Күндүн табы мээ кайнатабы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековАла-Тоо аянтындагы фонтандар. Архив
Ала-Тоо аянтындагы фонтандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2022
Жазылуу
Аптанын башында күн катуу ысып, аягында бир аз салкындайт.
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Бишкек шаарында апта ичинде күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болсо, 30-июнда жана 1-июлда 14 метрге жетиши күтүлөт.
Чүй облусунда дагы бул жумада жамгыр жаабайт, тоолуу райондордо гана өткүн өтүп басылат.
Талас облусунда 27-29-июнь күндөрү жаан-чачын болбойт, 30-июнь жана 1-июлда тоолуу аймактарда өткүн өтүп токтойт. 2-июлда күн чайыттай ачык болот.
Өлкөнүн түштүк региондору Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында дагы күндүн көзү бузулбайт.
Жума ичинде Ысык-Көл, Нарын облустарында дагы жамгыр жаабайт.
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2022
Мээ кайнаткан ысык болобу? Июль айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0