Жалгыз уулум балалуу болгусу келбейт, тукумум үзүлүп калабы? Атанын арманы

© Фото / Pixabay/ rawpixelКол кармашып турган түгөй. Архив
Кол кармашып турган түгөй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жалгыз баласынан тукум калбай калабы деп бушайман болгон ата кат жазган.
Саламатсыздарбы. Психологдон кеңеш сурап кайрылам деп үч уктасам түшүмө кирбептир. Бирок абалым өтө эле татаал болуп турат. Жашым 65те, бир эле уулум бар. Ага чейин аялым экөөбүз кыздуу болгонбуз, бирок аныбыз төрт жашка чыкканда чарчап калган. Ошентип бир баланын көзүн карап отуруп калдык.
Жалгыз балабыздан колдо бар нерсебизди аябай чет өлкөдө окуттук. Өзү да аракетчил болгондуктан мыкты адис. Оокатка тың, үй-жайлуу болду, жакшы акча табат, апасы экөөбүзгө каралашат. Ал жагынан эч нерсе айта албайм. Бирок бир олуттуу көйгөйүбүз бар — таптакыр балалуу болгусу келбейт.
Келин экөө Германияда чогуу окуп жүрүп үйлөнүшкөн. Ал дагы кадимки кыргыздын карапайым үй-бүлөсүнөн чыккан кыз. Бирок балам экөөнүн ушул жагынан каалоосу келишип калганын карасаң. Үйлөнгөндөрүнө сегиз жыл болду. Баштапкы жылдары жаш, иштеп алсын деп унчуккан жокпуз. Бирок экөөнүн тең жашы 30дан ашкандан бери балалуу болбойсуңарбы деп тынчыбыз кете баштады. Башында унчукпай күлүп коюшчу. Кийин келин төрөй албайбы деп да ойлоп жүрдүк. Бирок эки жыл мурда "биз балалуу болгубуз келбейт" деп ачык айтышты. "Эмнеге" десең, "дүйнөдө ансыз деле адам көп, алардын санын ого берет көбөйтүп эмне кылабыз? Ата, бул азыр кадимки эле көрүнүш. Кийинчерээк эгер шарт болуп калса, кароосуз калган бала таап багып алышыбыз мүмкүн" деп жанды кейитет. Мейли бага бергиле, ага каршылык жок, бирок өз каны-жаныбыздан жаралган жок дегенде бир неберелүү кылгыла, тукумубуз үзүлүп кетпесин десем, биз өзүбүз үчүн чечим кабыл алганбыз, балалуу болбойбуз деп көгөрөт.
Мунун айынан урушуп-талашып дагы көрдүк. Алдап-соолап, балам менен сырдашып да сүйлөштүм. Бирок жыйынтык жок. Мейли эми жаш, ойлоноттур дейин десем, жашы 35те. Кирер акылы кирди дегендей. Менимче, айтканынан кайтпайт окшойт. Эми эмне кылсам, айлам түгөнүп турган кез. Мен деле элдей болуп небере жыттап, көзүм өтүп кетсе, артымда бирөө калат көңүлүм ток жашагым келет. Балам менен дагы кантип сүйлөсөм болот?
Психолог Гүлнара Жасоолова:
— Ар бир үй-бүлө репродуктивдүү бүлө катары тукум улоону, мурас калтырууну пландайт. Бардык улуттун жана өлкөнүн өз менталитети, түшүнүгү, жашоого көз карашы болот. Уулуңуз көп жыл Германияда жашап, окуп, иштеп дүйнө таанымы, көз карашы өзгөргөн. Албетте, ар бир адам жашоосуна, турмушуна карата чечимди өзү чыгарууга укуктуу. Уул-келиниңиз негедир кийин бала багып алууну көздөшөт экен. Бала багып алышса, ал наристени ойнотуп, кылык-жоругун көрүп жатып да ата-энелик мээрими ойгонуп, өздөрү балалуу болууну каалап калар. Кыргыздар да "бала баланы чакырат" дейт эмеспи. Бул тарабын да кароо керек. Ушул жагынан үмүт кылып туруңуз, эгер уулуңуз акыркы чечимин чыгарып койгон болсо, аны эч ким кыйнай албайт.
Үй-бүлөлүк зомбулук учурлары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2022
Жалгыз кызымды күйөө баламдын токмогунан куткара албай кыйналдым. Эненин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0