Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Донбасс күндөлүгү: "Алар өз жеринде эмес". Жергиликтүү тургундардын баяны

© Sputnik / Виктор Антонюк / Медиабанкка өтүүБоевой вертолет над городом Попасная в ЛНР.
Боевой вертолет над городом Попасная в ЛНР. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2022
Жазылуу
Луганск облусунун чек арасындагы бул калаа Донбасста украиналык топторду жабдуу үчүн эң маанилүү түйүндөрдөн болгон. Азыр мында россиялык күчтөр жана Луганск Эл Республикасынын армиясынын жоокерлери бар.
Айыгышкан салгылаштарга карабай жайкын тургундардан шаарда калгандары да бар. Попасная шаарында азыр кантип күн кечирип жатышканын Виктор Званцев өз репортажында чагылдырган. Анын материалы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Стратегиялык мааниси

Калаа Мариуполду эске салат: өрттөнгөн көп кабаттуу үйлөрдүн калдыктары, айрым жеке турак жайлар толук кыйраган. Жергиликтүү храмдын төбөсүн да дүрмөт тешип кеткен. Жарандык согуш башталганда көпчүлүк коопсуз жерлерге көчүп кеткен. Айрым үйлөрдү украиналык аскерлер ок атуу түйүндөрүнө айлантып, жабдып алышкан.
Темир тосмонун алдында патрондор чачылган. Үйдө аскердик форма жатат, арактын бош бөтөлкөлөрү, ал эми короодо орнотулган отургучта ок тешип кеткен ак-кара түстөгү сүрөт турат, кыязы, "квартиранттар" көзгө атарлыкка машыккан көрүнөт.
"Тюльпан" аты менен милдет өтөгөн Луганск Эл Республикасынын жоокери турак жайды карап чыкты. Бирок саперлор келгенче эч нерсеге тийбейт. "Чегинип баратышканда Украина Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери баарына мина коюп кетишет. Аралыктан тескелүүчү видеокамераларды коюп кетишет, — деп түшүндүрөт ал. — Онлайн-режимде биздин аскерлердин кыймылына көз салып, жардыра алышат".
Биздин маектеш, Тюльпан, сегиз жылдан бери аскерде кызмат өтөйт. Өзү да Луганскиден.
"Көпчүлүк, айрыкча өлкөнүн борбордук жана батыш бөлүктөрүндөгү украиналыктар бул жакта эч кандай элдешүү дегеле болбогонун түшүнбөй жатышат, — дейт жоокер. — Ушунча мезгилден бери Попаснаяда туруп Первомайск жана Стаханов шаарларына ок атылып турду".
РФ президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2022
Жаңы эч нерсе жок. Путин АКШнын Украинага жеткирчү ракеталарына баа берди
Бул жакта кандуу кармаш жүрдү. Украина Куралдуу күчтөрү дөңсөөлөрдө, бийик жайларда жайгашкандыктан чабуул коюу андайда кыйын. Анан да бул жакта тоомдуу темир жол бар, жабдуу үчүн абдан мааанилүү. Калаада алигүнчө атышуу болуп калат. Дале дүрмөт, миналар жарылат. Жакында эле өздөрүнүн эки диверсантын жардырып салышты. Республиканын жоокерлеринин айтымында, алар адатта багынып беришпейт, акырына чейин кармашышат.
"Жергиликтүү тургундардын арасынан да аларды жандагандар чыгып калат, — деп кошумчалайт биздин маектеш жоокер. — Көбүнесе акча тапкысы келген жаш жигиттер. Күйөөлөрү тигил фронтто кызмат өтөгөн аялдар да кездешкен. Бирок алар саналуу гана болот. Калк негизинен Россияга ыктап турат".

"Башында эле кетишкен"

Өмүр бою Ыраакы Түндүктө иштеп, пенсияга чыккандан кийин Владимир Попаснаяга келген. Топтоп келген акчасына үй тургузган. 2014-жылы анын жер тилкесинин жанына украиналык аскерлер жайгашат. Ал эми бир ай мурун бул район фронттун чордонунда калды.
"Ок атуу али токтой элек, — дейт ал. — Мен гараждын подвалына жашынам. Конушумду таштап кеткенде эмне?!".
Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери жергиликтүү жашоочулар менен дээрлик сүйлөшкөн эмес. Бир даана тамеки гана берип калышпаса, азык-түлүгүнөн да бөлүшпөгөнүн эскерет Владимир.
Ээн калган үйлөрдү ачып кирип, тиричилик техникаларын чыгарып кетишчү. Унаасы токтоп турса, аларды да "армиянын керектөөсү үчүн" деп тартып алышканын айтат биздин маектеш.
"Айтор, сегиз жыл мурун эле калктын дээрлик жарымы кандай күн келерин аңдап, Россияга жер которуп кетишкен, — деп кошумчалайт Владимирдин коңшусу Андрей. — Атайын кызматтардын кызматкерлери үймө-үй кыдырып, туугандардан Луганск Эл Республикасы тарапта аскердик кызмат өтөгөндөр бар-жогун тактап турушчу. Аскерлер жайгашкан жайлардын координаттарын берип турган деп айып тагып, элдик кошуундун мүчөсүнүн уулу менен телефондон сүйлөшкөнү үчүн эле бирөөнү үч жылга кесишкен".
Попаснаяда Луганск облусунда сегиз жыл мурун түзүлгөн "Айдар" батальону болгон.
"Ага кишилерди Донбасстан алышкан эмес. Өз жеринде согушуп жатпаган соң алар эч кимди, эч нерсени аяшпайт эмеспи, — деп кейийт Тюльпан. — Эгер Украина Куралдуу күчтөрүнүн башка бөлүктөрүнүн жоокерлеринде кандайдыр түшүнүктөрү болсо, "айдарчылар" жөн эле кудайдан жөө качкандар".
Украинадагы ДЭР элдик милициясынын жоокери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ДЭР: Авдеев заводу украина аскерлери үчүн экинчи "Азовсталь" болушу мүмкүн. Видео

Каатчылык капшабында

Луганск Эл Республикасынын аскерлери сакталып калган үйлөрдү кыдырып, жашоочуларды кайра каттоодо.
"Колубуздан келгенче азык-түлүк, дары-дармектен каралашып турабыз. Зарыл учурда медикти кошуп же жакынкы ооруканага жеткиребиз", — дейт Дед каймана ысымы менен көмөктөшүп жүргөн элдик кошуунчу.
Жакында эле 99 жаштагы жалгыз калган энени таап алышкан. Эки жума көчөгө чыкпай, оозуна да дээрлик даам албаптыр. Жайкы ашканасынын чатырына жарылбай калган дүрмөт туруп калат. Элдин акыбалына кайдыгер карабаган жердештери ага саперлорду чакыртышкан.
"Кызым жаман кеселге кабылып Белгород облусунда дарыланат, — дейт карыя. — Ал кантип жардам берет мага. Кошуна-колоң карашчу мени, эми баары кетти. Менин такыр кетким жок. Бул – менин үйүм".
Шаар тургундары акырындап жер төлөдөн чыга башташты. Жер алдында коопсуз болгону менен дале суук экенин айтышат алар.
"Эки-үч күн мурун дагы ок атылганда жер төлөгө түшкөм, — дейт шаардын дагы бир тургуну Татьяна. — Дүрмөт үйүбүзгө түшүп, өрт чыгып, урандылар жер төлөнүн каалгасын бүтөп калган. Кудай жалгап, коңшуларым душтун суусу менен өрттү өчүрүп, урандыларды тез эле жиреп, мени көчөгө алып чыгышты".
Азыр ал өзүн куткаргандардын үйүндө баш калкалоодо. Сууну кудуктан ташып келишет. Дан азыктары, туздалган жашылчалар бар. Бирок аз, шаар гуманитардык каатчылыкка кабылуу коркунучунда турат. Кандай болгон күндө да республиканын аскерлери улам жардам алып келүүгө сөз беришкен. Бирок ал үчүн Попаснаядагы абал жөнгө салынууга тийиш.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Украинанын Россия менен сүйлөшүүсүн улантууга Батыш тыюу салган
Жаңылыктар түрмөгү
0