https://sputnik.kg/20220705/rossiyanyn-gazy-britaniya-ishkana-1065818088.html
Россиянын газы жок Британиядагы бир топ ишканалар жабылышы ыктымал
Россиянын газы жок Британиядагы бир топ ишканалар жабылышы ыктымал
Sputnik Кыргызстан
Газ жетишсиздигинен айнек жана керамика чыгаргандар жапа чегери айтылууда. 05.07.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-07-05T11:42+0600
2022-07-05T11:42+0600
2022-07-05T11:42+0600
дүйнөдө
улуу британия
россия
газ
жылуулук
завод
https://sputnik.kg/img/07e6/07/05/1065813889_0:321:3071:2048_1920x0_80_0_0_255514f473199dc61552eebb62142473.jpg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Эгер Россия Европага газ берүүнү токтотсо, кыш көгүлтүр оттун жетишсиздигине алып келип Улуу Британияда бир топ ишкана жабылышы ыктымал. Мындай макала Financial Times басылмасына жарыяланды. Анда жазылгандай, энергияны көп колдонгон ири өнөр жайчылар суук түшсө бир нече завод жылуулукту колдонууга коюлган чектөөлөрдөн улам ишин токтотушу ыктымал экенин өкмөткө эскертүүгө камынып жатат.Британия өкмөтү бул кышта газ колдонууга норма киргизбей турганын айтууда. Ошол эле учурда Евробиримдик Россия газ берүүнү токтотуп калышы ыктымал деген кооптонуу менен фабрика жана турак үйлөрдү көгүлтүр отту азыраак пайдаланууга чакырып жатат.Россия Украинага карата атайын операцияны баштаган соң Батыш өлкөлөрү жана АКШ Москвага катар-катар санкцияларды салган. Алар биринчи иретте банк секторуна жана жогорку технологиялуу продукцияларга кесепетин тийгизиш керек дешкен. Бирок бул Европанын өзүнө сокку уруп, Батыш өлкөлөрүндө күйүүчү май, азык-түлүк кымбаттап көптөгөн жарандардын нааразылыгын жаратууда.
https://sputnik.kg/20220705/rossiyaga-karshy-sanktsiyalar-batyshtyn-ozuno-bumerang-bolup-zhatkanyn-aytty-1065816084.html
улуу британия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/07/05/1065813889_141:0:2872:2048_1920x0_80_0_0_cc64c89dc1226b97930f30c9b8c023c4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, улуу британия, россия, газ, жылуулук, завод
дүйнөдө, улуу британия, россия, газ, жылуулук, завод
Россиянын газы жок Британиядагы бир топ ишканалар жабылышы ыктымал
Газ жетишсиздигинен айнек жана керамика чыгаргандар жапа чегери айтылууда.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Эгер Россия Европага газ берүүнү токтотсо, кыш көгүлтүр оттун жетишсиздигине алып келип Улуу Британияда бир топ ишкана жабылышы ыктымал. Мындай макала
Financial Times басылмасына жарыяланды.
Анда жазылгандай, энергияны көп колдонгон ири өнөр жайчылар суук түшсө бир нече завод жылуулукту колдонууга коюлган чектөөлөрдөн улам ишин токтотушу ыктымал экенин өкмөткө эскертүүгө камынып жатат.
"Газ жетишсиздигинен өзгөчө айнек жана керамика чыгаргандар жапа чегери айтылууда", — деп жазылат макалада.
Британия өкмөтү бул кышта газ колдонууга норма киргизбей турганын айтууда. Ошол эле учурда Евробиримдик Россия газ берүүнү токтотуп калышы ыктымал деген кооптонуу менен фабрика жана турак үйлөрдү көгүлтүр отту азыраак пайдаланууга чакырып жатат.
Россия Украинага карата атайын операцияны баштаган соң Батыш өлкөлөрү жана АКШ Москвага катар-катар санкцияларды салган. Алар биринчи иретте банк секторуна жана жогорку технологиялуу продукцияларга кесепетин тийгизиш керек дешкен. Бирок бул Европанын өзүнө сокку уруп, Батыш өлкөлөрүндө күйүүчү май, азык-түлүк кымбаттап көптөгөн жарандардын нааразылыгын жаратууда.