00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
2 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
07:46
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Асылбеков: милиция кесибин кокусунан тандап алгандар иштеп кете албайт

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май күзөт бөлүмүнүн батальонунун милиционери, милициянын старшинасы Калыбек Асылбеков
ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май күзөт бөлүмүнүн батальонунун милиционери, милициянын старшинасы Калыбек Асылбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2022
Жазылуу
ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май күзөт бөлүмүнүн батальонунун милиционери, милициянын старшинасы Калыбек Асылбеков өлкөдө уурулук жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көп катталарын айтты.
Атам өз учурунда милиция кызматында иштеп, бир топ оор кылмыштын бетин ачкан кызматкер эле. Мен атамдын жолун жолдоп укук коргоо органдарына келип калдым. Ошентсе да алгач жакындарым тандоомо каршы болушкан. Бул тууралуу Калыбек Асылбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Асылбеков: милиция кесибин кокусунан тандап алгандар иштеп кете албайт
Анын айтымында, кесипти каалоосу жок тандап, кокусунан келип калган адамдар милицияда иштеп кете албайт.
"Учурда Эл аралык университетте юриспруденция факультетинде окуйм. Башынан эле элге кызмат кылып, укуктарын коргоого жардам берүүнү каалачумун. Азыр бул кызматка келгениме алты жыл болду. Ошол иш тажрыйбам менен айта турган болсом, милициянын жашоосу, жумушу тасмалардагыдай кооз эмес, кылмыштын бетин ачуу абдан оор. Учурда өлкөдө уурулук жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көп катталууда. Бирок санариптештирүүнүн, заманбап технологиянын өнүгүшү менен кылмышкерлерди кармоо процесси жеңилдеди. Ал эми акыркы окуя менин эсимде көпкө калат деп ойлойм. 24-июнь күнү Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы боюнча департаментинин имаратын кайтаруу учурунда Чокморов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде эки жолу жарылуу болгонун уктум. Көп кабаттуу үйдөгү батирде өрт чыгып жатканын көрүп, алгач подъезддеги электр щитти өчүрдүм. Өрт чыгып жаткан батирдин катуу жабылып калган эшигин ачууга аракет кылып жаткан учурда балдардын жардамга чакырган үндөрү угулду. Жергиликтүү тургундун жардамы менен эшикти ачып кирип, батирден 4-5 жаштагы кызды жана апасын үйдөн чыгарууга жетиштим. ӨКМдин кызматкерлери келгенче биз өрттүн негизги бөлүгүн өчүрүүгө үлгүрдүк. Мындай окуялар негизи иш тажрыйбабызда болуп эле турат. Бул үчүн 4-июль күнү ИИМдин Борбордук аппаратында Каармандык медалы менен сыйландым. Биз үчүн чоң стимул. Келечекте менин дагы балам ата кесибин улантса дейм", — деди Асылбеков.
Ал милициянын кадыр-баркын элден түшкөн арызды өз учурунда аткаруу, алардын укугун коргоо жана иштин жыйынтыгы менен көтөрсө болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0