Нарын мамлекеттик университетине кантип өтүүгө болот?

© Фото / Нарынский государственный университетНарын мамлекеттик университети
Нарын мамлекеттик университети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2022
Жазылуу
Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети (НМУ) 2022-жылга карата абитуриенттерди кабыл алууга даярданууда. Материалда биз ЖОЖго кантип тапшыруу керектиги тууралуу кенен айтып беребиз.
Sputnik Кыргызстан агенттиги абитуриенттерге адистик тандоодо жардам иретинде Сатыбалды Нааматов атындагы НМУ тууралуу бардык маалыматтарды чогултту.

НМУга кантип тапшырса болот?

1.
Окуу контракттык жана бюджеттик негизде күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.Окууга өтүү Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен сайт аркылуу онлайн кабыл алынат.
2.
Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайлары министрликтин сайтында керектүү маалыматтарды камтуу менен көрсөтүлөт. Сиз ЖОЖду, багытты, адистикти тандап, ЖРТнын электрондук билетин тапшырышыңыз керек.
3.
Тиешелүү окуу тармагында көрсөтүлгөн предметтик тесттин жыйынтыгы да талап кылынат. Негизги тесттен тышкары, тандаган факультетиңизге жараша кошумча тест талап кылынат (кеминде 60 балл).
4.
Эгерде сынактын жыйынтыгы ийгиликтүү болсо, сиз кабыл алуу процедурасынан өтүп өз адистигиңиз боюнча окууга ниетиңизди окуу жайына ырасташыңыз керек. Бул үчүн кыска мөөнөт ичинде автоматташтырылган маалымат системасына паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жалпы орто билими жөнүндө аттестат же орто кесиптик билими тууралуу диплом, аттестаттын титул барагы, окуу акысын төлөгөндүгү тууралуу квитанция (же келишим) тиркелиши керек.
Бардык документтердин түп нускасы окуу жылынын башында университетке тапшырылышы зарыл.
Нарын мамлекеттик университетине тапшыруу үчүн кандай документтер керек?
жалпы орто же орто кесиптик билимин тастыктаган мамлекеттик документ;
3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
ЖРТ сертификаты;
паспорт жана (же туулгандыгы тууралуу күбөлүк) анын көчүрмөсү;
контракттын 25%ы төлөнөт.

НМУнун факультеттери жана адистиктери:

Агрардык-техникалык факультет:
агрономия.
Айыл чарба азыктарын иштеп чыгуу:
мал чарба продуктуларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы;
айыл чарба өсүмдүктөрүнүн азыктарын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы.
Экология жана жаратылышты колдонуу:
экология.
Жерге жайгаштыруу жана кадастр:
жерге жайгаштыруу.
Дизайн:
кийим дизайны;
графика дизайны (ЖРТнын кереги жок).
Транспорт процессинин технологиясы:
автомобиль транспортун уюштуруу жана башкаруу;
уюштуруу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу;
транспорттук бажы иши.
Электроэнергетика жана электротехника:
электр станциялары;
ЖЭБ.
Курулуш:
магистралдар жана аэропорттор;
жылуулук жана желдетүү;
суу менен жабдуу жана канализация.
Логистика:
транспорттук логистика.
Информатика жана компьютердик инженерия:
маалыматты иштеп чыгуунун жана башкаруунун автоматташтырылган системасы.
Прикладдык информатика:
экономикада прикладдык информатика.
Саламаттык сактоо информатикасы жана биомедициналык инженерия:
Саламаттык сактоо информатикасы (информатика здравоохранения).
Аралыктан окутуу бөлүмү:
педагогика (мектепке чейинки билим берүү, башталгыч билим берүү);
искусство жаатында билим берүү;
табият таануу билими (биология, химия, география);
электроэнергетика жана электротехника (электр станциялары);
транспорттук процесс технологиясы (коопсуздук жана жол кыймылын башкаруу);
экономика (финансы жана насыя, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит);
социалдык-экономикалык билим берүү (тарых, адам жана коом, укук таануу).
Педагогикалык факультет:
мектепке чейинки билим берүү;
баштапкы билим.
Искусство билими:
искусство (музыка) (ЖРТ талап кылынбайт);
көркөм өнөр (ЖРТ талап кылынбайт).
Табият таануу билими:
химия;
биология;
география.
Социалдык-экономикалык билим берүү:
тарых;
адам жана коом;
укук таануу.
Физика-математикалык билим берүү:
информатика;
математика;
физика.
Филология факультети:
кыргыз тили жана адабияты;
орус тили жана адабияты;
англис тили жана адабияты;
немец тили жана адабияты;
кытай тили жана адабияты;
адабий чыгармачылык (ЖРТ талап кылынбайт).
Экономика, менеджмент жана дене тарбия факультети:
экономика (финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит); менеджмент (тармактык жана ишмердүүлүк багыттары боюнча уюмду башкаруу);
мамлекеттик муниципалдык башкаруу;
туризм;
юриспруденция (жарандык укук);
дене тарбия жана спорт (аскерге чакырылганга чейинки даярдоо) (ЖРТнын кереги жок).
Аралыктан билим берүү:
педагогика (мектепке чейинки окутуу, баштапкы билим берүү);
көркөм искусство;
табигый илимдер (биология, химия, география);
электроэнергетика жана электротехника;
транспорттук процесс технологиясы;
экономика (финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит);
социалдык-экономикалык билим берүү (тарых, адам жана коом, укук таануу);
Магистратура, аспирантура жана докторантура:
педагогика (мектепке чейинки билим берүү, баштапкы билим берүү, жогорку билим берүү);
физика-математикалык билим берүү (физика, математика, информатика);
филологиялык билим берүү (кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, чет тилдер);
менеджмент (агрардык менеджмент, билим берүүдөгү башкаруу, бизнести башкаруу, финансылык менеджмент, жалпы жана стратегиялык башкаруу).

Контракттык бөлүмдө окуунун баасы:

бакалавр (күндүз) — 23 100 сомдон башталат;
магистратура — 35 000 сомдон башталат;
колледж — 16 000 сомдон башталат.
© Фото / Нарынский государственный университетНарынский государственный университет
Нарынский государственный университет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2022

Университеттин тарыхы:

Нарын мамлекеттик университети бийик тоолуу жергебизде 1996-жылдын 22-майында Кыргызстандын президентинин жарлыгы менен Нарын айыл чарба техникумунун, Кадырбай Мамбетакунов атындагы педагогикалык окуу жайынын, облустук Мугалимдердин билимин жогорулатуу институтунун жана Кыргыз архитектуралык курулуш институтунун облустук филиалынын базасында ачылган.
Университеттин ачылышы Нарын эли үчүн чоң сыймык болуп, республикага керектүү жогорку билимдүү кадрларды даярдоо менен гана чектелбестен, калктын социалдык-маданий маселелерин чечүүгө да салым кошту.
КР өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы токтомуна ылайык, Нарын мамлекеттик университетине Сатыбалды Нааматовдун ысымы ыйгарылган.
Сатыбалды Нааматов кыргыз интеллигенциясынын 1920-30-жылдардагы алгачкы билимдүү өкүлдөрүнүн бири, ал бир нече окуу китептеринин автору катары өлкөдөгү сабатсыздыкты жоюу, социалдык-маданий, агартуу тармагына эбегейсиз салымын кошкон инсан катары белгилүү.
Азыркы убакта Нарын мамлекеттик университетинде күндүзгү бөлүмдө төрт факультет: агрардык-техникалык, педагогикалык, экономика жана дене тарбия маданияты факультети, филология факультети бар. Сырттан окутуу департаменти жана Нарын педагогикалык колледжи, Агрардык-экономикалык колледж, Мугалимдердин билимин өркүндөтүү борбору ачылган.
Ар бир факультетте заманбап компьютердик класстар бар. Бардык компьютерлер интернет түйүндөрүнө кошулгандыктан профессордук-окутуучулук жамаат жана студенттер үчүн кенен мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.
Бүгүн окуу жайда 113 педагог (төртөө илимдин доктору, 47си илимдин PhD-доктору) эмгектенип, 3 934 студент (анын ичинен 1121и чет элдик) билим алып жатат.
Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2022
КГУСТАга кантип өтүүгө болот. Толук маалымат
Жаңылыктар түрмөгү
0