Ош ОИИБ бош орундардын резервин түзүү үчүн сынак жарыялады. Талаптар

© Фото / пресс-служба МВД КРМилиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт
Милиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2022
Жазылуу
Облустук милиция талапкерлердин документтерин 2-сентябрга чейин кабыл алат.
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Ош ОИИБ катардагы жана кенже жетектөөчү курамдагы бош орундарды толуктоого кадрлар резервин түзүү үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага 30 жашка чейинки жана биринчи жолу кызматка кирип жаткан жарандар кабыл алынат. Ошондой эле кылмыш иши боюнча шектүү же айыпталуучу болуп саналган адамдар талапкер боло албайт.
"Укук коргоо органдарына КР жараны, дене бою жана психикалык саламаттыгы чың, кызмат өтөөгө коюлган талапка жооп берген, тиешелүү нормативдерди тапшырган, квалификациялык талаптарга туура келген жана аскердик кызматты өтөгөн (альтернативалык түрдө болсо дагы) жарандар кабыл алынат", — деп жазылган маалыматта.
Документтерди облустук милиция 2-сентябрга чейин кабыл алат. Кошумча маалымат алуу үчүн 03222 66 519, 0559 03 03 72 жана 0559 32 32 82 номерлерине чалуу керек.
Талапкер төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:
жеке арыз;
кадрларды эсепке алуу баракчасы;
өмүр баяны эки нускада (өз колу менен жазылган жана басылган);
тийиштүү билимин, квалификациясын же атайын билимин тастыктоочу документтердин, ошондой эле окуу учурунда алган баалары менен документтердин тиркемелеринин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү
аскердик билетинин көчүрмөсү;
паспортунун жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
балдардын туулгандыгы тууралуу (эгерде болсо) жана никелешүү жөнүндөгү (никеде турган болсо) күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;
укук коргоо органында кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу;
үчтөн кем эмес сунуш кат;
сүрөт 9x12 (1 даана) жана 3x4 (4 даана);
милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүнөн тактама;
кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкеринен тактама;
акыркы иштеген же окуган жеринен мүнөздөмө;
жашаган жери жана үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу тактама.
Милиция кызматкеринин шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2022
Сот Ошто мас болуп чыр салган милиционерди 500 миң сом айыпка жыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0