Москвадан келе жаткан учак Ошко жетпей Бишкекке конду

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүү"Урал аба жолдору" компаниянын учагы. Архив
Урал аба жолдору компаниянын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2022
Жазылуу
Окуя бейшемби күнү эртең менен болгон.
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Москвадан Ошко учуп келе жаткан учак Бишкек шаарындагы аэропортко чукул конууга аргасыз болду. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Окуя таңкы саат 5:00дө болгон. "Урал аба жолдору" компаниясынын учагы техникалык себептерден улам конууга уруксат сураган.
Аэропорттон билдиришкендей, жүргүнчүлөр мейманканага жайгаштырылган. Учак Ошко качан уча турганы азырынча белгисиз.
Аэропорттогу кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2022
"Жалал-Абад" аэропорту элдин суранычынан улам жабылбай калды
Жаңылыктар түрмөгү
0