Бишкек мамлекеттик университетине (БГУ) кантип өтүүгө болот?

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мамлекеттик университети. Архив
Бишкек мамлекеттик университети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2022
Жазылуу
Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети жаңы окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл ала баштайт. Бул материалда БМУга окууга тапшыруунун жол-жобосу туурасында кенен айтып беребиз.
Sputnik Кыргызстан агенттиги абитуриенттерге жардам иретинде Кусеин Карасаев атындагы БМУ тууралуу бардык маалыматтарды чогултту.
Бишкек мамлекеттик университетине кантип тапшырууга болот?
1.
БМУга документтерди кабыл алуу Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү буйругу чыккан соң министрликтин сайтында онлайн-форматта башталат.
2.
Гранттык жана контракттык орундарга кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
3.
БМУнун бюджетине жана контракт бөлүмүнө кирүү үчүн көрсөтүлгөн ЖРТнын босого баллы министрликтин буйругу менен бекитилет.
4.
ЖРТ сертификатын алгандан кийин абитуриент 2020.edu.gov.kg сайтына катталып, өзүнүн профилин толтурушу керек.
5.
Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайлары министрликтин сайтында керектүү маалыматтарды камтуу менен көрсөтүлөт. Сиз ЖОЖду, багытты, адистикти тандап, ЖРТнын электрондук билетин тапшырышыңыз керек.
6.
Тиешелүү окуу тармагында көрсөтүлгөн предметтик тесттин жыйынтыгы да талап кылынат. Негизги тесттен тышкары тандаган факультетиңизге жараша кошумча тест талап кылынат (кеминде 60 балл).
7.
БМУга кабыл алуу боюнча сынак бардык бош орундар толукталганга чейин өткөрүлөт. Билет тапшыра турган 2020.edu.gov.kg үчүн турлардын максималдуу саны — үч.
8.
Эгерде сынактын жыйынтыгы ийгиликтүү болсо, сиз кабыл алуу процедурасынан өтүп, өз адистигиңиз боюнча окууга ниетиңизди окуу жайына ырасташыңыз керек. Бул үчүн кыска мөөнөт ичинде автоматташтырылган маалымат системасына паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жалпы орто билими жөнүндө аттестат же орто кесиптик билими тууралуу диплом, аттестаттын титул барагы, окуу акысын төлөгөндүгү тууралуу квитанция (же келишим) тиркелиши керек.
9.
Бардык документтердин түп нускасы окуу жылынын башында БМУга тапшырылышы зарыл.

БМУга тапшырууга керектүү документтер:

1.
жалпы орто же орто кесиптик билимин тастыктаган мамлекеттик документ;
2.
университеттин бланкасына толтурулган арыз;
3.
жогорку билимин тастыктаган документ (экинчи жогорку билимин алуу үчүн тапшыргандарга)
4.
№086/у медициналык аныктама;
5.
3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
6.
паспорттун көчүрмөсү (туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү);
7.
ЖРТ сертификатынын оригиналы;
8.
каттоо күбөлүгүнүн аскердик билетинин көчүрмөсү.

БМУга тапшырууну каалаган чет элдик жарандар кандай документтерди тапшыруусу керек:

1.
университеттин бланкасына толтурулган арыз;
2.
жалпы орто же орто кесиптик билимин тастыктаган мамлекеттик документ;
3.
жогорку билимин тастыктаган документ (экинчи жогорку билимин алуу үчүн тапшыргандарга)
4.
КРдин Билим берүү жана илим министрлигине чет элдик окуу жайдан берилген билими тууралуу документти тастыктоочу аныктама;
5.
3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
6.
паспорттун көчүрмөсү (туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү);
7.
ВИЧ-инфекциянын жоктугу тууралуу аныктама (Логвиненко, 8 дарегинде жайгашкан Мамлекеттик "СПИД" борборунан алууга болот)
Окуу акысы сом менен төлөнөт.

Факультеттер:

Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети;
Кыргыз-кытай факультети;
Орус филологиясы;
Европа цивилизациясы факультети;
Журналистика жана маалыматтык система факультети;
Социалдык-психология факультети;
Экономика жана финансы факультети;
Экология жана менеджмент факультети;
Педагогикалык билим берүү.

Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети

Сырттан окуу бөлүмү жок.
Окутула турган тилдер: араб, корей, фарс, түрк, япон жана англис тили.
Багыттары:
Азия жана Африка өлкөлөрүнүн экономикасы
Түркия (түрк тили) — 38 650 сом.
Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы
Араб өлкөлөрүнүн тарыхы (араб тили) — 37 650.
Чыгыш өлкөлөрүнүн жаңы маалымат технологиясы
Кореянын IT-технологиясы (корей тили) — 42 680.
Чыгыш өлкөлөрүнүн жаңы маалымат технологиясы
Япониянын IT-технологиясы (япон тили) — 40 968.
Дипломатиялык консулдук кызматы
АКШ жана Британия (англис тили) — 43 680.
Дипломатиялык консулдук кызмат
Араб дүйнөсү (араб тили) — 38 680.
Дипломатиялык консулдук кызмат
Иран (фарс тили) — 34 360.
Дипломатиялык консулдук кызмат:
Корея (корей тили) — 43 750.
Дипломатиялык консулдук кызмат
Түркия (түрк тили) — 40 680.
Дипломатиялык консулдук кызмат
Япония (япон тили) — 42 650.
Тилди жана маданиятты окутуунун теориясы жана методикасы
Араб тили жана маданияты (араб тили) — 38 650.
Тилди жана маданиятты окутуунун теориясы жана методикасы
Корей тили жана маданияты (корей тили) — 41 590.
Тилди жана маданиятты окутуунун теориясы жана методикасы
Түрк тили жана маданияты (түрк тили) — 37 650.
Тилди жана маданиятты окутуунун теориясы жана методикасы
Япон тили жана маданияты (япон тили) — 41 680.

Кыргыз-кытай факультети

Сырттан окуу бөлүмү:
үйрөтүлүүчү тилдер: англис жана кытай.
Багыты:
Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тилдери — 35 730;
Тилди окутуунун теориясы жана методикасы — 35 830;
Дүйнөлүк экономика — 36 000;
Эл аралык менеджмент — 34 280;
Эл аралык соода жүргүзүү — 32 580;
Кытай — 30 440;
Философия —32 980;
Кытай тануу — 32 440;
Эл аралык мамилелер — 39 080;
Котормо жана котормо таануу — 37 760.

Европа цивилиязациясы факультети

Сырттан окуу бөлүмү жок.
Окутулуучу тилдер: англис, немец, италия, француз.
Багыттары:
Тилди окутуунун методикасы жана теориясы
Англис тили — 35 500.
Котормо жана котормо таануу
Англис тили — 35 500.
Тилди окутуунун методикасы жана теориясы
Немец тили — 33 000.
Котормо жана котормо таануу
Немец тили — 33 000.
Чет тили
Англис тили — 35 000.
Чет тили
Немец тили — 33 500.
Филологиялык дисциплиналарды окутуу
Англис тили — 35 000
Филологиялык дисциплиналарды окутуу
Немец тили — 33 500.
Котормо жана котормо таануу
Англис тили — 38 000.
Котормо жана котормо таануу
Немец тили — 33 500.
© Фото / официальный сайт БГУБишкек мамлекеттик университети
Бишкекский государственный университет им. Кусеина Карасаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2022
Бишкек мамлекеттик университети

Экономика жана финансы факультети

Чет тилдерин тереңдетип окутуу менен.
Багыттары:
Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит
күндүзгү бөлүм — 34 000;
сырттан окуу — 31 000.
Финансы, кредит жана банк иши
күндүзгү бөлүм — 34 000;
сырттан окуу — 31 000.
Ишкананы экономикалык жактан башкаруу
күндүзгү бөлүм — 33 000;
сырттан окуу — 29 360.
Салык жана салык төлөө
күндүзгү бөлүм — 33 500;
сырттан окуу — 30 000.
Бизнес информатика
күндүзгү бөлүм — 32 050.
Бизнести башкаруу
күндүзгү бөлүм — 32 050.

Социалдык-психологиялык факультет

Чет тилдерин тереңдетип окутуу менен.
Багыттары:
Социалдык иш
күндүзгү бөлүм — 31 860;
сырттан окуу — 29 360.
Психология
күндүзгү бөлүм — 33 980.
Политология
күндүзгү бөлүм — 31 860.
Социология
күндүзгү бөлүм — 31 860.
Журналистика жана маалыматтык система
Чет тилдерин тереңдетип окутуу менен.
Документтер менен камсыз кылуу
күндүзгү бөлүм — 29 990.
Китепкана-маалымат иштери
күндүзгү бөлүм — 29 990;
сырттан окуу — 28 000.
Журналистика
күндүзгү бөлүм — 32 480;
сырттан окуу — 31 360.
Басмакана иши
күндүзгү бөлүм —31 010.

Кыргыз филологиясы факультети

Окутулуучу тилдер: кыргыз, түрк
Багыттары:
Лингвистика: тилди окутуунун теориясы жана методикасы
күндүзгү бөлүм — 31 040.
Филологиялык билим берүү: кыргыз тили жана адабияты
күндүзгү бөлүм — 31 020.
сырттан окуу

Кыргыз филологиясы

күндүзгү бөлүм — 30 020.
Кыргыз эмес мекемелерге кыргыз тилин үйрөтүү
күндүзгү бөлүм — 32 040.
© Фото / официальный сайт БГУБишкек мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүлөрү
Бишкекский государственный университет им. Кусеина Карасаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2022
Бишкек мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүлөрү

Славян таануу факультети

Үйрөтүлүүчү тилдер: орус, кыргыз, англис, поляк, белорус.
Багыттары:
Орус тили жана адабияты
күндүзгү бөлүм — 31 990;
сырттан окуу — 29 360.
Филологиялык дисциплинаны окутуу
күндүзгү бөлүм — 31 990.
Тилди окутуунун теориясы жана методикасы
күндүзгү бөлүм — 32 990.
Котормо жана котормо таануу
күндүзгү бөлүм — 32 990.
Орус тилин чет тили катары окутуу
күндүзгү бөлүм — 32 990.
Баштапкы билим берүүнүн методикасы жана теориясы
күндүзгү бөлүм — 31 990;
сырттан окуу — 30 000.
Логопедия
күндүзгү бөлүм — 31 990.
Мектепке чейинки педагогика жана психология
күндүзгү бөлүм — 31 990.
Социалдык педагогика
күндүзгү бөлүм — 31 990.
Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы
күндүзгү бөлүм — 30 000.

Экология жана менеджмент факультети

Үйрөтүлүүчү тилдер: орус, кыргыз, англис, поляк, белорус.
Багыттары:
Кичи жана орто бизнести башкаруу
күндүзгү бөлүм — 32 230;
сырттан окуу — 29 360.
Рекреациялык география, жергиликтүү тарых жана туризм
күндүзгү бөлүм — 31 230.
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу
күндүзгү бөлүм — 33 470;
сырттан окуу — 30 000.
Экология жана жаратылышты колдонуу
күндүзгү бөлүм — 31 230.
Туризм
күндүзгү бөлүм — 31 470;
сырттан окуу — 31 360.

Бишкек мамлекеттик университетинин тарыхы

Бишкек гуманитардык университетинин тарыхы орус тили жана адабияты боюнча таанылган Фрунзе педагогикалык институтунан башталат. Ал 1979-жылы негизделген. 1992-жылы педагогикалык институттун базасында Мамлекеттик тилдер жана гуманитардык илимдер факультети түзүлгөн.
Бир нече жыл өткөндөн кийин ЖОЖ жогорку статус алып, Бишкек гуманитардык университети деп аталат. Окуу жайга академик Кусеин Карасаевдин аты ыйгарылган.
2019-жылы гуманитардык университет мамлекеттик болуп аталды. Мындай демилге университеттин окумуштуулар кеңеши тарабынан көтөрүлүп, өкмөттөн колдоо тапкан. Буга чейин билим берүү мекемеси дүйнөлүк университеттер менен түз диалог жүргүзүүдө чектелүү эле, анткени "гуманитардык" деген аталыш алар тарабынан тар профилдеги билим берүү мекемеси катары кабыл алынган, бул өз ара мамилелердин деңгээлинде байкаларлык чагылдырылган. Ректор Абдылда Мусаевдин айтымында, мамлекеттик статус БМУга көп мүмкүнчүлүктөрдү ачат, бирок негизги адистиктерди окутуу багыттары сакталган. Иш мурунку багытта эле улана бермекчи.
2021-жылдын 29-сентябрында университеттин аймагында Кусеин Карасаевдин эстелиги орнотулуп, ачылышына мамлекеттик аткаминерлер катышкан. Алар Карасаев кыргыз тилинин даанышманы, мыкты тарыхчы, тилди тыкыр изилдеп, талыкпай эмгектенген өжөр окумуштуу экенин белгилешти.
Бүгүн университет бир нече илимий борборду, институттарды жана колледждерди ачып кеңейди. БМУда эл аралык мамилелердин чоң сектору бар, бул студенттерге алмашуу программаларына катышууга, окууга, практикага же Европанын жана Азиянын 70 университетинде машыгууга мүмкүнчүлүк берет. Каалоочулардын дүйнөлүк 16 тилди тандоо укугу бар.
Чет элдик коноктор байма-бай келип турат. 2021-жылдын августунда Кореянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджае келди. Өткөн жылдын апрель айында студенттер Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харази менен, ошол эле жылдын март айында Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Шигеки менен жолугушкан.
Бир нече жыл мурун БМУда Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы түзүлгөн. Анын арты менен бүтүрүүчүлөрдүн бардык муунунун башын бириктирүү, корпоративдик духту жана маданиятты бекемдөө максаты ишке ашты. Ассоциациянын өнүгүүсүнүн дагы бир маанилүү вектору болуп окуу жайдын позитивдүү имиджин республиканын ичинде да, чет өлкөлөрдө да алдыга жылдыруу саналат.

БМУнун белгилүү бүтүрүүчүлөрү:

кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров;
ЖК депутаты Мирлан Самыйкожо;
Кыргызстандын БУУдагы өкүлү Аида Касымалиева;
Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова;
КРдин мурдагы билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева;
Билим берүү жана методдорду колдонууну баалоо борборунун директору Чынара Батракеева;
Коомдук ишмер, Бишкек шаардык кеңешинин мурунку депутаты Союзбек Салиев;
ЖКнын мурунку депутаты Алмамбет Шыкмаматов.
© Фото / из личного архива Эрнеста Абдыжапарова

Еинорежиссер Эрнест Абдыжапаров

Еинорежиссер Эрнест Абдыжапаров - Sputnik Кыргызстан
1/8

Еинорежиссер Эрнест Абдыжапаров

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша

ЖК депутаты Мирлан Самыйкожо

ЖК депутаты Мирлан Самыйкожо - Sputnik Кыргызстан
2/8

ЖК депутаты Мирлан Самыйкожо

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Кыргызстандын БУУдагы өкүлү Аида Касымалиева

Кыргызстандын БУУдагы өкүлү Аида Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
3/8

Кыргызстандын БУУдагы өкүлү Аида Касымалиева

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова - Sputnik Кыргызстан
4/8

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

КРдин мурдагы билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева

КРдин мурдагы билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева - Sputnik Кыргызстан
5/8

КРдин мурдагы билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Билим берүү жана методдорду колдонууну баалоо борборунун директору Чынара Батракеева

Билим берүү жана методдорду колдонууну баалоо борборунун директору Чынара Батракеева - Sputnik Кыргызстан
6/8

Билим берүү жана методдорду колдонууну баалоо борборунун директору Чынара Батракеева

© Sputnik / Асель Сыдыкова

Коомдук ишмер, Бишкек шаардык кеңешинин мурунку депутаты Союзбек Салиев

Коомдук ишмер, Бишкек шаардык кеңешинин мурунку депутаты Союзбек Салиев - Sputnik Кыргызстан
7/8

Коомдук ишмер, Бишкек шаардык кеңешинин мурунку депутаты Союзбек Салиев

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша

ЖКнын мурунку депутаты Алмамбет Шыкмаматов

ЖКнын мурунку депутаты Алмамбет Шыкмаматов - Sputnik Кыргызстан
8/8

ЖКнын мурунку депутаты Алмамбет Шыкмаматов

1/8

Еинорежиссер Эрнест Абдыжапаров

2/8

ЖК депутаты Мирлан Самыйкожо

3/8

Кыргызстандын БУУдагы өкүлү Аида Касымалиева

4/8

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова

5/8

КРдин мурдагы билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева

6/8

Билим берүү жана методдорду колдонууну баалоо борборунун директору Чынара Батракеева

7/8

Коомдук ишмер, Бишкек шаардык кеңешинин мурунку депутаты Союзбек Салиев

8/8

ЖКнын мурунку депутаты Алмамбет Шыкмаматов

Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректорлору:

Скирдов Василий Данилович;
Янцен Валентин Корнеевич;
Коңкобаев Кадыралы Коңкобаевич;
Тургуналиев Топчубек Тургуналиевич;
Болжурова Ишенгүл Садыковна;
Мусаев Сыртбай Жолдошевич;
Эргешов Абжапар Абдразакович;
Асанбеков Муканмедий Керезович;
2011-жылдан бери Мусаев Абдылда Инаятович.
© Sputnik / Асель Акматалиева

Топчубек Тургуналиев

Топчубек Тургуналиев - Sputnik Кыргызстан
1/4

Топчубек Тургуналиев

© Фото / Константин Кондратенко

Ишенгүл Болжурова

Ишенгүл Болжурова - Sputnik Кыргызстан
2/4

Ишенгүл Болжурова

© Sputnik / Жоомарт Ураимов

Сыртбай Мусаев

Сыртбай Мусаев - Sputnik Кыргызстан
3/4

Сыртбай Мусаев

© Фото / официальный сайт БГУ

Абдылда Мусаев

Абдылда Мусаев - Sputnik Кыргызстан
4/4

Абдылда Мусаев

1/4

Топчубек Тургуналиев

2/4

Ишенгүл Болжурова

3/4

Сыртбай Мусаев

4/4

Абдылда Мусаев

БМУ тууралуу маалымат

Бүгүн БМУда 419 окутуучу, ошону менен бирге 20 илимдин доктору, 90 илимдин кандидаты, 10 профессор, 43 доцент, 7 538 студент, 15 компьютердик класс, 6 эл аралык борбор, 13 маданий-билим берүү борбору, 3 спорт аянты, 8 машыгуу залы, бейтапкана, 259 713 китеби бар китепкана, 3 окуу залы, 2 китеп сактоочу зал бар.
Дареги: Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 27.
Телефондор: (312) 21-86-59, (312) 54-32-21.
Сайт: www.bhu.kg.
Жаңылыктар түрмөгү
0