Жалгыз кызымды күйөө баламдын токмогунан куткара албай кыйналдым. Эненин каты

© Sputnik / Табылды КадырбековҮй-бүлөлүк зомбулук учурлары. Иллюстративдик сүрөт
Үй-бүлөлүк зомбулук учурлары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына кызынын турмушуна кейип жүрүп өмүрү өтүп баратканын айткан эне кат жазган.
Саламатсыздарбы! Жалгыз кызымдын тагдыры мени бушайман кылып, кат жазууга аргасыз болдум. Кызым өзү кырктан өтүп калды, кайнене деле болду. Бирок турмуштан багы ачылбады. Азыр үч кыздын энеси. Улуу кызын турмушка узаткан. Күйөө балам жакшы эле адам, бирок ичип алса андан өткөн жинди жок. Экөөнүн турмуш курганына 20 жыл болсо да кызым токмоктон башы арылбай, көзүнүн жашы тыйылбай келет. Башында билген эмесмин. Кийин балдары окуп калганда билип калып алып келип алгам. Андан кийин күйөөсү келип, жалынып-жалбарып кечирим сурап, экинчи колум тийбейт деп жатып алып кеткен. Барганда деле жарым жылга жетпей кайра эле ичип алып кол көтөрүптүр. Себин берип, үйүнө колдон келген оокатымдын баарын бердим эле. Барсам идиштеринен эч нерсе жок. Көрсө күйөөсү ичсе эле талкалайт экен. Уруп койсо эле мага чалып ыйлап зээнимди кейитет. Мындан бир жыл мурда баары жаныма батканда барып, кызым "болду, жашабайм" дегенинен кайын журтун чакырып, маселесин ортого салып акырын көчүрүп кеткем. Кичүү кызын колума алып калып, өзүн экинчи кызы менен шаарга иштегени кетиргем. Бир жыл өтпөй күйөө балам издеп таап алып, баягысындай кечирим сурап батирине кирип кетпей коюптур. Аны 5-6 күн мурун угуп калып абдан ачуум келип, кан басымым көтөрүлдү. Ачуум менен телефон чалып кызымды да катуу тилдедим. Ошондон бери сүйлөшпөй жатам. Урса деле көңүлү калбай койду же анысын мага айтпай койбойт. Жалгыз кызымды ойлоп картайып да кеттим. Андан кичүү эки балам да үйлөнүп-жайланган. Алар жубайлары менен турмуштары жакшы. Кээде келиндерден да уялат экенсиң. Аларга да көп сүйлөй албай калдым. Кызымды уруп жатат го деп эле санаа тартам, үстүлөрүнө кирип алып, токмок жедирбей жашайын десем балам болбойт. Же күйөөсүнүн тапканынын берекеси жок, буттан да тура албай коюшту. Абысын-ажындардын кыздары кычырап келсе "менин кызым деле ушинтип жаркырап жашаса эмне" деп ичимден кейийм. Канткенде кызыма түшүндүрүп, күйөө баладан кутултам. Ажырашып, күйөөсү жок эле токмок жебей жашаса дейм.
Баарлашкан кыздар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Бир тууган эжем деп жүрсөм, ал апам болуп чыкты. Асырап алган кыздын каты

Урмат Курманов, психолог:

— Катыңызды окуп сизди түшүнүп жатам, анткени жалгыз кызыңыздын тагдырына кейип турасыз. Бирок эмнегедир кызыңыз жашоосуна өзү ээ боло албагандай сезилди. Ал күйөөсүнөн таяк жеп, урушуп кетсе да сиз барып аны алып кетип калып, ал үчүн кандайдыр бир чечимдерди чыгарып жүргөндөй элес калтырдыңыз. Эгер адам өз жашоосуна кожоюн боло албаса, жанындагы адамдардын пикиринен көз каранды болуп калат. "Апам эмне дейт, күйөөмчү?" деп ойлонуп эле жашап калат. Психологияда муну курмандыктын позициясы деп коёт. Алар "колумдан эч нерсе келбейт, мен үчүн башка адамдар чечиши керек" деп жашап калат. Сиз да бул жерде жоопкерчиликти, анын жашоосу үчүн милдетти толук мойнуңузга алып жатасыз. Мындай кыла берсеңиз, кызыңыз өз жашоосун колуна алганды эч үйрөнө албай калат. Эми кеч болсо да муну үйрөнүшү керек. Ал үчүн жакшы психолог же психотерапевттерге барып, өзүнүн ички дүйнөсүн иретке келтирип алышы зарыл. Ошондо гана жашоосу оңолот. Анткени практика көрсөтүп жаткандай, азыркы күйөөсүнөн кетип, анан башка жигитке турмушка чыга турган болсо, андан деле ошондой ур-токмок жейт. Анткени өзүнүн жан дүйнөсүндө "мен ушундай гана мамилеге татыктуумун" деген ой пайда болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан бул ар бир адамдын өзүнүн жоопкерчилигинде жатат. Сиз анын милдетин алып, үй-бүлөсүнөн бөлүп кетип калган күндө деле анын позициясы өзгөрбөйт. Чын-чынына келгенде сизди да "эл эмне дейт" деген нерсе көп ойлондуруп жаткандай. Антпеңиз, андан көрө кызыңызга моралдык жактан жардам бериңиз. Ага психолог сөзсүз керек. Бирок азыркы курмандык позициясы менен өз алдынча чечим кабыл ала албайт. Ошол себептен көмөк көрсөтүп, жакшы психолог же психотерапевт таап бериңиз.
Гүл кармаган аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
Атамды көргүм келбейт, апам экөөнүн жарашуусун каалабайм. Таарынган кыздын каты
Жаңылыктар түрмөгү
0