Түнөп, таңда комуз менен гимн аткарган Калык Акиев. "Кыргыз радиосунун" 90 жылдык тарыхы
Түнөп, таңда комуз менен гимн аткарган Калык Акиев. "Кыргыз радиосунун" 90 жылдык тарыхы
Sputnik Кыргызстан
Быйыл "Кыргыз радиосунун" 90 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз маданиятын, көөнөрбөс мурасын, нарк-насилин сактап жүргөн радионун басып... 30.05.2022, Sputnik Кыргызстан
Азыркы Кыргызстандын аймагында өткөн кылымдын 20-жылдары коомдук-саясий процесс тездик менен өнүгүп турган. Бирок ал кабарлар көпчүлүк кыргызстандыктарга жеткен эмес. Жогору жактагылар жергиликтүүлөрдү маалымат менен камсыз кылуу үчүн радио түйүндөрүн орнотуп, радио үнүн алыскы аймактарга чейин жеткирүүнүн алгачкы аракеттерин көргөн. Сырттан радиокабылдагычтар алып келинип, айрым калктуу конуштарга орнотула баштаган. Ошентип эл алгачкы жолу жаңы эле түзүлгөн Кыргыз АССРинин аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбековдун докладын радио түйүн аркылуу уккан. Ал кезде радиокабарчыларды кой, уктурууларды даярдаган мекеме да жок болчу. Көп өтпөй 1931-жылы Республикалык радио комитети түзүлүп, кийинки жылы радио уктуруу боюнча республикалык комитет уюшулуп, "Кыргыз радиосу" обого чыккан.Жаңы түзүлгөн мекемеге Сүйүнтбек Бектурсунов жетекчи болуп, Калык Акиев алгачкылардан болуп 250 сом айлык менен радиого ырчы кызматына алынган.
Быйыл "Кыргыз радиосунун" 90 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз маданиятын, көөнөрбөс мурасын, нарк-насилин сактап жүргөн радионун басып өткөн жолундагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Азыркы Кыргызстандын аймагында өткөн кылымдын 20-жылдары коомдук-саясий процесс тездик менен өнүгүп турган. Бирок ал кабарлар көпчүлүк кыргызстандыктарга жеткен эмес. Жогору жактагылар жергиликтүүлөрдү маалымат менен камсыз кылуу үчүн радио түйүндөрүн орнотуп, радио үнүн алыскы аймактарга чейин жеткирүүнүн алгачкы аракеттерин көргөн. Сырттан радиокабылдагычтар алып келинип, айрым калктуу конуштарга орнотула баштаган. Ошентип эл алгачкы жолу жаңы эле түзүлгөн Кыргыз АССРинин аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбековдун докладын радио түйүн аркылуу уккан. Ал кезде радиокабарчыларды кой, уктурууларды даярдаган мекеме да жок болчу. Көп өтпөй 1931-жылы Республикалык радио комитети түзүлүп, кийинки жылы радио уктуруу боюнча республикалык комитет уюшулуп, "Кыргыз радиосу" обого чыккан.
Жаңы түзүлгөн мекемеге Сүйүнтбек Бектурсунов жетекчи болуп, Калык Акиев алгачкылардан болуп 250 сом айлык менен радиого ырчы кызматына алынган.
Радиопрограммаларды алыскы аймактарга жеткирүү үчүн республика аймагында радиорелейлик станциялар курулган. Сүрөттө Балыкчы шаарындагы "Восточный" станциясы, 1977-жыл.
1930-жылдардын башында республика аймагында радиолоштуруу иштери жигердүү жүргүзүлгөн. Бирок кыйынчылыктар менен коштолгон. Анткени керектүү жабдуу, тетиктер сырттан алып келинген, тилин билген адистер да жокко эсе болгон. 1935-жылдары Кыргызстанда бир нече радио түйүн, 2000ге жакын радиоточка ишке кирген.
Зоотехник Павел Жмуденко радиодо лекция окууда, 1957-жыл
Тажрыйбалуу адистер өз багыты боюнча лекцияларды радиодо окуп турушкан. Анын аркасы менен алыскы аймактагы ветеринарлар, агрономдор жөндөмүн, билимин кеңейткен
Радионун чыгаан дикторлору: Валерий Ровинский, Зарыл Мамбеталиева, Ольга Себастьянова
Ободон айыл чарбасындагы машина, техниканы колдонуу боюнча атайын радиомаектер берилген. Ошондой эле министрлик, мамлекеттик мекемелердин жарыялары да окулган.
Белгилүү композитор Петр Шубин Кыргыз радиосунун биринчи музыкалык редактору болуп эмгектенген
Атактуу композитор эл арасындагы бир топ таланттардын чыгармаларын жаздырган. Ошондой эле улуттук обондорду нотага түшүрүп, аны иштеп чыгып радиого такай берип турган. Андан сырткары, белгилүү ырчы, обончуларды радиого ишке чакырып, иштешкен.
Кандуу жылдарда радиодо иштегендер фронттон акыркы кабарларды угузуп, тылдагыларга дем-күч берген
Улуу Ата Мекендик согуш маалында маалыматтарды ыкчам жеткирүүдө радио чоң роль ойногон. Ал кезде коомдук-саясий уктуруулардын саны көбөйтүлгөн. Москванын эфири берилип, күнүнө 2000дей жаңылык окулган. Айрым маанилүү кабарлар кыргыз тилине которулуп берилген.
Кыргыз эл артисти, радиорежиссер, актер Турсун Уралиев, 1978-жыл
Турсун Уралиев – Саякбай Каралаевди баш кылып, Осмонкул Бөлөбалаев, Алымкул Үсөнбаевдердин үнүн алтын казынага жаздырып калган адам. Ал "Манасты" беш жыл жаздырып, өмүрүнүн 60 жылын радиого арнап 80 жашында ардактуу эс алууга чыккан.
60-жылдары маданий-агартуучулукка, патриоттуулукка өтө чоң көңүл бурулуп, радио көп уктуруу даярдаган. Кичинекей балдарга, жаштарга, кыз-келиндерге арналган атайын программалар обого чыгып турган.
Эмгек жолун радиодон баштап, кийин тележылдызга айланган диктор Жолдубай Кайыпов. 1978-жыл
"Кыргыз радиосу" узак жылдар бою бир топ атактуу дикторлорду тарбиялап өстүргөн. Алардын арасында Абилезим Ниязов, Гүлниса Мамбетова, Капар Алиев, Абакир Бекмурзаев, Жеңиш Ашымов, Маргарита Булатова, Камил Султанбеков, Сатыбалды Жээнбеков, Льюбовь Данильченко, Ася Жийдебаева, Тамара Алсеитова, Гүлшан Молдоева, Генадий Ковалев бар.
Канттагы цемент заводунан кабар жаздырган "Кыргыз радиосунун" кызматкери А. Чекелов. 1965-жыл
"Кыргыз радиосу" 1980-жылы кыргыз, орус, немец, дунган тилдеринде программаларды обого чыгарган. Бир нече редакциядан турган радио акыркы маанилүү жаңылыктарды, радиопьеса, радиоспектакль, концерт жана мамлекеттик жыйындарды берген.
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында радио жаңы форматта иштөөгө өтүп, жаңы программалар ишке кирип, уктуруулар коомдук-саясий, коомдук-экономикалык өзгөрүүлөргө жараша жасалган
Азыр Улуттук телерадио корпорациясында "Биринчи радио", "Кыргыз радиосу", "Миң кыял FM" өз ишин улантууда.