ЖМК: Германия Литванын Калининград транзитин чектегенине каршы чыкты

© Sputnik / Михаил Голенков / Медиабанкка өтүүКалининграддагы темир жолу вокзалы. Архив
Калининграддагы темир жолу вокзалы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2022
Жазылуу
Берлин Калининградга багытталган жүк Россиядан кеткен товар катары эсептелиниши керектигин айткан.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Германиянын өкмөтү Литванын Калининград облусуна транзитти чектеген аракетине нааразы болуп, чектөөнү алып салууну талап кылып жатат. Бул тууралуу Spiegel онлайн басылмасы ишенимдүү маалымат булагына таянып жазды.
"Берлин литвалыктардын санкция салынган товарлары Калининградга ЕБдин аймагы менен жеткирилбеши керек деген пикирине кошулбайт. Себеби бул Россиядан Россияга кеткен транспорт, ага уруксат берилиши керек деп эсептейт", — деп жазды басылма.
Европа биримдиги РФте катталган жүк ташуучу автотранспорттордун Европа аймагына киришине апрелдин башында эле тыюу салган. Бирок Калининград облусуна кеткен транзиттик товарларга чектөө киргизилген эмес. Эми Литва жарыялаган тыюу бардык транзиттик жүктөр үчүн иштеп жатат. 18-июнь күнү "Литва темир жолдору" ишканасы "Калининград темир жолуна" ЕБ санкцияларына дуушар болгон бир катар товарлардын транзити токтотулганын кабарлаган.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россия Литванын мындай кадамына жооп берүү үчүн түрдүү варианттар каралып жатканын билдирген. Ал эми облустун губернатору Антон Алиханов Калининград облусунун паромдук комплекси Литва аркылуу өтүүчү транзитке чектөө киргизилгендиктен товар аз болуп, жүктөрдү эч көйгөйсүз кабыл алып жатканын айтты. Литва аркылуу Калининград облусуна мунай продуктуларын ташуу улантылууда, алардын транзити 10-августка чейин чектелбейт. Тыюу салынган товарлар суу аркылуу гана жеткирилет.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2022
Медведев Россия Калининград боюнча Литвага кандай жооп берерин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0