Айтылбай калган Фрунзедеги кандуу тополоң

55 жыл мурунку окуя тууралуу баян

Айтылбай калган Фрунзедеги кандуу тополоң

55 жыл мурунку окуя тууралуу баян
Көчөдө өрттөнгөн автоунаалар, жерде жаткан милиционерлердин фуражкалары, камактан бошотулган шектүүлөр... Борбор калаадагы ошол кездеги абалды күбөлөр ушинтип сүрөттөшөт.
Фрунзе шаарында мындан 55 жыл мурун май айында массалык башаламандык башталып жүздөгөн адам көчөгө чыккан. Ачууланган Брежнев Москвадан Усубалиевге чалып, айласы кеткен бийлик башындагылар көчөгө чыккандарды тынчытуу үчүн Казакстандан атайын аскердик бөлүк чакыртууга мажбур болгон.

Биз көпчүлүк билбей калган ошол окуяны кеңири баяндап беребиз.

Базарда тутанган чыр

Базарда тутанган чыр

Фрунзе шаары, 17-май. Калаада турмуш күндөгүдөй өтүп, Правда көчөсүндөгү жашыл базарда соода кызуу жүрүүдө. Соодагерлер жашылча-жемиш, азык-түлүгүн сатып отурган. Көпчүлүк соода кылган ал базар азыркы "Жеңиш" аянтында эле. Чаламандын чак түшүндө базардан анча алыс эмес жерде жайгашкан милиция участогунда "Жоокерди өлтүрүп салышты" деген сөз тарап, балээнин баары ошол жерден башталган.
Ушакка ишенген эл базардын чок ортосундагы милиция пунктунан жаңы кармалган эки жоокерди алып чыгууга аракеттенет. Чындыгында ал күнү погончондор арак ичип алып коомдук тартипти бузган эки жаш жигитти колго түшүргөн. Кармалгандар №15702 аскер бөлүгүнүн жоокерлери Исмаилов менен Шуклин болчу. Экөө кызмат ордун таштап шаарда жашаган кызга келет, издегени үйүндө болбой калгандыктан кошуналарынын эшигин каккылап жашоочулардын тынчын алат. Ал жерге чакыруу менен барган милиционерлер ээнбаштарды кармап келип, базардагы милициялык участокко киргизишкен.
Мас Исмаилов погончондорго моюн бербей бейбаштык кылып сөгүнүп-сагынып, терезени сындырып колун канатып, базардагыларга "жоокерди сабап жатышат" деп ач кыйкырык салат.

Экөөнөн чарчаган милиция аскердик комендатурага жоокерлер тууралуу кабар берип, канжалаган Исмаиловдун колу-бутун байлап машинага жүктөп өткөрүп берет. Аны көргөн бир аял "милиция жоокерди өлтүрүп салыптыр" деген сөз таратып, заматта эл чогула калат. Арасында жумушсуздар, аракечтер, соттолгондор бар эле. Кээде ал базар криминалдардын ордосуна айланып кетчү.

Милиционерлер элден качып...

Милиционерлер элден качып...

Жаш жигиттерге "боору ооругандар" бир заматта эле топтолуп, катары акырындык менен арбып, "адам өлтүргөн милициянын бизге кереги жок", "милицияны сабагыла" деген түрдүү чакырыктар алыстан угулуп турган. Окуя болгон жерге алгачкылардын болуп Свердлов райондук милиция бөлүмүнүн начальниги, ыкчам кызматкерлер келип топтолгондорго түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бирок майнап чыккан эмес.

Көп өтпөй чогулгандар базардын жанында токтоп турган милициянын автоунаасына кол салат. Тартип сакчылары аны айдай качканга үлгүргөн эле. Алардын артынан 400-500дөй адам куугунга түшөт. Митингчилер азыркы Ички иштер министрлигинин имаратынын ордундагы башкармалыктын тосмосуна келип, куугунчулар "жоокерди өлтүргөн милиционерлерди жашырбай алып чыккыла, алар өзүнүн кылганына жооп беришсин" деген талаптарын койгон.

Ал жерге биринчилерден болуп шаардык кеңештин катчысы Бусса келет. Чогулгандар аны таш менен качырышкан.
Карпек Курманов
Кыргызстандан чыккан алгачкы профессор, юридика илимдеринин доктору
"Шаардык милициянын жанына кара "Волга" келип, анын ичинен Фрунзе шаардык компартиясынын биринчи катчысы Бусса түшүп, топтошкондорду тарап кетүүгө чакырган. Бир маалда аны көздөй таштар ыргыганда кетүүгө мажбур болгон"

(К. Ш. Курмановдун "Исповедь юриста" автобиографиялык очеркинен үзүндү)
Феликс Кулов
1967-жылы Фрунзе шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам взводунда кызмат өтөгөн
Ал эми Фрунзе шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам взводунда кызмат өтөгөн Феликс Кулов ал күндү мындайча эскерет:

Дем алыш болгондуктан досумдун туулган күнүн белгилеп отурганбыз. Бир маалда апам чалды:

— Уулум, жакшы элесиңби, эч ким менен мушташкан жоксуңбу, силерге эч ким кол салбай элеби?" — деп тынчсызданып сурап калды.

Мен «жок, баары жакшы, эмне болуп кетти?» деп сурасам, жооп бергиси келген жок.

Көп өтпөй эжем чалып, апамдын жумушунун маңдайында милициянын автоунаасы өрттөнүп, көчөдө фуражкалар жатат деди. Мен шак нөөмөткө чалсам көпкө чейин албай, бир маалда майор Лисицын алып «коргонуп жатабыз, тез келе калгыла» деди.

Досум экөөбүз тура калып эле бөлүмгө жөнөдүк. Жолдо кетип баратсак топтошкон адамдар кесиптешимди аябай тиктеп, "ушул бала мент" деди эле, алар бизди көздөй багыт алды. Костюм, галстукчан жүргөндүктөн өмүрүбүздү тобокелчиликке салбай кайра үйгө келип кийимдерди алмаштырып, короолорду аралап жүрүп жумушка жеткенбиз.

(Феликс Куловдун "На перевале" китебинен үзүндү)

Ошол маалда митингчилерден анча алыс эмес жерде Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев, Министрлер Советинин төрагасы Болот Мамбетов, Москвадан келген СССРдин кинематография комитетинин төрагасы Алексей Романов үчөө Опера жана балет театрында концерт көрүп отурган болот.
Турдакун Усубалиев
1961-1985-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы
"Театрдын залы көрүүчүлөргө толуп калган. Концерт башталгандан 15 мүнөт өткөндөн кийин мага жардамчым келип, кулагыма шыбырап: «шаардык милициянын бөлүмүнүн алдына толтура адам чогулду, өзгөчө кырдаал жаралууда, жаман кесепеттерди алып келиши мүмкүн. Экинчи катчы Чубаров борбордук комитетте. Сизге баарын кабарлоомду өтүндү» деди. Мен Романовдон кечирим сурап, шашылыш иштер чыгып калганын айтып кеттим. Киров көчөсү менен кетип баратып бир квартал ары жакта толтура элдин ызы-чуу болуп жатканын көрдүм"

(Т. Усубалиевдин "Кыргызстан менин жүрөгүмдө" китебинен үзүндү)
Иш ордуна келген республиканын башчысы дароо Мамлекеттик коопсуздук комитетинин башчысы Жумабек Асанкулов, ички иштер министри Василий Ушаковдун докладдарын угуп, нааразы болгондорго карата күч, курал колдонууга тыюу салып, 20-30 мүнөт сайын маалымат берүүнү тапшырат.

Өрттөнгөн автоунаа, мотоциклдер

Өрттөнгөн автоунаа, мотоциклдер

Нааразычылыгын билдиргендер колдоруна таш, арматураларды алып шаардын ар кайсы жеринде топтошуп, көчөдөн жолуккан укук коргоочуларды кубалап жетип сабап, өч алууга аракет кылган.
Феликс Кулов
1967-жылы Фрунзе шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам взводунда кызмат өтөгөн
"Биз топтошкондордун арасында аябай агрессивдүүлөрүн байкап, аларды "жүргүлө, тээтиги жакта кызыктуу бир нерсе болуп жатат" деп четке ээрчитип барып кармап ИИМге жөнөтчүбүз. Ал кезде колубузда азыркыдай кишен, желим ок, кулак тундурган гранаталар жок болчу. Кармалгандардын эч кимисин сабабай, каршылык көргөзгөндөргө гана самбо ыкмаларын колдончубуз", — дейт Кулов.
Беш жүздүн тегерегиндеги адам Фрунзе шаардык башкармалыгына, андан соң Биринчи май, Свердлов ички иштер бөлүмүнө кол салган. Албууттанган топ милициянын автоунааларын, мотоциклдерин өрттөп, имараттарды талкалап, эмеректерди сындырган. Милиция бир түндө эле формаларын чечип, алапайын таппай калган. Ал эми Ленин райондук ички иштер бөлүмүн Ленин заводунун 2000дей жумушчусу түнү менен эч кимге тийгизбей коргогон. Кызыгы, ал башаламандыкта бир дагы морадёрлук болгон эмес.
Феликс Кулов
1967-жылы Фрунзе шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам взводунда кызмат өтөгөн
"Ал окуяда элдин аң-сезими чоң роль ойногон. Дүкөндөрдү талкалап, тоноого эч ким барган эмес. Совет көчөсүндөгү бир гана дүкөн өрттөлгөн. Себиби ал дүкөн базарга жана милициянын өрттөлгөн автоунаасына жакын жайгашкан", — деп кошумчалайт Кулов.
Алардын катарына билип-билбей деле бекерпоздор, катардагы жумушчулар, жаштар кошулуп отуруп элдин саны 2-3 миңге чукулдаган. Абалды криминалдуу топтор пайдаланып, түн ичинде убактылуу кармоочу жайындагы ондогон шектүүлөрдү бошотуп жиберген. Ошондой эле тергөөнүн бир топ документтери жок кылынган.
Турдакун Усубалиев
1961-1985-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы
"Кылмышкерлер Свердлов районунда курал-жарак сакталган кампага киргенге аракет кылган. Андан майнап чыкпаганда бир милиционерди бычактап коё жаздашкан. Ошондо митингчилерге каршы биринчи ок атылып, үч киши жарадар болгон. Эгерде алардын колуна курал тийгенде шаарда чоң кан төгүү башталып кетмек", — деп эскерет өз китебинде Усубалиев.
Коркуп калган милиционерлер форма кийбей, жөнөкөй кийим менен буйруктарды аткарууга мажбур болгон. Саат 24.00дөр чамасында тополоңчулар тарай баштайт. Бийлик өкүлдөрү, күч түзүмүндөгүлөр түнү менен өрттөнгөн автоунаа, мотоциклдерден көчөлөрдү тазалаган.
Качкын Саргазаков
Мамлекеттик коопсуздук комитетинин ыкчам кызматкери
"Массалык башаламандык болгон күнү биздин КГБ кызматкерлери менен ИИМдин ички аскерлери гана жүрдү. Алар абалдын курчуп кетишин алдын алды. Милиция жок болуп, дымы чыкпай калган. Биз эл арасында жөнөкөй кийимчен болчубуз. Ошол кездеги КГБнын башчысы Жумабек Асанкулов бизге тапанча көтөргөнгө тыюу салып, ок атпагыла деген. Комитеттин 7-кызматындагылар күндүз билгизбей ыкчам съемка жүргүзгөн. Кийин ошонун негизинде активдүүлөрү кармалып, жоопкерчиликке тартылган", — деди Саргазаков.
Ал түнү Усубалиев менен Чубаров таңкы саат алтыга чейин жумушта отуруп, чекист, милиционерлер күчөтүлгөн режимде иштеген. Таң эрте өлүкканага ок жеп көз жумган бир жигиттин сөөгү түшөт. Тергөөдө маркум кимдин колунан мерт кеткени аныкталган эмес.

Ачууланган Брежнев жана бронетранспортёрлор

Ачууланган Брежнев жана бронетранспортёрлор

Эртеси, 18-май күнү, эртең менен митингчилер кайра базардын айланасына чогулуп, эл арасында "милиционерлерди сабагыла" деген чакырыктар жандана баштайт. Жогору жактагылар массалык башаламандыкты токтотуунун түрдүү жолдорун издеп, республикага Казакстандан аскердик бөлүктү киргизүүгө мажбур болот. Ал жылдары Кыргыз ССРинде ири аскердик бөлүк болгон эмес.
Турдакун Усубалиев
1961-1985-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы
"Милиция жаралган кырдаалды жакшы жолго сала албай турганына көз жеткенде шаарга анча чоң эмес аскердик бөлүк чакыртылган. Алар куралсыз болушкан. Казакстандын Отарында жайгашкан аскердик бөлүктөн келген БТРлер Фрунзенин көчөлөрүн аралаганда, анын сүрүнөн топтошкондор тарай баштаган", — деп эскерген Усубалиев.
Ошондой эле милиция өлтүрүп салды делген Исмаиловду укук коргоо органдары эл алдына чыгарып, анын тирүү экендигин көргөзөт. Ошондо гана чогулгандардын катары суюла баштаган.

Түшкө маал СССРдин башчысы Леонид Брежнев Усубалиевге чалып, ачууланып, "шаарыңарда эмне болуп кетти?" деген суроо узатат. Усубалиев доклад бере баштаганда эле Брежнев аягына чейин укпай Фрунзеге СССРдин ички иштер министри Щелоковду жөнөтүп жатканын айтат.
"Щелоков жеринен көрүп чоо-жайын тактайт. Мындай окуяларды кийин болтурбоо үчүн кандай тиешелүү иш-аракеттерди көрүп жатканыңар боюнча маалымат берип тургула", — деп Брежнев телефонун коюп салган.
Москвадан келген министрди 18-майда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коштоп, көчө кыдырып Фрунзедеги коомдук-саясий абалды көргөзөт. Ал учурда борбор калаада жай турмушка өтүп калган. Баарын көргөн СССРдин ички иштер министри Николай Щелоков Брежневге чалып акыркы маалыматтарды берип, биринчи катчынын жанын жай алдырат.

Ага карабай милиционерлер көпкө чейин формачан көчөгө чыккандан кооптонуп, жөнөкөй кийимчен иштешкен. Ошол майрамга толгон май айында, кийин дагы Кыргыз ССРинин борборунда болгон ал окуяны бир да гезит жазып, телеканал көргөзүп, радио угузган эмес.

Башаламандык эмнеден келип чыккан

Башаламандык эмнеден келип чыккан

Тополоңдун келип чыгышы боюнча түрдүү себептер айтылган. Бири ал 1967-жылы май айында болбосо, андан кийин баары бир болмок десе, бийликтегилер абалды криминалдык күчтөр пайдаланып жагдайды курчуткан дешкен. Ал эми айрым аткаминерлер жарандардын көчөдө массалык башаламандык уюштуруп, тартип сакчыларына каршы чыгуусуна кескин себептер болбогонун кеп кылышкан.

Адистер ызы-чуу менен коштолгон тополоңдун чыгышына бир нече фактор таасир эткенин азыркыга чейин айтышууда. Биринчиси, өз укуктарынан аша чапкан милиционерлер көпчүлүктүн көкөйүнө тийген. Муну УКМКнын ардагери, отставкадагы полковник Качкын Саргазаков да жашырбайт.
Качкын Саргазаков
Мамлекеттик коопсуздук комитетинин ыкчам кызматкери
"Бул башаламандыкта кандайдыр бир тышкы күчтөр, уюштуруучулар болгон эмес. Ага чейин милиционерлер жарандарды кармап алып уруп, кызматтык абалынан аша чаап акча алып жүрүшкөн. Өзгөчө ГАИ кызматкерлеринин былыктары күчөп, элдин баары милицияны жаман көрүп калган эле", — деди ардактуу эс алуудагы чекист.
Ошондон улам абалдан пайдаланып көчөгө чыккандар милициядан өч алууга аракет кылган. Ал окуядан соң бир топтор айрым погончондордун былыктарын айтып жогору жактагыларга арызданган.

Экинчиси, ички иштер органдарында өз убагында реформа жүргүзүлүп, милиционердин жосунсуз жоруктары ооздукталган эмес. Анткени 50-жылдары Сталиндин бул дүйнөдөн өтүшү, СССРдеги коомдук-саясий абалдын өзгөрүшү менен ИИМ да башка министрликтер сыяктуу реформага муктаж болгон. Андай жаңыланууну карапайым эл да күткөн.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Аскар Джакишевдин айтымында, эл ырайымсыз репрессиядан арылгысы келип калган.
Аскар Джакишев
Тарых илимдеринин доктору, профессор
"Ал кезде милиция катуу административдик саясатты жүргүзгөн. Бир килограмм алма уурдаганга да кылмыш ишин козгоп койчу. Ага чейин негизсиз камалып, репрессия болгондорду реабилитациялоо жүргөн. Ошого байланыштуу жарандар укук коргоо органдарынын ишинде өзгөрүүлөрдү күтүп, ырайымсыз репрессиядан арылгысы келген. Бирок партиянын жогорку трибунасында айтылган реформалар ИИМде жүргүзүлбөй, милиция орунсуз айып менен элди камап, сабап, кылмыш ишин козгоп койчу", — деди Джакишев.
Ал жылдары Ички иштер министрлигинин макамы төмөндөтүлүп, Коомдук тартипти коргоо министрлигине айланып, мекеменин ишмердүүлүгүнө жакшы көңүл бурулбай калган.

Үчүнчүдөн, республикада кылмыштуулук күч алып, Кыргыз ССРи кылмыштуулук боюнча СССРде биринчи орунга чыккан.
"50-жылдардын ортосунда Фрунзеге кылмыштуу топтор, кылмышкерлер союздун булуң-бурчунан агылган. Бизде башка республикаларга салыштырмалуу азык-түлүк жеткиликтүү, жашоого шарт жакшы эле, жаңы ачылган ишканаларга жумуш орундары бар болчу. Ошентип республикада ар кошкон эл топтолуп, Кыргыз ССРи СССРде кылмыштуулук боюнча биринчи орунда турчубуз", — деп кошумчалады профессор.

Сестенген жетекчилер, КРге көчүрүлгөн дивизия

Сестенген жетекчилер, КРге көчүрүлгөн дивизия

Бир суткага жетпеген тополоңдо укук коргоо кызматкерлеринен сырткары, коомдук тартипти элдик кошуундар, коммунисттер, комсомолдор жөнгө салышкан. Жогору жактагыларга ошондо укук коргоо органдарынын аксаган жактары ачык көрүнүп калган.
Бир нече саатка созулган башаламандыктын кесепеттери:
3

ИИМдин үч имараты талкаланган: бир шаардык, эки райондук бөлүм
12

автоунаа
16

мотоцикл
2-3 миңдей

адам көчөгө чыккан
1

ал түнү бир адам көз жумган, бирок анын чоо-жайы такталган эмес
18

адам соттолгон
"Фрунзедеги массалык башаламандык боюнча жүргүзүлгөн тергөөнүн жыйынтыгына ылайык, мамлекет 50 миң 334 рубль материалдык зыян тарткан. Анын ичинен Фрунзе шаардык милиция башкармалыгы — 22 332 рубль, Биринчи май райондук милиция бөлүмү — 13 136 рубль, Свердлов райондук милиция бөлүмү — 14 866 рубль"

(Б. Ж. Абдрахманов, Б. Б. Алиевдин "Жолдош төрага!" китебинен үзүндү)
Кийин республика башчысы Турдакун Усубалиев эгер милиция тың иштеп, тез координация болгондо мындай ири суммадагы чыгым тартмак эмеспиз деп жазган. Ал Москвадан министрдин келишинен пайдаланып Кыргызстанга Панфилов дивизиясын көчүрүп келүү маселесин көтөргөн.
Турдакун Усубалиев
1961-1985-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы
"Щелоков менден «силерде оңгулуктуу үйрөтүлгөн аскердик бөлүк жокпу» деп сурап калды. Мен "жок" деп жооп бердим. Ошол учурдан пайдаланып "биздин Панфилов дивизиябыз Прибалтикада, аны көчүрүп келсек жакшы болмок эле дегем", — деп биринчи катчы өз китебинде жазган.
Кийин Москвадан комиссия келип текшерип, бир жылдан соң легендарлуу Панфилов дивизиясы Кыргызстандын аймагына алып келинген.

Акыркы окуялар ички иштер органдарынын аксаган жактарын, кемчиликтерин ачык көргөзүп койгондуктан ИИМде акырындык менен реформалар башталган.

Башаламандыктан алынган сабактардан улам Кыргыз ССРинин ички иштер министри Василий Ушаков, анын орун басары Кутманов кызматтан алынып, Фрунзе шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, жетекчилер жазаланган.
Аскар Джакишев
Тарых илимдеринин доктору, профессор
"Жаңы келген министр Виктор Сморыго органдардын ишин бир топ өзгөрткөн. Кадрларды даярдоого чоң көңүл бурулуп, милиционерлерди тарбиялаган атайын бөлүм ачылган. Укук коргоо кызматкерлеринин мыйзамды сактоо жаатында иштер жүргүзүлүп, 1970-1980-жылдары милиция оңгулуктуу иштеп калган", — деди Джакишев.
Эң негизгиси, милиционерлердин аша чаап кеткен былыктарына анализ жасалып, 1969-жылы милициянын кийип жүргөн көк формасы боз өңгө алмаштырылган.

Бийлик башындагылардын тынчын алган тополоңдон кийин жашыл базар өкмөттүк мекемелерден алыс жылдырылып, азыркы "Ош" базары бардык шарттары менен ачылып колдонууга берилген.
Укук коргоо кызматкерлери козголоңго байланыштуу бир нече кылмыш ишин козгоп, элди козуткан 18 адам эркинен ажыратылган. Алардын катарында элди дүрбөлөңгө салган Исмаилов да болгон. Андай жаман жоругу абакта жатканда да тыйылган эмес.

Түрмөдө кайра тополоң чыгарган Исмаилов

Түрмөдө кайра тополоң чыгарган Исмаилов

Биз бул бөлүмдү жазуу үчүн бир нече укук коргоо органына расмий кат менен кайрылып, көпчүлүктүн эсинде калган экинчи окуянын да толук чоо-жайын айтып берүүгө аракет кылдык. Бирок мамлекеттик органдар 1960-жылдардын соңундагы ал башаламандык тууралуу маалыматтар жок экенин билдиришти. Ошондуктан биз көбүнчө окуяга күбө болгондордун эскерүүлөрүнө таяндык.

Исмаилов бир жылдан кийин, 1968-жылы түрмөдө башаламандык уюштургандардын бири болот. Ал окуяда да бир адамдын өмүрү кыйылып, бир нечеси ооруканага түшкөн.
"Ишемби, 17-апрель, 1968-жыл. 12-түрмөнүн (азыркы 47-колония) короосунда соттолгондорго "Майор Вихрь" фильми көргөзүлгөн. Үч сериядан турган аскердик драманы камактагылар кызуу көрүп жатышкан. Саат 22.00 болгондуктан нөөмөттө тургандар көрүүчүлөрдү жаткыла дейт. Анткени тартип ошондой болчу. Бирок кылмышкерлер бир сериясынан кийин экинчи сериясын көрүп, сеансты улантууну талап кылат. Тартип сакчылары баш тартып коёт. Ошондо нааразычылыктар башталат. Анда погончондор кино үчүн чоң тополоң чыгып кетет деп ойлошкон эмес"

(К. Н. Токоевдин "Школа мужества" китебинен үзүндү)
"Кино сүйүүчүлөр" кыйкырып-өкүрүп бир заматта эле түрмөдө абал чыңалып, тартипке баш ийгиси келбеген эки топ биригип тополоң башталат. Бир топтун башчысы жапалдаш бойлуу, тыржыйган, элди сүрөөнгө ала билген Исмаилов болсо, экинчисин "Спартак" каймана аты менен белгилүү кылмышкер жетектеген. Ал Иркутск облусунан Фрунзеге которулуп келген жаран эле.
Кадыр Токоев
60-жылдары Жаза аткаруу мекемесинде ага ыкчам кызматкер болуп иштеген
"Ар бир колонияда ички тартип боюнча эмгек секциялары болгон. Ага оңолом дегендер кабыл алынган. Ал эми түрмөдөгү өндүрүштүк жайларда иштегиси келбегендер эки тарап болуп тирешип турушкан. Башаламандык башталганда бекерпоздор секциялардын мүчөлөрүн катуу сабап, күзөттөгүлөргө кол салышкан", — деп эскерет Токоев.
Андан соң түрмөнүн ичиндеги жатакана, өндүрүштүк имарат талкаланып, станоктор, даяр продукциялар жарактан чыгат. Ал ызы-чуу түнү бою уланган.

Жаралган кырдаалга байланыштуу ИИМдин башкармалыгы толугу менен көтөрүлүп, окуя болгон жерге министр барган. Түрмөдө тополоң уюштургандар менен сүйлөшүү жүргүзүү аракетинен майнап чыккан эмес. Түрмөнүн короосуна кирген колониянын жетекчиси ташка алынган.
"Объектини коргоо күчөтүлүп, тегереги курчоого алынган. Конвой полку ичине кирип барып ички тартип бузгандарды тынчытканга даяр болуп буйрукту эле күтүп турган"

(К. Н. Токоевдин "Школа мужества" китебинен үзүндү)
Бирок ага жеткен эмес. Түрмөнүн короосуна аскердик техника киргенде эле чыңалуу басаңдай түшкөн. Анын артынан ИИМдин кызматкерлери кирип талкаланган эмеректердин алдынан бир адамдын сөөгүн алып чыгышкан. Ал соттолгондордун документтерин жасаган фотограф болгон.
Колониядагы чатактын айынан 40тан ашык адам түрдүү жаракат менен ооруканага жаткырылган. Мекеменин жетекчилери кызматынан кол жууп, жаңы жетекчиге бардыгын калыбына келтирүү вазийпасы жүктөлгөн.

Көп өтпөй Москвадан чоң текшерүү келген, окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында ага катышкандар соттолуп, алардын башчылары Исмаилов менен "Спартак" атууга кеткен.
Редактор
Мирбек Сакенов

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Фото
Материалга айрым иллюстративдик сүрөттөр колдонулду.
Александр Федоров, Мамлекеттик кинофонофотодокументтердин борбордук архиви

Маалымат булагы
Т. Усубалиевдин "Кыргызстан менин жүрөгүмдө", Б. Ж. Абдрахманов, Б. Б. Алиевдин "Жолдош төрага!", Ф. Ш. Куловдун "На перевале", К. Н. Токоевдин "Школа мужества" китебинен, К. Ш. Курмановдун "Исповедь юриста" автобиографиялык очерки, ачык булактар

Жаңылыктар түрмөгү
0