Нур-Султанда КМШнын Экономикалык кеңешинин отурумуна Кожошев катышты. Жыйынтык

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевНур-Султанда КМШнын Экономикалык кеңеши
Нур-Султанда КМШнын Экономикалык кеңеши - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2022
Жазылуу
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жыйыны Нур-Султан шаарында өттү. Кезектеги отурум Москвада болмокчу.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев иш сапарынын алкагында Нур-Султанда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жыйынына катышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Кеңешменин жүрүшүндө Кожошев ар тараптуу өз ара кызматташуунун кеңири чөйрөсүнө токтолуп, айыл чарба жана азык-түлүк товарларын үзгүлтүксүз ташууну камсыздоо боюнча ыкчам чараларды кабыл алуунун зарылдыгын белгилеген.
"Чек аралардагы ар кыл тоскоолдуктарды жана негизсиз текшерүүлөрдү кыскартып, жүк ташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маанилүү. Биз кызмат көрсөтүү рыногун либералдаштырууну, товарларыбыздын жана кызматтарыбыздын эл аралык рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну жактайбыз", — деп белгилеген Кожошев.
Эмгек миграциясын жөнгө салуу боюнча макулдашылган иш-аракеттерди кабыл алууга көңүл бурган.
"Жумушка кабыл алууда жана эмгек келишимдерин бузууда, ошондой эле социалдык жана медициналык жактан камсыз кылууда эмгек мигранттарына барган өлкөнүн калкы менен бирдей укуктарды берүү маселелери каралуусу тийиш", — деген.
Жыйындын соңунда бир катар чечимдер кабыл алынган.
КМШга мүчө-мамлекеттердин 2025-жылга чейинки мезгилге токой чарбасы жана токой тармагы чөйрөсүндө кызматташуусунун негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча экинчи этабынын (2022–2025-жж.) иш-чаралар планы бекитилген. Документ КМШга мүчө-мамлекеттердин токой чарбасын башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн, анын катарында токой өстүрүү, токой жерлерин калыбына келтирүү жана токой пайдалануу, ошондой эле зыянкечтерге жана токой илдеттерине, трансчек арадагы табигый өрткө, жыгачты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча чараларды камтыйт.
Андан сырткары, "ВЦ Кварта Астана" ишканасына (Казакстан) КМШга мүчө-мамлекеттердин 2030-жылга чейинки инновациялык кызматташтыгы боюнча мамлекеттер аралык программасына мүчө-мамлекеттердин инновацияларын коммерциялаштыруу боюнча борбору макамы берилген.
Борбор программага катышуучу мамлекеттердин уюмдарына коммерциялаштыруу үчүн жогорку потенциалы бар биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү, коммерциялык келечеги бар инновациялык долбоорлорду уюштуруу-укуктук жактан колдоо, ошондой эле программа алкагында инновациялык долбоорлордун катышуучуларынын башка инновациялык инфраструктура субьектилери менен натыйжалуу өз ара иштешүүсүн камсыз кылуу максатында түзүлгөн.
Белгилей кетүүчү дагы бир учур — 2021-жылы КМШда Архитектура жана шаар куруу жылын өткөрүү жыйынтыгы боюнча маселе каралды.
Өткөрүлгөн иш-чаралар катышуучулардын кеңири чөйрөсүн ыңгайлуу шаардык чөйрөнү, "акылдуу" шаарларды түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн, шаардык жана коммуналдык инфраструктурада алдыңкы технологияларды колдонуунун, архитектура тармагындагы инновациялык чечимдердин заманбап мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырууга шарт түзүп бергендиги белгиленди.
Белгилей кетсек, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Экономикалык кеңешинин кезектеги жыйыны Москва шаарында (Россия Федерациясы) өтөт.
кономикалык жөнгө салуу боюнча экс-министр Жеңишбек Байгуттиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2022
Эмнеге КРге Батышка караганда ЕАЭБ менен соодалашуу пайдалуу? Эксперттин ою
Жаңылыктар түрмөгү
0