Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Саткынов: сүт иччү адам бээ менен саанчынын справкасын талап кылууга укуктуу

© Sputnik / Асель СыдыковаАйыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызматтын эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов
Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызматтын эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Жазылуу
Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызматтын эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов учурда өлкөдө 547 миңден ашык жылкы бар экенин айтты.
Кыргызстанда кымыз менен дарылоо сезону майдын ортосунан башталып, жайдын ортосуна чейин созулат. Адамдар тоодогу эс алуу жайларына республиканын ар кайсы аймактарынан жана ар кайсы өлкөлөрдөн келип, ден соолукту чыңдоо курсунан өтүү үчүн бээнин сүтү менен саамалды үзгүлтүксүз ичип келишет. Азыр Нарын, Ысык-Көл, Суусамырдын жайлоолорунда желе байлап бизнес кылгандар көбөйүп, айрым жерлерде кымыз дарылоочу пансионаттар уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Дайыркул Саткынов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Саткынов: сүт иччү адам бээ менен саанчынын справкасын талап кылууга укуктуу
Анын айтымында, жылкы бруцеллезго каршы эмделбейт, болгону каны изилдөөдөн өткөрүлүп, оорунун бар-жогу аныкталат.
"Бүгүнкү күндө саламаттыкты чыңдоо үчүн бээнин жаңы саалган сүтү, саамал жана кымыз колдонулат. Жылкы даам сезүүсү өткүр, чөптү тандап жейт. Ал акылдуу, сезгич жана таза жаныбар болгондуктан бузулган жем-чөптү эч качан жебейт. Жадагалса зыяндуу заттар кошулган сууну да ичпейт. Ошондуктан сүтү таза, витаминдерге бай. Жылкы бруцеллезго чанда кабылат. Ошентсе да жылкычы малды бруцеллезго текшертип, саанчы өзүнүн саламаттыгын да көзөмөлдөп турушу керек. Адатта бээнин сүтү желенин түбүндө жылуу ичилет. Жылкынын сүтүн ичерден мурда анын бруцеллез менен оорубаганын тастыктаган справкасын (Форма 1 жана 4) талап кылуу керек. Ошондой эле саанчынын медициналык картасын суроого да болот. Муну Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору текшерип, колго алышы зарыл. Ал эми жылкы бруцеллезго каршы эмделбейт, болгону каны изилдөөдөн өткөрүлүп, оорунун бар-жогу аныкталат. Эгер оору аныкталса үйүрдөн бөлүп, 15 күндүн ичинде союлуп жок кылынышы зарыл. Малдын саламаттыгын ошол айыл аймактын ветеринары көзөмөлдөп, сүт ичүү сезонунда ай сайын текшерүү жүргүзүшү керек болот", — деди Саткынов.
Ал саан бээлерге дегельминтизация жүргүзүүдө ивермек өңдүү дары саюуга болбой турганын белгилеп (дарынын курамында рак чакыра турган канцерогендик заттар бар), альбен таблеткасы менен дарыласа зыяны болбой турганын эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0