Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

РФ ТИМи Украинанын Запорожье АЭСине сокку урушу чоң кесепетке алып келерин айтты

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүү Запорожье АЭСи. Архивдик сүрөт
 Запорожье АЭСи. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2022
Жазылуу
ТИМ өкүлүнүн айтымында, Киев станциянын иштешин камсыз кылган электр линияларын түздөн-түз аткылоодо.
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Украин армиясынын Запорожье АЭСинин энергетикалык инфраструктурасына урган соккулары максаттуу жасалган жана өтө коркунучтуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Курал-жарактарды жайылтпоо жана көзөмөлдөө департаментинин директорунун орун басары Игорь Вышневецкий билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимге кол койгон мамлекеттердин өкүлдөрүнүн конференциясында сүйлөдү.
"Өзөктүк коопсуздуктун принциптери одоно бузулуп жатат. Бул тууралуу түз айтуунун ордуна, саясий дезинформация жүрүүдө", — деди дипломат.
Ал Украинаны жана анын колдоочуларын аткылоону токтотуу үчүн бардык аракеттерди жасоого, антпесе кесепети оор болорун белгилеген.
Анын айтымында, Киев станциянын иштешин камсыз кылган электр линияларын түздөн-түз аткылоодо.

Тарыхы

Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери украин аскерлери АЭСтин аймагына бир нече жолу чабуул жасоо аракетин көрүшкөн. Артиллериялык бир катар чабуулдун натыйжасында өрт чыгып, энергоблоктордун иштөөсү үчүн зарыл болгон эки электр чубалгысы үзүлгөн. Анда №3 станция ишин токтотуп, №4 энергоблоктун генерацияланган кубаттуулугу кыскарган.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станция болуп эсептелет. 1984-1987-жылдары алгачкы төрт энергоблок, 1989-жылы бешинчи, 1996-жылы алтынчысы ишке киргизилген.
Ал март айынан бери орус аскерлери тарабынан кайтарылып келген. Россиянын Тышкы иштер министрлиги бул кадамды өзөктүк жана радиоактивдүү материалдардын агып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жасалды деп түшүндүргөн. Анткен менен станция украиналык оператор тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.
Киевдин мындай аракетин сынга алгандар четтен чыгып жатат. Киевдин өзөктүк объектилерге жасаган соккусу масштабы жагынан дүйнөнү Чернобылдагыдай каргашага түртүп жатканын Россиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя айткан.
Ошол эле учурда БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик брифинг өткөрүп, МАГАТЭнин эксперттери Запорожье АЭСине барышы үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатканын кошумчалаган.
Нью-Йорктогу БУУнун имаратынын тосмосуна Украинанын желегинин түстөрүндөгү ленталар байланган. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Полянский: БУУнун Коопсуздук кеңеши Киевдин АЭС боюнча версиясын колдогон жок
Жаңылыктар түрмөгү
0