https://sputnik.kg/20220622/kazino-miyzamy-dobush-beruu-karshy-1065483801.html
"Бүтүн Кыргызстан" добуш берүүдөн баш тартып, казино мыйзамы ара жолдо калды
"Бүтүн Кыргызстан" добуш берүүдөн баш тартып, казино мыйзамы ара жолдо калды
Sputnik Кыргызстан
Мадумаров фракция ушундай жол менен позициясын билдирип жатканын айтты. 22.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-22T18:40+0600
2022-06-22T18:40+0600
2022-06-22T18:49+0600
кыргызстан
казино
саясат
адахан мадумаров
добуш
видео
https://sputnik.kg/img/07e6/06/16/1065478562_0:848:2047:1999_1920x0_80_0_0_f721b9061c0cfb62575c68ead5a8e651.jpg
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште казиного уруксат берүү мыйзам долбоору ара жолдо калды. Эки ирет добушка коюлганда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын мүчөлөрүнүн баары жана "Ыйман Нурунун" лидери Нуржигит Кадырбеков добуш бербей койду.Андан соң Мадумаров чыгып фракция ушундай жол менен позициясын билдирип жатканын айтты.Андан соң төрага Талант Мамытов регламент боюнча ар бир депутат "макул" же "каршы" деп өзүнүн позициясын билдириши керектигин айтып, кайра добушка койду. Бирок анда да добуш бербей коюшту.Мындан улам спикер фракция лидерлерин кеңешип алалы деп чакырып кетти.Белгилей кетсек, парламенттин регламенти боюнча жыйынга катышып жаткан депутат добуш бербей койсо мыйзам өтпөйт.
https://sputnik.kg/20220622/tashiev-iymanduu-deputattar-kazinodon-bolchu-1065481028.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/16/1065478562_0:459:2047:1994_1920x0_80_0_0_a0ec731be9ab7fefc9a5efc2a666e473.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, казино, саясат, адахан мадумаров, добуш, видео
кыргызстан, казино, саясат, адахан мадумаров, добуш, видео
"Бүтүн Кыргызстан" добуш берүүдөн баш тартып, казино мыйзамы ара жолдо калды
18:40 22.06.2022 (Жаңыртылды: 18:49 22.06.2022) Мадумаров фракция ушундай жол менен позициясын билдирип жатканын айтты.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште казиного уруксат берүү мыйзам долбоору ара жолдо калды.
Эки ирет добушка коюлганда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын мүчөлөрүнүн баары жана "Ыйман Нурунун" лидери Нуржигит Кадырбеков добуш бербей койду.
Андан соң
Мадумаров чыгып фракция ушундай жол менен позициясын билдирип жатканын айтты.
"Мындан башка айлабыз калган жок. Каршы добуш берсек баары бир өтүп кетет. Башка арганы калтырган жоксуңар, талкууга, башка пикирлерди угууга тыюу салдыңар. Бул мыйзамга биз караманча каршыбыз, ошондуктан добуш бербей блоктогонго укугубуз бар. Мыйзамдын өтүшүнө каршы экенибизди ачыктан ачык жарыялайбыз", — деди Мадумаров.
Андан соң төрага
Талант Мамытов регламент боюнча ар бир депутат "макул" же "каршы" деп өзүнүн позициясын билдириши керектигин айтып, кайра добушка койду. Бирок анда да добуш бербей коюшту.
Мындан улам спикер фракция лидерлерин кеңешип алалы деп чакырып кетти.
Белгилей кетсек, парламенттин регламенти боюнча жыйынга катышып жаткан депутат добуш бербей койсо мыйзам өтпөйт.