Мишустин: Батыштын санкциялары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн баарына таасир этүүдө

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын премьер-министри Михаил Мишустин
Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2022
Жазылуу
Өкмөт башчынын айтымында, учурда негизги милдет — санкциялардын жарандарга тийгизген таасирин азайтуу.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Батыштын ЕАЭБдин айрым мамлекеттерине жасаган басымы күчөп жатат, бул биримдиктин бардык мүчөлөрүнө таасир этүүдө. Мындай кадамдарга бир муштум болуп биригүү менен гана эффективдүү жооп кайтара алабыз. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин билдирди.
Ал бүгүн Минскиде Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген чөйрөдөгү жыйынында сүйлөгөн.
"Биздин экономика бири-бирине байланышкан. Андыктан касын тиккен өлкөлөрдүн аракетине бир муштум болуп биригүү менен гана жооп беришибиз керек. Учурда биздин негизги милдет — санкциялардын жарандарга тийгизген таасирин азайтуу, макроэкономикалык туруктуулукту бекемдөө", — деди Мишустин.
Ошондой эле ал Чыгыш — Батыш жана Түндүк — Түштүк багыты боюнча эл аралык транспорттук коридордун бир бөлүгү болгон инфраструктураны өнүктүрүүнү тездетүү маанилүү экенин белгиледи.
Минскиде ЕЭК кеңешинин жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2022
Минскиде ЕЭК кеңешинин жыйыны өттү. Кабыл алынган чечимдер
Жаңылыктар түрмөгү
0