Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Запорожье бийлиги: Россия украин аскерлеринин АЭСке чабуулунун мизин кайтарды

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүЗапорожье атомдук электр станциясы
Запорожье атомдук электр станциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2022
Жазылуу
Ишемби күнү Украинанын Куралдуу күчтөрү кайрадан Энергодар шаарын жана Запорожье атомдук электр станциясын аткылашкан.
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Запорожье АЭСи украин аскерлеринин кезектеги аткылоосунан кийин штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Запорожье облусунун администрациясынын башкы кеңешинин мүчөсү Владимир Рогов билдирди.
Ишемби күнү Украинанын Куралдуу күчтөрү кайрадан Энергодар шаарын жана Запорожье атомдук электр станциясын аткылашкан. Запорожье ТЭЦине да кол салуу болду. Жанаша жайгашкан аймакка тогуз артиллериялык сокку урулган.
"Снаряддардын бир бөлүгү ТЭЦ менен АЭСтин ортосуна, бир бөлүгү ТЭЦке түшкөн. Атомдук электр станциянын өзү жабыркаган эмес, азыр штаттык режимде иштеп жатат. Россия армиясынын абадан коргонуу күчтөрү аталган объектилерди коргоп калды", — деди Рогов.

Тарыхы

Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери украин аскерлери АЭСтин аймагына бир нече жолу чабуул жасоо аракетин көрүшкөн. Артиллериялык бир катар чабуулдун натыйжасында өрт чыгып, энергоблоктордун иштөөсү үчүн зарыл болгон эки электр чубалгысы үзүлгөн. Анда №3 станция ишин токтотуп, №4 энергоблоктун генерацияланган кубаттуулугу кыскарган.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станция болуп эсептелет. 1984-1987-жылдары алгачкы төрт энергоблок, 1989-жылы бешинчи, 1996-жылы алтынчысы ишке киргизилген.
Ал март айынан бери орус аскерлери тарабынан кайтарылып келген. Россиянын Тышкы иштер министрлиги бул кадамды өзөктүк жана радиоактивдүү материалдардын агып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жасалды деп түшүндүргөн. Анткен менен станция украиналык оператор тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.
Киевдин мындай аракетин сынга алгандар четтен чыгууда. Киевдин өзөктүк объектилерге жасаган соккусу масштабы жагынан дүйнөнү Чернобылдагыдай каргашага түртүп жатканын Россиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя айткан.
Ошол эле учурда БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик брифинг өткөрүп, МАГАТЭнин эксперттери Запорожье АЭСине барышы үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатканын кошумчалаган.
 Запорожье АЭСи. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи Украинанын Запорожье АЭСине сокку урушу чоң кесепетке алып келерин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0