Москвада мекендешин уурдап 1,8 млн. рубль талап кылган кыргызстандыктар кармалды

© Фото / пресс-служба МВДМосквада кылмыштуу топ түзүп адам уурдоо жана акча опузалоо менен алектенген кыргызстандыктар кармалды
Москвада кылмыштуу топ түзүп адам уурдоо жана акча опузалоо менен алектенген кыргызстандыктар кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2022
Жазылуу
Кылмыштуу топтун башында Карагер каймана аты менен белгилүү А.А. аттуу адам турганы аныкталган.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Москвада кылмыштуу топ түзүп адам уурдоо жана акча опузалоо менен алектенген кыргызстандыктар кармалды. Бул туурасында Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди.
ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери бул кылмыштуу топту Нарын облусунда туулган 34 жаштагы А.А. башкаргандыгын аныкташкан. Ал мурда адам өлтүрүү, каракчылык, тоноо, бейбаштык, алдамчылык үчүн соттолгону жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турганы белгиленди. Криминалдык чөйрөдө Карагер каймана аты менен белгилүү экени айтылат.
© Фото / пресс-служба МВДМосквада кылмыштуу топ түзүп адам уурдоо жана акча опузалоо менен алектенген кыргызстандыктар кармалды
Задержание преступной группы из граждан Кыргызстана в России - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2022
Москвада кылмыштуу топ түзүп адам уурдоо жана акча опузалоо менен алектенген кыргызстандыктар кармалды
10-июнда өкүлчүлүккө Кыргызстандын жараны кайрылып, түн ичинде "Кузьминки" паркынан белгисиз адамдар 32 жаштагы жакын тууганын күч менен автоунаага отургузуп белгисиз тарапка алып кетишкенин билдирген.
"Мекендешти уурдап кеткендер туугандарынан 1,8 миллион рубль талап кылышкан. Жүргүзүлгөн атайын операциялардын натыйжасында жабырлануучу ижарага алынган батирлердин биринен табылган. Ошол үйдүн ичинен кылмыштуу топтун лидери Карагер жана Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарында туулган 19дан 40 жашка чейинки ар кандай курактагы сегиз жаран кармалды. Анын ичинен жетөө кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон", — деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектелген жарандарга таандык Hyundai, Volkswagen Polo үлгүсүндөгү автоунаалар, "Макаров" тапанчасы алынды.
© Фото / пресс-служба МВДКармалган кыргызстандыктарга карата Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси менен иш козголгон
Задержание преступной группы из граждан Кыргызстана в России - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2022
Кармалган кыргызстандыктарга карата Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси менен иш козголгон
Кармалган кыргызстандыктарга карата Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси менен иш козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатат, Алардын башка кылмыштарга тиешесинин бар-жогу териштирилүүдө. Ошондой эле топтун башка мүчөлөрү да такталып жатат.
"Жогоруда аталган иште жаңы жагдайлар пайда болуп, күтүлбөгөн фактылар ачыкка чыгууда. Адам уурдоо мурда пландаштырылган жана бирөөнүн буюртмасы болгон. Кармалган жарандардын буга чейин Москвада катталган ушул сыяктуу эки оор кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөрдү кармоо операциясы Россиянын аймактык полиция бөлүмдөрү менен биргеликте ишке ашкан.
ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү мекендештер арасында криминогендик кырдаалды көзөмөлдөө, кылмыш жана укук бузууларды жасашына жол бербөө боюнча алдын алуу иш-чараларын өткөрүп жатканы кошумчаланды.
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
ИИМ: Москвада ишкерлерди 33 миң долларга алдап, таптырбай жүргөн киши кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0