"Кол тийгизгенден чочулап...". Батыш куралдары Киевди айран таң калтырганда

© Фото / Lance Cpl. Ronald StaufferM142 артиллериялык ракета системасы (HIMARS)
M142 артиллериялык ракета системасы (HIMARS) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2022
Жазылуу
Андрей Коц
Батыш Украинаны курал менен камсыздоого кызуу киришти. Америкалыктар "жардам топтому" алкагында кезектеги 700 миллион долларын жумшады. Ошентсе да Донецк, Луганск эл республикаларынын армиялары Украинага Батыштан келген "тартууларды" изилдеп үлгүрүштү.
Чет элдик куралдар кандай пайдаланылды? Эмне үчүн жаңы жабдууларга Киевдин анчалык ичи чыккан жок? Булар тууралуу баяндаган Андрей Коцтун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Машакатка салган "Жавелиндер"

Эки ай мурун эле Украина Куралдуу күчтөрү Батыш тарабынан берилген танкка каршы комплекстерди көбүнесе Киев жана Харковь, ошондой эле Мариуполь багытында тынымсыз колдонушкан. Мындай типтеги курал буктурмаларда керекке жараганын айтышат украиналык аскерлер.
Алардын арсеналында танкка каршы ракеталык комплекс жана гранатомёттордун кеңири түрлөрү, атап айтканда, америкалык Javelin, британиялык NLAW, сингапурдук-израилдик Matador, германиялык Panzerfaust 3, швециялык AT4 болгон. Катуу жарнамаланган "Жавелиндер" деле өзгөчөлөнө алган жок. Танк төрт жолу ок тийгенден кийин деле жүрүшүн уланткан учурлар болду. Анан да бул түзүлүштүн машакаты көп, тагыраак ынанымдуулугу аба ырайына жана айланадагы шарттардан көз каранды экен.
Мариуполдо, салгылашка катышуучулардын айтымында, танкка каршы бул ракеталык комплекстердин жарытарлык деле пайдасы тийген эмес. Америкалыктар да бул куралдын ынанымдуулугу анчейин эмес экенин моюнга алышат. The Washington Post басылмасы Пентагон 286 беттен турган куралды колдонуу нускамасын украин тилине которуудан эринип койгонун жазды.
Украина Куралдуу күчтөрү баарын Google translate аркылуу которуп, колдонушкан. Кошумча батареялары да жетишсиз. Төрт саат сайын кайрадан кубаттоону талап кылат. Анан да куралды колдонуу боюнча эки күн гана курс өткөрүлөт.
Мелитополь аймагында россиялык аскер кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФтин атайын операциясынын жүрүшү: "легионерлердин" тагдыры анык болуп калды

Авиацияга коркунуч

Донецкидеги аскер кызматкерлеринин айтымында, жогоруда аталган куралдын британиялык аналогу – NLAW да түйшүккө салган жагынан андан кем калышпайт. Танкка каршы ракеталык комплекстердин көпчүлүгү бутаны коштоочу блоктун аккумуляторлору өчүп калса, пайдасы жок нерсеге айланат. Мындан сырткары, алар багындырчу аралык – 800 метрдин гана тегерегинде.
"Германиялык Panzerfaust 3 кызыктуураак экен, — дейт Донецк Эл Республикасынын армиясынын 107-полкунун 3-батальонунун кызматтык Тролль ысымындагы командири. — Бул жеңил, күчтүү, бардык техниканы талкалай турган гранатомёт. Анан да абдан ыңгайлуу, эргономикалык курал, ийинге коюлчу таянычы бар".
Донецк Эл Республикасынын күчтөрү белгилегендей, салгылаштардын жүрүшүнө зениттик-ракеталык комплекстер, негизинен Батыш байма-бай жабдып жаткан америкалык Stinger, британиялык Starstreak жана Martlet да таасир этүүдө.
Республикалык жоокерлер бул россиялык авиация үчүн олуттуу ооздуктоочу фактор экенин белгилешет. Тик учактар жана чабуул коюучу учактар тескелбеген ракеталар менен буталарга жапыз учуп, сокку урууга аргасыз. Бир жагынан бул көчмө зениттик ракеталык комплексти кыйратуу зонасына кирүүгө жол бербей, экинчи жагынан таамайлыгын басаңдатат.

Калибрлер кармашы

Соңку апталарда Украина 155 миллиметрлик калибрдеги: америкалык буксирлөөчү M777 гаубицаларын, баштапкы модификациядагы өзү жүрүүчү M109, M114 талаа куралдарын, франциялык CAESAR өзү жүрүүчү дөңгөлөктүү түзүлүштөрүн, италиялык FH70 жана башка артиллериялык үлгүлөрдү алууда. Мындай тутумдар 30 чакырым аралыкка сокку урат. Авдеевка, Марьинка жана Пескиге бекем жайгашкан Украина Куралдуу күчтөрү майдын аягынан бери Донецкинин борборун улам аткылоодо.
"Оор курал алып келишкенден бери бомбалоого өтүштү, — деп түшүндүрөт журналисттерге Донецк Эл Республикасынын армиясынын расмий өкүлү Эдуард Басурин. — Мында аскердик эмес, көбүрөөк психологиялык өңүттө: адамдарды коркутуп, кыжырын кайнатып, согуштук аракеттерди токтотуп, дүрбөлөңгө салууга далалат кылышууда".
Аларга туруштук берүү иретинде республикалык күчтөр 155 миллиметрлик "Гиацинт-Б" гаубицаларын алган. Бирок алардын ок атуусун түзөтүү татаал, учкучсуздар тартыш. Украина тарап дүрмөттүн траекториясы боюнча залп коюлган районду аныктоочу портативдик контрбатареялык радиолокациялык станциялар да кыйноого салууда.
Украина желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Forbes: Батыш Украинага колдоо көрсөтө берип тажап калды

Учкучсуз кооптуулук

Согуштук аракеттердин алгачкы апталарында Украина Куралдуу күчтөрү түркиялык Bayraktar TB2 чалгындоочу-сокку уруучу учкучсуздарын кызуу пайдаланышкан. Анткен менен аскерлер белгилегендей, россиялык зениттик-ракеталык тутумдар үчүн алар жеңил бута болуп чыкты.
"Жыйырма чакты "Байрактарын" жоготкондо украиналыктар тактикасын өзгөрткөн, — дейт Донецк Эл Республикасынын армиясынын Клим кызматтык ысымын алган офицери. — Азыр абадан коргонуучу тутумдар кыйрата турган зонага кирбеген чалгындоочулар гана чыгууда. Бирок андай учкучсуздар деле чакан коптерлордон айырмаланып, жагдайга таасир эте албайт. Баса, алар Украинада толтура. Алардын жардамы аркылуу артиллериянын ок атуусун түзөтүп, жер-жерлерди карап чыгышат. Кеп аскердик да, коммерциялык да учкучсуздар туурасында".
Апрелде Вашингтон жүздөн ашуун Switchblade дрон-камикадзесин берген. Чынында, ачык маалымат булактарында алардын колдонулушу туурасында маалымат жок. Батыш журналисттери Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери "бейтааныш куралга кол тийгизгенден чочулап жатканын" кабарлашууда.
"Маселен, көктөн күзөтүүчү ок-дарынын ордуна жардыргыч толтурулган коммерциялык дрондорду пайдаланышууда. Анткени аларды башкаруу оңой, — деп билдирет CNN. — Ал эми фронттун көп тилкелеринде НАТОлук курал дегеле байкалган эмес".
Жалпыга маалымдоо каражаттарында кабарлангандарга караганда, кырдаалды тетиктердин, адистердин жетишсиздиги кыйындатат. Ал эми советтик үлгүлөргө көнүп калган аскерлерге жаңы куралдарды өздөштүрүүнү үйрөтүү кыйын, көп убакыт да алат. Булардын баары Батыштын көмөгүнүн майнаптуулугу жөнүндө чоң талаштарды жаратарын баса белгилейт америкалык аталган телеканал.
Украинанын артиллериясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Алаңгазардыкка алдырып... Украиналык артиллеристтердин Донбасстагы аракети
Жаңылыктар түрмөгү
0