Красноярск шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылды

© Sputnik / Илья НаймушинАэропорттогу учак. Архив
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2022
Жазылуу
Каттам жумасына үч жолу, дүйшөмбү, шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Красноярск — Бишкек — Красноярск багыты боюнча жаңы туруктуу авиакаттам ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, аталган багыт боюнча авиакаттамдарды "Россия" авиакомпаниясы аткарат.
"15-июнда Бишкекке биринчи каттам менен 85 жүргүнчү учуп келди. Красноярск шаарына 78 адам учуп кетти", — деп жазылат маалыматта.
Каттам жумасына үч жолу, дүйшөмбү, шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылары, учуу убактысы 3 саат 30 мүнөт экени кошумчаланды.
Бишкек — Балыкчы поезди. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2022
Бир жумадан соң Бишкек менен Балыкчынын ортосунда поезд каттап баштайт. График
Жаңылыктар түрмөгү
0