Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Умралиева: мектеп директорун тандоо сынагында 80дей суроо берилет

© Sputnik / Асылбек БактыбековМектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Самаргүл Умралиева
Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Самаргүл Умралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2022
Жазылуу
Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Самаргүл Умралиева акыркы эки жылда бул жайларда окутуунун сапаты абдан түшүп кеткенин айтты.
Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде кадр тандоону акыйкат жүргүзүү, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн Кыргызстанда жаңы окуу жылына чейин миңге чукул мектептин жетекчисин алмаштырат. Мындан ары директорлор беш жылдык мөөнөткө дайындалып, андан ашык иштегендери кызматтан алынмай болду. Бул тууралуу Самаргүл Умралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Умралиева: мектеп директорун тандоо сынагында 80дей суроо берилет
Анын айтымында, мектеп директору бардык шарты түзүлгөн мектепке келип иштегендиктен, беш жылдык мөөнөт билим деңгээлин көтөрүүгө, жаңы программасын киргизүүгө жетет.
"Буга чейин Жогорку Кеңешке, министрлер кабинетине жана Билим берүү министрлигине мектеп директорлоруна байланыштуу арыздар түшүп келген. Анда мектептеги башкаруу системасынын начардыгы, ата-энелерден мыйзамсыз акча чогултуулар болуп жатканы тууралуу айтылчу. Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгындагы тогуз адис өлкөдөгү 2333 мектептеги абалды жөнгө салууга жетишчү эмес. Билим берүү жана илим министрлигинин планы боюнча ар 2-3 жылда бир окуучулардын билим сапаты, жетишкендиги текшерилип турат. Улуттук баалоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, акыркы эки жылда мектептердеги билим сапаты абдан түшүп кеткен. Ошондой эле быйыл ЖРТнын орточо баллы да былтыркыга салыштырмалуу төмөн болду. Андыктан Садыр Жапаровдун 12-июлда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жарлыгына ылайык, беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматтан алынат жана мындан ары билим берүү мекемелеринин жетекчилери сынактык тандоонун жыйынтыгы менен беш жылга дайындалат. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору мектеп директорлорун тандоо сынагын өткөрөт. Мында адамдык фактор жок. Сынакта болочок директорго педагогика, психология, IT жана башкаруу жөндөмдүүлүгү, ошондой эле билим берүү жаатына байланыштуу мыйзамдар тууралуу 80дей суроолор берилет. Сынактын жыйынтыгын биринчи талапкер көрөт, андан кийин гана администратор көрө алат. Эң жогорку балл алган адам беш жылга директор болуп дайындалат", — деди Умралиева.
Ал азыркы учурда мектеп директорлорун сынак менен тандоо иш-чарасы Билим берүү министрлигинин Таластагы эки ведомстволук мектебинде жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0