Араванда буюртма менен адам өлтүрүүгө бараткан кылмыштуу топ кармалды. Сүрөт
17:54 20.06.2022 (Жаңыртылды: 17:55 20.06.2022)
© Фото / пресс-служба МВД КРАраванда буюртма менен адам өлтүрүүгө бараткан кылмыштуу топ кармалган
© Фото / пресс-служба МВД КР
Жазылуу
Милиция жабырлануучуну кылмышкерлерден биринчи "уурдап кетип", шектүүлөрдү кармаган.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ош облусунун Араван районунда адам уурдоого, өлтүрүүгө буюртма берген жана аткарууга даярданып жаткан деген шек менен кылмыштуу топ кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирди.
© Фото / пресс-служба МВД КРКармалган жарандарга карата сот тарабынан эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган
Кармалган жарандарга карата сот тарабынан эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган
© Фото / пресс-служба МВД КР
Маалыматка ылайык, кылмышкер өзүнүн тааныштарына 2 миллион сомго Баткен облусунун М.Ж. аттуу тургунун уурдоого жана өлтүрүүгө буюртма бергени тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Муну менен ал акча алуу максатын көздөгөн.
© Фото / пресс-служба МВД КРУчурда Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалып турушат
Учурда Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалып турушат
© Фото / пресс-служба МВД КР
Андан ары кылмыштуу идея милициянын көзөмөлүнө алынып, "спектакль" уюштурулган.
"ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча түштүк бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кылмышкерлер издеп жаткан адамды жасалма уурдоону уюштурушкан. Андан соң уурдалган кишинин сүрөтүн буюртма берген уюштуруучуларга көрсөтүшкөн. Дыкат жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун бардык мүчөлөрү кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Кылмыштуу аракеттин уюштуруучусу мурда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө айыпталып бир нече жолу соттолгон 65 жаштагы П.А. болуп чыкты. Ал эми буюртманы аткаргандар 43 жаштагы Р.А. жана мурда бир нече ирет соттолгон Т.А. аттуу жаран экени жазылган. Шектүүлөрдүн жанынан баңгизат да табылганы белгиленди.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси ("Кылмышка даярдык көрүү") жана 165-беренеси ("Төлөм алуу же болбосо башка жеке кызыкчылык максатында алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан адамды уурдоо") менен кылмыш иши козголду.
Кармалган жарандарга карата сот тарабынан эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Учурда Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалып турушат.