Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Telegram-канал ачып, аны алып барууда видео менен кантип иштеген оң? Кеңештер

© Sputnik / Табылды КадырбековКМШ жана Балтика өлкөлөрү боюнча Sputnik дирекциясынын продюсери Мария Кабанова SputnikPro билим берүү долбоорунда
КМШ жана Балтика өлкөлөрү боюнча Sputnik дирекциясынын продюсери Мария Кабанова SputnikPro билим берүү долбоорунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2022
Жазылуу
Эксперттин айтымында, окурмандын көңүлүн бурууда видео маанилүү ресурс болуп саналат.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. КМШ жана Балтика өлкөлөрү боюнча Sputnik дирекциясынын продюсери Мария Кабанова SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагында Telegram-канал ачып, аны алып барууда видео менен кантип иштөө керектигин түшүндүрдү.
Эксперттин айтымында, окурмандын көңүлүн бурууда видео маанилүү ресурс болуп саналат.

"Чоң көлөмдүү видеону эч ким ачып отурбайт. Ошол себептен 50-100 мегабайт болгон видеону жүктөбөй эле койгон оң. Ал телефонго көчүп, ачылганча колдонуучулар чыдабай кетишет. Анын үстүнө телефондун эс тутумуна да күч келет. Ошол себептен эң оптималдуу вариант — бул 5 мегабайт. Убактысы 40 секундадан ашык видео жарыялап да кажети жок. Ал канчалык кыска болсо, колдонуучу видеону ошончолук аягына чейин көрүшү ыктымал", — деди Кабанова.

Адис SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагында Telegram-каналды канткенде ийгиликтүү иштетип кетсе болорун да айтып берди.
SputnikPro — Россиянын мыкты медиаменеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентациясы жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.
Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында башталып Беларустун, Грузия, Азербайжан, Армения жана Кыргызстандын медиакоомчулугунун жогорку баасын алган.
Sputnik — 32 тилде жарык көргөн мультимедиалык интернет-сайттардан турган эл аралык ири ЖМК. Ал өзүнө дүйнөнүн 90дон ашык шаарларында жана интернетте орус, англис, француз жана башка тилдерде сүйлөгөн радиолорду камтыйт.
Ал эми Sputnik жаңылыктар түрмөгү англис, араб, испан, кытай жана фарс тилдеринде окурмандарга күнү-түнү маалымат жеткирип турат. Sputnik маалымат ресурсунун окурмандарынын саны айына 60 миллиондон ашат. Sputnik China аккаунтунун Sina Weibo социалдык тармагындагы катталуучуларынын саны 9 миллиондон ашты. Дүйнө жүзү боюнча Пекинден тарта Монтевидеого чейинки 22 редакциялык борбордо ондогон улуттагы миңден ашык адам эмгектенет. Sputnik "Россия сегодня" медиатобунун курамына кирет. Башкы кеңсеси Москва шаарында жайгашкан.
Telegram мессенджеринин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2022
Россиядагы элчилик консулдук маселелерге жооп берген чат-бот ачты
Жаңылыктар түрмөгү
0