибиздин жыйынтыгы шак эле билинбейт. Кийин окуучулар бир кесипке ээ болуп ийгилик жаратып, жакшы жумушта иштесе ичибизден кубанып сыймыктанып калабыз", — деди Мила Сабырбекова.
Ал эми анын кызы Аида Сабырбекова да мектепте чоң атасындай физика сабагынан мугалим болуп 16 жылдан бери эмгектенип келет.

Милициядагы Ногойбаевдер

Милициядагы Ногойбаевдер

Ички иштер органдары Ногойбаевдердин үй-бүлөсүн жакшы тааныйт. Себеби Болот Ногойбаев катардагы кызматкерден баштап милициянын генерал-лейтенантына чейин жетип, ички иштер министри кызматын аркалаган. Анын атасы Бердибек Ногойбаев согуш жылдарында атактуу Панфилов дивизиясынын курамында фронтко аттанып, кийин СССРдин Ички иштер эл комиссариатынын кызматкерлеринин катарында кызмат өтөгөн.

Бердибек Ногойбаев — 1924-жылы Чүй облусундагы Тельман айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Эрте эле жетим калып, 17 жашында 1941-жылы Панфилов дивизиясынын курамында фронтко аттанган. Согуш майданында Москва шаарын коргоого, Украина менен Польшаны фашисттик баскынчылардан бошотууга катышкан. Жеңиштен кийин 1948-жылга чейин СССРдин Ички иштер эл комиссариатынын катарында Украинадагы кылмыштуу топторго каршы күрөшүп, 1989-жылга чейин Чыгыш Казакстандагы темир жол станциясында эмгектенген.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Бердибек Ногойбаев
Болот Ногойбаев — 1955-жылы 10-ноябрда Чүй облусунун Панфилов районундагы Тельман айылында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин советтик армиянын катарында кызмат кылып келип ички иштер органдарына ишке алынып, эмгек жолун катардагы кызматкерден баштаган. Кийин бөлүмдүн командири, инспекциянын начальниги, "Пишпек" станциясынын ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары өңдүү бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган.
Болочоктогу ички иштер министри Болот Ногойбаевдин жаш кези
Кыргыз улуттук университетин юриспруденция багыты боюнча аяктап, 1985-87-жылдары Москвадагы СССРдин ИИМ академиясында билим алып, республикадагы ички иштер бөлүмдөрүн, башкармачылыктарын жетектеп, 1999-жылы Баткен окуясына катышкан. 2000-жылдары ички иштер министринин орун басары, Коопсуздук кеңешинин башкы инспектору, Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин директору болуп, 2007-2008-жылдары ИИМди башкарган. Милициянын генерал-лейтенанты жубайы менен эки уул, бир кызды тарбиялап өстүрүп, 2016-жылы 24-декабрда 61 жашында каза болгон.
Милициянын генерал-лейтенанты бир топ жогорку кызматтарды аркалап, эки жылдай ИИМди башкарган
Анын эки эркек баласы да ата жолун улап укук коргоо органдарында иштейт.

Тун уулу Айдар Ногойбаев милициянын подполковниги. Жогорку билимди Кыргыз улуттук университетинде, Москвадагы ИИМдин академиясында алган. Көп жыл укук коргоо органында иштеп, 2013-жылы пенсияга чыккан. Азыр Афганистанда Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуучусу тобунда иштеп келет. Ага чейин Либерия, Косово, Түштүк Суданда кызмат өтөгөн.

Экинчи уулу Азамат Ногойбаев 1980-жылы 12-июлда туулуп, мектепти аяктагандан кийин Бишкектеги ИИМдин академиясын юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун 1997-жылы Биринчи май РИИБде кылмыш иликтөөнүн ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү болуп баштаган.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Азамат Ногойбаев
Кийин Ленин РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, Жайыл РИИБинин жетекчисинин орун басары, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жетекчисинин орун басары, Сокулук РИИБинин жетекчиси, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын бөлүм жетекчиси болгон.
"Атамдын ысымы, элеси элдин эсинде сакталып жүргөнү мен үчүн чоң сыймык. Мен генералдын, министрдин уулу болуп төрөлгөн жокмун. Кызматтын бардык тепкичтерин өз күчүм, аракетим менен басып өттүм. Эң башкысы атама сөз тийгизбегенге аракет кылчумун. Анткени мага көптөр көз салып турчу. Кызмат маалында артыкчылыктар, жеңилдиктер болуп калчу, бирок мен аны такыр колдонгон жокмун. Башкаларга "ушул даражага өзүм жеттим, менин өзүмдүн ордум, кадыр-баркым болуш керек" дечүмүн. Айрым учурда бир нерсе түшүнүксүз болуп же кеп-кеңеш керек болуп калса гана атама кайрылчумун, ал дайыма жол көрсөтчү", — деди Азамат Ногойбаев.
Учурда 42 жаштагы милициянын полковниги Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги. Милиционер самбо жана дзюдо боюнча спорттун чебери.

Музыкага жакын Исабаевдер

Музыкага жакын Исабаевдер

"Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин негиздөөчүсү, белгилүү музыкант Чалагыз Исабаев кыргыз комузун дүйнө жүзүнө даңазалагандардын бири катары элдин эсинде. Профессионал музыкант 15 жылдай Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын комузчулар оркестрин жетектеп, чыгармачыл топту дүйнө кездирген.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү музыкант Чалагыз Исабаев
Кийин ал колдонулбай унутулуп бара жаткан кыргыздын улуттук аспаптарын аймактарды кыдырып изилдеп иштеп чыгып "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблин түзгөн. Аталган ансамбль 35 жылдан бери иштеп келет. Чалагыз Исабаев ошондой эле "Комуздун тандалма күүлөрү" китебинин автору. Таланттуу инсан 1991-жылы жол кырсыгынан көз жумган.
СССРдин эл артисти, белгилүү комузчу Самара Токтакунованын жаш кези
Чыгармачыл инсандан жубайы атактуу комузчу Самара Токтакунова. Жубайлар 26 жыл бирге өмүр сүрүп, эки уулду тарбиялап өстүргөн. СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты 60 жылдан бери сахнанын көркү болуп, Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияда шакирттерди тарбиялап келет.
"Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин негиздөөчүсү Чалагыз Исабаев, анын сол жагында жубайы, залкар комузчу Самара Токтакунова жана уулу Актан Исабаев. Фрунзе шаары, 1987-жыл
"Он беш кишиден турган комузчулар ансамблин түзгөндө ишинин жемишин мен да байкадым. Жаңы чыккандан баштап эле комузчулар менен келишим түзгөндөрдүн аягы сууган жок. Улам Америкага кетишет же Францияга, андан келип дагы башка чет өлкөгө жөнөшчү. Анан апамдын өнөргө келишине атамдын таасири чоң. Атабыз урушпай, шашпай акырын түшүндүргөндүктөн апабыз ушундай залкар комузчу болду деп ойлойм. Ушундай эки таланттан төрөлүп калганым үчүн абдан бактылуумун. Атам каза болгондон кийин апам деле кусалыктан улам артынан кетип калышы ыктымал эле. Сезими ушунчалык күчтүү болгон. Бирок үй-бүлөсүн, балдарын ойлоп, белин бекем бууп, жашоого умтулду өңдөнөт. Бул кишилердин сүйүүсүнө көз да тийип кеттиби деп ойлоп кетем. Бирок атам 53 жашка чейин эле жашаса да жашоодон бардыгын көрүп, 80-90 жашка чейин жашагандардай эле көп нерсе жасап кетти. Такыр жаны тынчу эмес. Бош жатканын көргөнүм жок. Эртең менен турганда эле көнүгүүдөн баштачу. Чуркап келип жуунуп алып бир иштерди жасап, анан ашканадан тамактанып алып жумушка кетчү. Ошол эки-үч сааттын ичине колуна комузун алып машыкканга да жетишер эле. Эч максатсыз эле телевизор көрүп жатканын көргөн эмесмин", — деди Актан Исабаев.
КРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү аткаруучу Актан Исабаев
Чалагыз Исабаев менен Самара Токтакунованын балдары, неберелери да чыгармачылык менен кеткен. Улуу баласы Аслан Исабаев скрипач, 15 жылдан бери Америкада кесиби боюнча сабак берип иштейт. Экинчи баласы Актан Исабаев КРдин эмгек сиңирген артисти, өлкөдөгү төбөсү көрүнгөн ырчы-аткаруучулардын бири. Неберелердин арасында Арнел Исабаева эл алдына чыгып ырдап жаш аткаруучулардын катарын толуктап келүүдө.

Авиациядагы Исмановдор

Авиациядагы Исмановдор

Исманов Зарлык 1934-жылы төрөлүп, Россиянын Тамбов шаарындагы аскердик авиациялык училищени аяктаган. 1957-жылы бомбалоочу учкуч кесибине ээ болуп эмгек жолун баштаган. Ал эми 1961-жылдагы СССРдин Куралдуу күчтөрүндөгү кыскартуудан улам жарандык авиацияга учкуч болуп которулуп узак убакыт жүргүнчүлөрдү ташыган.
Зарлык Исманов алгач аскердик авиацияда иштеп, кийин жарандык авиацияда кызмат өтөгөн
Кыргыз ССРинин транспортунун эмгек сиңирген кызматкери 1970-92-жылдар аралыгында ата мекендик авиацияда жетектөөчү кызматтарды аркалап, кийин Ысык-Көлдөгү аэропортторду башкарган.
Рашит Исманов 45 жылдан бери ата мекендик авиацияда иштеп келет
Анын уулу Рашит Исманов да авиацияга ыктап, мектепти аяктагандан кийин Россиянын Красный Кут шаарындагы училищеде билим алган. 1977-жылдан баштап 1999-жылга чейин Кыргызстандагы учактарды башкарган. Азыр Ысык-Көлдөгү «Тамчы» аэропортунда Өндүрүштүк-диспетчерлик кызматынын начальниги болуп эмгектенип келет.
Чоң атасы жана атасы сыяктуу авиацияга аралашкан борт коштоочу Аяна Исманова
Ошондой эле Рашит Исмановдун келинчеги да аэропортто эмгектенсе, кызы Аяна Исманова учурда жергиликтүү авиакомпаниялардын биринде борт коштоочу.

Хирургия менен кеткен үч муун

Хирургия менен кеткен үч муун

Кыргыз медицинасынын түптөөчүлөрүнүн бири Зыфар Игембердиев республикадагы күчтүү хирургдардын бири болгон делип азыркыга чейин айтылып келет. Ал эмгек жолун Кызыл-Кыядагы аймактык ооруканада жөнөкөй дарыгерден баштап саламаттык сактоо тармагындагы бардык тепкичтерди басып өткөн. Согуш жылдарында далай жоокердин өмүрүн сактап калган. Кийин борбор калаадагы Улуттук госпиталды 15 жылдай жетектеп, саламаттык сактоо министри болуп бир топ реформаларды жасап, көптөгөн шакирттерди тарбиялаган.
Медицина илимдеринин доктору, профессор, хирург Зыфар Игембердиев
Келинчеги Кыргызстандын алгачкы жетекчилеринин бири Иманалы Айдарбековдун кызы Рафа Айдарбекова экөө фронттон табышкан.
Хирург Зыфар Игембердиев үй-бүлөсү жана Кичкен Айдарбекова (Иманалы Айдарбековдун аялы) менен
"Чоң атам 1942-жылы согушка кетип, аткычтар дивизиясынын батальонунда врач-хирург катары иштеп 35 миңге жакын операция жасаган. Чоң апам Рафа Айдарбекова да согушта врач-хирург болуп иштеп, бир катар операцияларды жасаган. Ал 1941-жылдан 1946-жылга чейин майданда жүрүп, Фрунзеге подполковник чини менен кайткан. Ал киши да кан майданда миңдеген операцияларды жасап, далай советтик жоокерлердин өмүрүн алып калган инсан", — деди Чыңгыз Айдарбеков.
КР Эл Баатыры, нейрохирург Миталип Мамытов, Зыфар Игембердиевдин келини Зыфаргүл Айдарбекова жана небереси ЖК депутаты Чыңгыз Айдарбеков
Зыфар Игембердиев менен Рафа Айдарбекованын уулу Азамат Айдарбеков да хирург болгон, докторантураны Россиянын Илимдер академиясынын онкология борборунда жактаган. Окумуштуу 2005-жылы оорудан каза тапкан. Анын аялы Зифаргүл Айдарбекова да ак халатчан, медицина илимдеринин доктору. Учурда Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын гистология кафедрасынын жетекчиси.

Неберелердин арасынан Айжан Азамат медицина тармагы менен кеткен. Ал илимдин доктору, профессор. Ал эми Чыңгыз Айдарбеков 2018-2020-жылдары КРдин тышкы иштер министри болгон. Азыр Жогорку Кеңештин депутаты.
Редактор
Мирбек Сакенов

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Фото
Мамлекеттик кинофонофотодокументтер борбордук архиви, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын архиви, Александр Федоров, Табылды Кадырбеков, Данияр Жаркынбаев, Александр Поготов. Айрым сүрөттөр Ахунбаев, Ногойбаев, Кыдыралиев, Исманов, Исабаев, Тузабаев, Айдарбеков жана Чотбаевдердин үй-бүлөлүк архивинен алынды

Маалымат булагы
ачык булактар, уул-кыз, неберелеринин эскерүүлөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0