"Жалал-Абад" аэропорту элдин суранычынан улам жабылбай калды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүАэропорттогу кишилер. Архив
Аэропорттогу кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2022
Жазылуу
Буга чейин аэропортто оңдоо иштери болору маалымдалган.
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. "Жалал-Абад" аэропорту оңдоо үчүн жабылбай калганын "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
"Жүргүнчүлөрдүн көптөгөн суроо-сунуштарын эске алуу менен "Манас" аэропорту "Жалал-Абад" аба майданын убактылуу жаппай, ишин улантуу тууралуу чечим кабыл алды. Оңдоо иштери 2023-жылга жылдырылды", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин "Жалал-Абад" жана "Баткен" аэропорттору 1-августтан 1-ноябрга чейин жабыла турганы маалымдалган.
Ош аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
"Ош" аэропортуна да жүк ташуу терминалы курулат
Жаңылыктар түрмөгү
0