Сиңдим менин өмүрүмдү сактоо үчүн капчыктуу кишиге көңүлдөш болуптур. Кыздын каты

© Фото / Pixabay/ DisarmЭркек менен аял жолугушууда. Иллюстративдик сүрөт
Эркек менен аял жолугушууда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына ата-энесинен кичинесинде эле ажырап калган кыздар учурдагы оор тагдырын айтып кат жазган.
Саламатсыздарбы! Атым Жибек, 26 жаштамын, Бермет аттуу 24 жаштагы сиңдим бар. Экөөбүз ата-энеден эрте калдык. Мен 11 жашка чыкканда атам менен апам жол кырсыгынан каза болуп, таежем менен жездемдин колунда калганбыз. Алар бизди өзүнүн үч баласына кошуп колдон келишинче багып, тарбия беришти. Кичи райондордо бир бөлмөлүү батирибизди ижарага берип, анын акчасын биздин эле тамак-аш, кийим-кечебизге жумшады. Атургай таежем ошондон акча арттырып жыйнап жүргөн экен, кийин мени университетке окутту. Окуумду аяктап, жумушка орношкондо "чоңойдуңар, эми өз жаныңарды өзүңөр бага аласыңар" деп баягы үйүбүздөгү ижарачыларды чыгарып, бизди киргизип коюшту. Ал убакта сиңдим чач тарачтын окуусун окуп, сулуулук салонунда иштеп калган. Ошентип экөөбүздүн өзүнчө жашообуз башталды. Бирок баары биз күткөндөй жеңил-желпи болгон жок. Бир нече ай өткөндөн кийин эле менин бөйрөгүм ооруй баштады. Жаштык кылып, анча этибар албай бир жылдай жүрдүм. Бир күнү приступ болуп жыгылып, ооруканага тез жардам менен жеткиришти. Көрсө оору өтүшүп кетиптир. Ошондон бери кымбат дарыларды ичип, гемодиализ алам. Дарыга чыдаса болот, гемодиализдин акчасы оңбогудай экен. Мурда бекер эле, азыр акчага тазалатууга туура келет. Баштапкы бир жылында сиңдим тикесинен тик туруп иштеп, болгон акчасын менин дарылануума кетирип жүрдү. Кийин алыбыз жетпей калганда үйдү күрөөгө коюп кредит алдык. Бир аз жакшы болгондо өзүм акча табам деп кайра жумушка киргем. Бирок ден соолугум көпкө создурган жок.
Кол кармашып турган түгөй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2022
Жалгыз уулум балалуу болгусу келбейт, тукумум үзүлүп калабы? Атанын арманы
Акыркы айларда сиңдим эмнегедир көбүрөөк акча таап калды. Банктан кредитти төккүлө деп жанды койбой чалып турушчу, алар да унчукпай калды. Эмне болду десем "эки салондо иштеп жатам, экинчи салондун акчасы аябай жакшы" деп койду. Башында ишенип, кудуңдап аткам. Көрсө ал кошумча жумушта иштебей эле акча табуунун башка жолун таап алыптыр. Аны мага "Бермет жашы 50гө чукулдап калган бизнесмен менен жүрөт" деп курбусу айтты. Өзүнөн сурасам, мени жаман көрүп уруша кетти. Андан кийин "жалгыз бир тууганым ооруп, батирибизди банк алып алганы жатса башка айлам барбы?" деп буркурап ыйлады. Ага кошулуп мен да ыйладым. 23 жашында ушундай турмушка мажбур болгон сиңдимди аядым. Өзүмдү да күнөөлөдүм. Ата-энебиз тирүү болгондо санаасыз жашабайт белек. Эми эмне кылсам болот? Бир чети чоң киши менен жүрө бер деп айта албайм. Экинчиден, үйүбүздү алдырып жиберишибиз мүмкүн, мен да оорукчан болуп калдым. Башым маң. Күндө шолоктоп ыйлайм. Сиңдимдин да маанайы жок, жаш туруп жашоодон көңүлү калгандай. Аны көрүп жанымды коёрго жер таппайм. Кандай кылсам?
Психолог Гүлнара Жасоолова: Негизи ар бир киши жашоосунда өзү гана тандоо жасайт. Туура, сиз сиңдиңиздин келечегин ойлоп жатасыз. Биз өткөн чакты эстеп кейий бергенибиз менен келечекте эмне болорун эч ким билбейт. Кыргызда "кара кыздын агынан эмес, багынан" деген сөз бар. Мүмкүн сиңдиңиз келечекте өз теңин таап бактылуу болуп кетет. Сиз ансайын кайгырып ыйлай бербеңиз, катуу депрессияга түшүп калышыңыз да мүмкүн. Дайыма тынчсыздана берүү депрессиянын клиникалык абалына кептеп коюшу ыктымал. Сиңдиңиз сизди аяптыр, бирок ал бул чечимди өзү чыгарды да. Ошол себептен өзүңүздү да анчалык күнөөлөй бербеңиз. Жашоодо жоопкерчилик менен бирге эле катачылыгын моюнга алуу эрежеси да бар. Эгер ал кыз бул кадамын катачылык катары эсептесе анда өзү оңдоого белсенет. Сиз ыйлап же кечке айтуу менен көп нерсени өзгөртө албайсыз. Бир тууганыңыз сиз үчүн ушул кадамга барса анда ал кишиге сезими жок, аргасыздыктан болгон. Эгер аны жакшы көрүп калса, анда өз көңүлү менен көңүлдөш болууда. Сиңдиңиз да бирөөнүн бүлөсү, эне болушу керек. Ал бул кадамга күнүмдүк кыйынчылыктардан улам жаштыгы менен барып жатат деп ойлойм. Ошол себептен эже-сиңди бетме-бет отуруп алып баарын так, ачык сүйлөшүп алганыңар оң. Анализдеп чыккыла. Абалдан чыгуунун башка оптималдуу жолдорун да караштыргыла.
Үй-бүлөлүк зомбулук учурлары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2022
Жалгыз кызымды күйөө баламдын токмогунан куткара албай кыйналдым. Эненин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0