Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Канткенде Telegram-каналды ийгиликтүү иштетип кетсе болот? Адистин кеңеши

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүү Telegram-канал. Архивдик сүрөт
 Telegram-канал. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2022
Жазылуу
Telegram-канал — бош эмес адамдар үчүн негизги жаңылык булагы. Андыктан бир пост бир сааттык уктурууга батчу маалыматты өзүнө сыйдырыш керек.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Telegram-каналды канткенде ийгиликтүү иштетип кетсе болот? Бул тууралуу SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагында КМШ жана Балтика өлкөлөрү боюнча Sputnik дирекциясынын продюсери Мария Кабанова айтып берди.
© Sputnik / Табылды КадырбековSputnikPro билим берүү долбоорунун алкагында КМШ жана Балтика өлкөлөрү боюнча Sputnik дирекциясынын продюсери Мария Кабанова
SputnikPro продюсера дирекции мультимедийных центров Sputnik в странах ближнего зарубежья и Балтии Марии Кабановой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2022
SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагында КМШ жана Балтика өлкөлөрү боюнча Sputnik дирекциясынын продюсери Мария Кабанова
Эксперттин айтымында, социалдык тармактар өнүгүп, медианын өзүнчө бир түрүнө айланып, сайттар тарыхта калып бара жатат.
"Сайттар секунд сайын жаңылыктар пайда болуп турган Telegram-каналдардан майнаптуулугу боюнча төмөн турат. Сүрөттөрдү, видеолорду, түз эфирлерди жарыялоодо Telegram көп мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул жерде үч принцип маанилүү: кыска-нуска, ылдам жана эксклюзив", — деп түшүндүрдү Кабанова.
Ошондой эле ал эмнеге Telegram кыска кабарларга артыкчылык берерин түшүндүрдү.
"Анткени аны ар дайым колу бошобогон, кымгуут турмуштун агымы менен жүргөн кишилер окуйт, көрөт. Каналдын автору татаал жана түшүнүксүз сөздөрдөн алыс болушу керек. Мисалы, досуңа жаңылык айтып берип жаткандай эле жазган жакшы. Бирок өтө эле жөнөкөй да болуп кетпеш керек. Кыскасы, ортодогу балансты кармай билүү зарыл", — деди адис.
Кийинки принцип — ыкчамдык. Кабанованын айтымында, маалымат таратуу менен алектенгиси келгендер бир нече ири маалымат агенттиктердин каналдарына жазылып койсо болот. Кабарды кимиси биринчи чыгарса, дароо көчүрүп алуу менен башкаларды артта калтыра алат.
Үчүнчү принцип — эксклюзивдүү маалымат табуу. Кандайдыр бир комментарий же пикирди дагы сиз эксклюзив катары берсеңиз болот. Анткени каналда биз расмий маалымат булактарынан айырмаланып, өз көз карашыбызды, маалыматты берүүнүн өзгөчө ыкмаларын колдоно алабыз. Мисалы, өтө маанилүү саясий окуяларды дагы юмор аралаштырып берүү мүмкүнчүлүгү бар.
SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиаменеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентациясы жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.
Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында башталып Беларустун, Грузия, Азербайжан, Армения жана Кыргызстандын медиакоомчулугунун жогорку баасын алган.
Sputnik — 32 тилде жарык көргөн мультимедиалык интернет-сайттардан турган эл аралык ири ЖМК. Ал өзүнө дүйнөнүн 90дон ашык шаарларында жана интернетте орус, англис, француз жана башка тилдерде сүйлөгөн радиолорду камтыйт.
Ал эми Sputnik жаңылыктар түрмөгү англис, араб, испан, кытай жана фарс тилдеринде окурмандарга күнү-түнү маалымат жеткирип турат. Sputnik маалымат ресурсунун окурмандарынын саны айына 60 миллиондон ашат. Sputnik China аккаунтунун Sina Weibo социалдык тармагындагы катталуучуларынын саны 9 миллиондон ашты. Дүйнө жүзү боюнча Пекинден тарта Монтевидеого чейинки 22 редакциялык борбордо ондогон улуттагы миңден ашык адам эмгектенет. Sputnik "Россия сегодня" медиатобунун курамына кирет. Башкы кеңсеси Москва шаарында жайгашкан.
Смартфон кармаган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2022
Жалган маалыматты кантип аныктоо керек? ИИМдин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0