Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинанын бошотулган аймактарынан Крымга азык-түлүк ташыла баштады

© Sputnik / Рамиль СитдиковКрым. Архив
Крым. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Жазылуу
2015-жылы Крымга Украинанын Херсон облусунан товар жана азык-түлүк ташууга бөгөт коюлуп, ал күчүнө 2016-жылдын январь айында кирген.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Украина тараптын Крымга азык-түлүк ташууга койгон блокадасы артта калды. Учурда бошотулган Херсон жана Запорожье облустары менен соода-экономикалык байланыштар калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу РИА Новостиге Крымдын башчысынын маалыматтык саясат боюнча кеңешчиси Олег Крючков билдирген.
Эске салсак, Крымга Украинанын Херсон облусунан товар жана азык-түлүк ташууга 2015-жылы бөгөт коюлуп, ал күчүнө 2016-жылдын январь айында кирген. Кыска убакыт аралыгында аталган аймак бизнес жана транспорттук-логистикалык байланышты Россия тарапка багыттаган.
"Херсон жана Запорожье облустарынын бошотулушу Украина тараптын Крымдагы азык-түлүк блокадасына чекит койду. Анын баары артта калды. Крым жана бошотулган аймактар соода-экономикалык байланыштарын кайра калыбына келтирүүдө", — деген Крючков.
Анын айтымында, Крымга Херсон жана Запорожье облустарынан жашылча-жемиш жеткирилип, мындан улам аталган аймакта баалар да кескин төмөндөгөн.
"Украинанын түштүгүндөгү бошотулган аймактар буудай, жашылча-жемишке бай. Бул — Россия үчүн жакшы геосаясий инструмент. Азык-түлүктү жаңы мунай десек дагы болот", — деген ал.
Атайын операция учурунда Россиянын аскерлери Украинанын түштүгүндөгү Херсон жана Запорожье облустарын көзөмөлгө алган. Аталган аймакта аскердик-жарандык администрация түзүлүп, Россиянын телеканалдары көрсөтүлө баштаган. Учурда Крым менен соода байланышын калыбына келтирүү иштери жигердүү жүрүп жатат.
Херсон облусундагы Скадовск шаарынын тургуну - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Херсон облусунда рубль да колдонула баштады. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0