Токаев: Россия менен мамиледе пессимисттик божомолдорго негиз жок

© Фото / Пресс-служба президента РФ / Медиабанкка өтүүРоссия лидери Владимир Путин жана Казакстан президент Касым-Жомарт Токаев
Россия лидери Владимир  Путин жана Казакстан президент Касым-Жомарт Токаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2022
Жазылуу
Россия жана Казакстан президенттери жолугушуудан кийин бир катар маанилүү делген билдирүүлөрдү жасашты.
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Казак-орус мамилесинде пессимисттик божомолдорго негиз жок. Бул тууралуу Россия лидери Владимир Путин жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Сочидеги жолугушуусунда айтылганын Sputnik Казакстан жазды.

"Геосаясий кырдаал бири-бирибиз менен өз ара иш алып барып, алаканы андан ары алып кетүү үчүн өкмөттөргө кошумча тапшырма берүү зарылдыгын айтып жатат. Азыркы жашоо бизге чечиш керек болгон жаңы тапшырмаларды берүүдө. Негизинен биздин кызматташуунун өнүгүп жатканы боюнча канааттанууга негиз бар", — деген Токаев.

Ал Казакстан менен Россияны дүйнөдөгү кургактык боюнча эң узун чек ара бириктирип турарын айткан.
“Айтмакчы, чек ара толугу менен делимитация болгон. Андыктан биздин келечектеги мамилебизде пессимисттик божомолдорду жасоого, албетте, негиз жок. Мен дагы биздин эки тараптуу кызматташуунун бардык тармактарына кошумча динамика берүүгө ниет кылып турам", — деген Токаев.
Ошондой эле Путинди КМШ мамлекеттеринин Казакстанда октябрь айында боло турган саммитине чакырган.

Путин эмне деди?

Россия лидери бул жыл өзгөчө экендигин, октябрда эки мамлекет дипломатиялык кызматташууга 30 жыл болгондугун белгилей тургандыгын айткан. Бул датага карата бир катар иш-чаралар белгиленген.

“Бизде министрликтер, ведомстволор активдүү иштеп жатат. Өкмөттөр аралык комиссия активдүү иштеп, Тышкы иштер министрлиги, Коргоо министрлиги биргелешип ар кыл иш-чараларды, анын ичинде ЖККУнун алкагында биргелешкен машыгууларды даярдоодо", — деди Россия лидери.

Анын айтымына караганда, товар алмашуу өстү: былтыр 34,4 пайыз болсо, быйылкы беш айдын жыйынтыгы менен алганда 8,8 пайызга жетти. Эки тараптан тең инвестиция өсүүдө: Россиянын Казакстандагы инвестиция көлөмү 17 миллиард доллар, ал эми Россиядагы казакстандык инвестиция 4,5 миллиардга чукулдады.
Россия Казакстандагы соода-экономикалык өнөктөштөрдүн арасында биринчи орунда турат.
“Бизде ири жана жакшы долбоорлор жогорку технологиялык тармактарда, анын ичинде космосто өнүгүп жатат. Негизинен бардык тармакта оң маанайда иштер активдүү түрдө жүрүп жатат", — деп кошумчалады ал.
 Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Россиянын лидери Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2022
Токаев: Путин менен жылуу мамиледе болгонума кубанычтамын
Жаңылыктар түрмөгү
0