Россия КРге 10 млн. доллар грант берет, 8 млн. долларга өрт өчүргөн техника жөнөтөт

© Sputnik / Акылбек БатырбековӨрт өчүргөн техника. Архив
Өрт өчүргөн техника. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2022
Жазылуу
Гранттык каражат бюджетти колдоо багытында алынып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Россия Кыргызстанга 10 миллион доллар грант берет. Бул туурасында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, каражат бюджетти колдоого жумшалат.
"Бул боюнча маселелер чечилип, сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү", — деди Кулубаев.
Мындан сырткары, министр Россия тарап ӨКМге баасы 8 миллион доллар турган өрт өчүрүүчү жана куткаруу техникаларын жардам катары берерин белгиледи. Аталган техникалар жакын арада Кыргызстанга келип түшөт.
Жалал-Абад облусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2022
Быйыл Региондорду өнүктүрүү фондуна 2,1 миллиард сом берилет
Жаңылыктар түрмөгү
0