ИИМ: Сирияга эки жылда 2 млн. рублден ашык акча жөнөткөн адам кармалды. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековАтайын күчтөрдүн машыгуулары. Архив
Атайын күчтөрдүн машыгуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2022
Жазылуу
Шектүү боюнча Россиянын ИИМинин Экстремизмге каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынан Кыргызстандын ички иштер башкармалыгына маалымат келип түшкөн.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Соңку эки жыл бою экстремисттик жана террордук ишмердүүлүктү каржылоо үчүн чет өлкөлөрдүн банктары аркылуу Сирияга 2 миллион рублдан ашык акча жөнөтүүгө шектелген Ш.Н. аттуу кыргызстандык киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлады.
"Экстремисттик жана террордук ишмердүүлүктү каржылаган, тактап айтканда, "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" террордук уюмунун ишмердүүлүгүн колдоо максатында каржылык жана башка кызматтарды көрсөткөн деген айып менен Ош шаарынын тургуну Ш.Н. кармалды", — деп айтылган ИИМдин маалыматында.
Эскерте кетсек, 2016-жылы Ош шаардык сотунун чечими менен "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" ишмердүүлүгү террордук деп табылып, анын ишине Кыргызстанда тыюу салынган.
Маалыматта берилгендей, шектүү 2020-жылдын мартынан 2022-жылдын 20-майына чейин Кыргызстанда жүргөндө экстремисттик жана террордук ишмердүүлүктү каржылоо үчүн банктык которуу системалары, анын ичинде чет өлкөлөрдүн банктары аркылуу 2 миллион рублдан ашык суммадагы акча жөнөткөн.
Бул факты боюнча ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы өз ара иштешүү кызматына Россиянын ИИМинин Экстремизмге каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынан ыкчам маалымат келип түшкөн. Россия Ички иштер министрлигинин Экстремизмге каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы менен биргеликте Ш.Н. жана башка жарандарга таандык банк картасынын реквизиттери такталган. Бул карталар аркылуу Сириядагы согуштук аймактарда жайгашкан адамдарга акча которуулар жүргүзүлгөн.
"Россиянын укук коргоо органдары террордук ишмердүүлүктү каржылаганы үчүн Ш.Н. менен түз байланышта болгон Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын жарандарын кылмыш жоопкерчилигине тартышкан", — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда каражат чогултууга жана экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого салым кошкон деп шек жараткан Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарынын тургундарынын аты-жөнү аныкталган.
Кармалган жарандын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүү учурунда акча которуулар боюнча кат алышуулар, Кыргызстан аймагында террордук, экстремисттик деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Өзбекстандын ислам кыймылы", "Ирактын жана Ливандын ислам мамлекети", "Жамаат Таухид Валь Жихад", "Жанат Ошиклари" идеологиясына мүнөздүү көп сандагы материалдар камтылган электрондук каражаттар (ноутбук, уюлдук телефон) табылып, алынган.
2022-жылдын 24-июнунда Ш.Н. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-3-5-бөлүктөрүндө ("Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо"), 332-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу"), 253-беренесинин 1-2-бөлүгүндө ("Террордук ишти каржылоо") көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоого шектелип кармалган.
ИИМден кармалган адам камакка алынып, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Наручники на военной форме. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
"Ислам мамлекетинин" башчылары жөнөткөн. УКМК 27 жаштагы кишини кармады
Жаңылыктар түрмөгү
0